Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

С.Жээнбековдун инаугурациялык аземине 450 конок чакырылды


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда ант берет. Инаугурацияга - президенттин кызматка киришүү аземине 450 конок чакырылды. Айрым атаандаш талапкерлер аземге чакырылбагандыгын айтууда.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн жалпы 450 конок чакырылды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиеванын маалымдашынча, ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталат.

Жаңы президент ошол жерде ант берет. Иш-чаранын сценарийи акыркы жолу шейшембиде уюштуруу комитетинин төрагасы, президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов өткөргөн жыйында макулдашылган.

Жээнбеков ант бергенден кийин ага президенттик күбөлүк тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

- Жаңы президент кызматына киришип жаткан мезгилде шайланганы жөнүндө күбөлүк, төш белги жана Кыргыз Республикасынын президентинин штандарты тапшырылат. Биз атайын күбөлүктүн формасын, тексттерин бекиткенбиз.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева ​"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы аземден кийинки иш-чараларга токтолду:

- Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат. Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына багыт алышат. Ал жерде ардактуу кароолдун ротасы тизилип турган болот. Андан кийин алар мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине киришет. Аземдин негизги бөлүгү ушуну менен бүтөт.

15-октябрда он бир талапкер катышкан президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков атаандаштарын 54 пайыз менен уткан. Шайлоодогу жалгыз талапкер айым Токтайым Үмөталиева кызматка киришүү аземи жаңы президенттин кийинки кадамдарын аныктайт деген ойдо.

- Жээнбековдун президент катары жеке ой-пикири барбы же жокпу ушул күнү билинет. Инаугурация анын биринчи белгиси, - деген Үмөталиева шайлоодогу атаандашы аны ант берүү аземине чакырбаганын белгиледи.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

Шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековго атаандаш болгон дагы бир талапкер Улукбек Кочкоров жаңы президент бардык күчтөрдү бириктире аларын ишара кылышы керек болчу деген ойдо. Анын оюнча атаандаштарын чакыруу менен жаңы президент саясий маданияттын үлгүсүн көрсөтмөк.

- Мен президент, мамлекет башчы, журт башы болом десе, албетте, бардык күчтөрдү консолидация кылганга даяр жана эрки бар адам болушу керек. Мага чакыруу келген жок. Анан башка атаандаштарыма келген-келбегенин билбейм.​

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш саналып, 33 пайыздай добуш алган талапкер, “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Бабанов депутат катары чакырылгандардын тизмесинде бар.

Бабанов учурда чет өлкөдө экени, ага Кыргызстанда иш козголгону маалым. Ал эми шайлоодо 100 миңдей добуш алган Адахан Мадумаров Орусияда мигранттар менен жолугушууларды өткөрүп жүргөнү белгилүү болду.

- Мен чакыруу күткөн да жокмун. Чакыруу келбейт дагы. Чакырган кезде деле менин ал жерге бара турган оюм жок. Эгер мен болсом ким экендигине карабай баарын чакырмакмын. Себеби президент - ал бир топтун же бир саясий партиянын президенти эмес, бүтүндөй мамлекеттин президенти болгондугун далилдеш үчүн баарын чакыруусу керек. Бирок бизде саясий маданият андай деңгээлге жетише элек.

Шайлоодо С.Жээнбековго атаандаш болгон башка талапкерлер ант берүү аземине чакырылганы же чакырылбаганы азырынча белгисиз.

Ант берүү салтанаты коомдук телеканал аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Кызматка киришүү аземине байланыштуу Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат.

Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Ал эми чет өлкөдөн коноктор чакырылбай турганы буга чейин маалым болгон.

Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков буларга токтолду:

- Ант берүү конституциялык маараке болгондуктан ал өзүнүн каада-салты менен өтүшү керек. Башка өлкөдөн коноктор чакырылбаганы боюнча айтсак, азыр ушундай тажрыйба болуп жатыптыр. Мисалы, Өзбекстандын президенти парламентте гана инаугурация кылып койду. Башка мамлекеттердин деле президенттери ант берүү аземдерин дипломатиялык корпустун катышуусунда гана өткөрүп жатканын мен туура деп эсептейм. Инаугурацияга жумшалган каражатты актуалдуу маселе кылуунун өзү туура эмес. Эгер карап көрсөк, мурдагы президенттердин ант берүү аземине жумшалган акча мындан да көп болгон.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев он беш жылдык башкаруусунан кийин элдин нааразылыгынан улам 2005-жылы өлкөдөн үй-бүлөсүн алып, качып кеткен. Андан кийин мамлекет башына келген Курманбек Бакиевдин бийлиги 2010-жылы апрелде кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон. Учурда Аскар Акаев Орусияда, Курманбек Бакиев Беларуста саясий башпаана таап, бозгунда жүрөт. Алар Кыргызстанга кайтса, айрым коррупциялык ж.б. доолор боюнча сот алдында жооп берүүсү күтүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG