Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Атамбаев: Жээнбековго ишенем, туура эмес жолго түшсө өз шору


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго ишенет жана аны бийликке келгенден кийин бир туугандары өзгөртпөйт деп ойлойт. Бул тууралуу Атамбаев ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктап жаткан басма сөз жыйынында билдирди.

"Бийликке келгендер "ажыдаарга" айланбашы үчүн эмне керек?" деген суроого жооп берип ал "мындай жолго түшкөндөр элден чыгып калат" деп эскертти:

- Мен Соке досума мындай жолго түшкөн адам элден чыгарын айттым. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери мени эч качан саткан жок. Айрымдар "аны бир туугандары өзгөртөт" деп айтып жатышат. Алар саясатта мурда деле жүргөн. Эгер туура эмес жолго кетсе, өзүнүн шору болот, - деди Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев алты жылдык иштен кийин 24-ноябрда кызматын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берет. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG