Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 11:59

Сарым: Казакстан Жээнбековдун дипломатиясын күтөт


Саясат талдоочу Айдос Сарым.

24-ноябрда ант берип, президенттик кызматка киришкен Сооронбай Жээнбековдон Казакстан кандай кадамдарды күтүп жатат? Ал сууп кеткен алакалардын жөнгө салынышына канчалык кызыкчылыгы бар? Казакстандык саясат талдоочу Айдос Сарым "Азаттыкка" маек курду.

- Айдос мырза, мына, Кыргызстанда президент экинчи ирет демократиялуу жол менен алмашып отурат. Бул кантсе да чейрек кылым ичинде Борбор Азиянын ичинен адегенде Кыргызстанда болуп жатат. Казакстандыктар муну кандай кабыл алууда?

- Ар түрдүү. Кыргызстандагы жагдайга мурда тек гана революция болуп жатканда кызыгат элек. Азыр эми Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн кийин казакстандыктар катуу көңүл буруп аткандай. Анткени интернет сайттарда иштеген тааныштарымдын айтымында, соңку эки-үч айдын ичинде кыргыз сайттарына кирген казакстандыктар көбөйдү. Бул эми жагдайга жараша болсо керек.

Ал эми чет элдик "Фридом Хаус" сыяктуу чоң уюмдар "Кыргызстан демократия эмес, консолидацияланган автократияда" деген баа берип жатышат. "Кыргызстандагы саясий процесстер керемет болду, Казакстанга таасир этет" дегенге ишене бербейм. Анткени жагдай али бекип, аныкталып бүткөн жок. Эгер парламенттик башкарууга оой турган болсо, дагы да бир-эки шайлоо өтүшү керек. Ошондо белгилүү бир маданият калыптанса гана демократия бар же жок деп айтууга болот чыгар.

Менин түшүнүгүмдө Алмазбек Атамбаев бийликтен кетип жаткан жок. Ал бийликте калгысы келип атат. Бирок процедураны сактап жатышы Мексиканын жолуна көбүрөөк окшойт. Мексикада Институциялык-революциялык партия 70-80 жыл бою башкарып келатат. Алар да чоң бир диктатордон кийин Конституциясына өзгөртүү киргизип, президентти бир жолу алты жылга шайлай турган болушкан. Ал эми президенттин ким болорун, кандай шайланарын ошол партиянын жетекчилери, белгилүү бир топ башкарат. Менин түшүнүгүмдө, Казакстанда бир адам бийлеген авторитардык бийлик болсо, силерде партиялык авторитаризм болчудай.

- Бирок кантсе да Кыргызстанда курч атаандаштык негизде шайлоо өтпөдүбү. Бул дагы маани бере турган көрсөткүч эмеспи?

- Шайлоо - бул процедура. Бирок азыр Атамбаевге каршы сөз айта ала турган азаматтар түрмөдө отурбайбы. Текебаевдерди айтам. Ал эми келечекте Атамбаевге каршы сөз айтып, күрөшө ала турган азаматтар чет элде жүрөт. Ушундан кийин адил шайлоо болду деп айтууга болобу? Президенттин өзү шайлоого тикелей аралашып, үгүт жүргүзүп, өзү колдогон адамдын атаандашын “шестерка” деп мазактап, анын арты менен казакофобия жаратканы менин оюмча демократия эмес.

- Кантсе да шайлоонун жыйынтыгы чыгып, бир-эки талапкерден башкасы аны тааныды. Бүгүн Жээнбековдун инаугурациясы өттү. Казакстан тарапта ал кишиден кандай кадамдарды күтүп жатасыздар?

- Тышкы саясат - ички саясаттагы жагдайдын жыйынтыгы. Элде кандай философия, карым-катнаштар бар – ошонун чагылышы эмеспи, жөнөкөй айтканда. Ошондон улам мен Жээнбековдон бир гана нерсени күтөр элем. Ал - "Атамбаевдин айтканынан чыга албаган саясатчыбы же андан өз алдынчабы?" деген суроого жооп издеп турган чагыбыз.

Бирок жаңы жетекчинин шайланышы менен эле маселе чечилбейт. Аткезчилик, фитосанитардык жана башка маселелерди Кыргызстан жөнгө салбаса товарларын мурдагыдай Казакстанга алып кире албайт. Казакстан баары бир аны талап кылып тура берет. Бирок ал жолду жеңилдете ала турган нерсе - эки жактын сүйлөшүүлөрү, жаңы графиктер, жаңы келишимдер. Ал эми азыркыдай карым-катнаш жалгаша берсе, анда товардын чек арадан өтүшү жана башка маселелер кыйындай берет, кыйындай берет. Андан карапайым калк эле жапа чегет.

- Албетте, бул тез арада чечүүнү талап кылган маселе болуп турат. Ал үчүн биринчи кадам керек. Сиз ошол кадам үчүн кандай жүйө, шылтоо көрүп турасыз?

- Менимче, бир-эки жуманын ичинде, Орусияга барбастан Жээнбеков Казакстанга бейрасмий келип кетсе болот эле. Ошондо балким президент менен жолуккан учурда “кийин атайын расмий сапар менен келейин деп атам, сиз Борбор Азиядагы президенттердин аксакалысыз, 1-декабрь Казакстанда чоң майрам, президент күнү, ошону менен куттуктаганы келдим, Кыргызстан кандай болгондо да Казакстан менен карым-катнаш орнотууга ынтызар” дегендей карапайым гана сөздөрдү айтса, буга чейинки Атамбаевдин сөздөрүн жокко чыгарууга жол ачмак. Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзө аларын да көрсөтөт эле.

7-ноябрь, 2014-жыл
7-ноябрь, 2014-жыл

Негизи бизде деле жагдай ушундай. Орусия менен жети миң чакырым чек ара тилкебиз бар. Товарыбыздын басымдуу көпчүлүгү ошол өлкө аркылуу эл аралык базарга чыгат. Назарбаевдин Орусияга тез-тез катташы жакшы көргөндүктөн эмес, амалсыздыктан. Башкача айтканда, рационалдуу, прагматикалык саясат керек дегендей. Мындан алганда баары менен келишкенге аргасызбыз. Путинби, Медведевби, эртең Ксения Собчак келип калабы, баары бир. Менимче ушундай рационалдуу саясат Кыргызстандын саясатчыларына, коомдук пикирине жайылышы керек го.

Ал эми "биз казактан көөнө калкпыз, тарыхыбыз керемет экен" деген эмоциялар менен жүрө берсек, али да маселелер чечилбей кала береби дейм. Ал айланып келип эч кимге пайда алып келбейт.

- Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG