Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 07:21

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн Жээнбековдун маалымат кызматы кабарлады.

Назарбаевдин куттуктоо катында "Салттуу бир туугандык жана кызматташтык мамилелерибизди өнүктүрүш үчүн биргелешкен ишибизди улантабыз деп ишенем. Ишиңиз ийгиликтүү, күч-кубатыңыз соолугус болсун" деп айтылат.

15-октябрдагы президенттик шайлоону уткан Сооронбай Жээнбеков кечээ 59га чыкты.

8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички ишине кийлигип жатат" деп сындаган. 10-ноябрдан бери чек арадан казак тарапка өтүү кыйын болууда. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG