Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Жээнбеков калың убада менен кызматка киришти


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда президенттик кызматка киришти.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы “Ала-Арча” резиденциясынын “Энесай” залында инаугурациянын эрежелерине ылайык өттү.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Соңунан Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик туунун, Конституциянын жана катышуучулардын алдында президенттик антын берди:

- Мен, Жээнбеков Сооронбай Шарипович, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып, кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин.

Сооронбай Жээнбеков президент катары алгачкы сөзүндө улут аралык ынтымакты ширетип, улутчулдук, трайбализм жана тууганчылдыкка каршы турарын айтты.

Жээнбеков: Башкарууда трайбализмге жол бербейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00

Жаңы шайланган мамлекет башчы тышкы саясатта Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы биринчи орунда турарын, ал эми Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон каларын, ошол эле учурда кошуна өлкөлөр менен достук, тууганчылык алакалар улана берерин айтты. Парламенттик түзүлүштү колдой турганын билдирди:

- Мен парламентаризмди колдойм! Президент катары Конституцияда аныкталган милдеттеримди так аткарам, эл менен бийликтин биримдигин камсыз кылам.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш башкаруу саясатынын артыкчылыктуу багыты болорун баса белгиледи:

- Бийлик таза болмоюн, өлкө өнүкпөйт. Коррупция менен аёосуз күрөш башталып, коомубуздун тазаланышына шарт түзүлдү. Жетекчи болом дегендер өзү таза болсун! Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин президенттик мөөнөтүмдүн эң артыкчылыктуу багыты. Бул күрөштүн башкы маңызы – мыйзам алдында бардыгы бирдей болот.

Биринчи жарлык Атамбаевге арналат

Сооронбай Жээнбеков кызматын өткөрүп берип жаткан президент Алмазбек Атамбаевге "жаңы саясий маданиятты калыптандырып берди" деп ыраазычылык билдирип, ага "Кыргыз эл баатыры" деген мамлекеттик наамды алгачкы жардыгы менен ыйгарууга убада кылды.

Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков
Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент статусунда сөз сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев жаңы президенттүү болуп жаткан Кыргызстанга ак жол каалап, үмүтү акталбай калгандардан кечирим сурады, эл алдында жер каратпаганы үчүн өз үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.

Атамбаев бийликти өткөрүп алып жаткан Сооронбай Жээнбековду бүгүнкү турмуш үчүн өз канын, жанын аябаган инсандарды унутпоого чакырып, бата берди:

- Жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балаасынан сакта, душмандын жалаасынан сакта! Дос көрүнүп, кас болгондон сакта, жанында жүрүп, өч болгондон сакта! Соке досум, берекет жаныңан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин. Жорткондо жолуң шыдыр болсун, жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун. Жараткан ар дайым сени колдосун, аман бол, Соке досум! Оомийин!

Атамбаев: Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:21 0:00

Отунбаева келбеди

Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүү аземине экс-президент Роза Отунбаева катышкан жок. Экс-президентке чакыруу жөнөтүлгөн-жөнөтүлбөгөнүн Роза Отунбаеванын өзүнөн да, президенттик аппараттан да тактоо азырынча мүмкүн боло элек.

Инаугурацияга катышкан депутаттардын бири Садык Шер-Нияз Отунбаеванын чакырылбай калышын мамлекеттик кызыкчылыктан бийликтегилердин жеке дымагы өйдө чыгып кеткени катары сыпаттады:

- Бул, албетте, өкүнүчтүү! Роза Исаковна Отунбаева өз ишин ошол өткөөл мезгилде эң сонун аткарып, президенттиктин жакшы үлгүсүн көрсөткөн. Ал кишинин аты тарыхта калат. Мен дагы ал кишинин катышпай отурганын өкүнүү менен кабыл алдым.

Садык Шер-Нияз: Отунбаева инаугурацияга катышса болмок
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

2011-жылы президент Роза Отунбаева кийинки президент Алмазбек Атамбаевге кызматын өткөрүп берип жатып, бийликти тынч жол аркылуу алмашууну жаңы саясий салт катары баалаган болчу:

- Ушул тапта президенттик бийликти тынчтык жолу менен ачык жана демократиялык мүнөздө өткөн жалпы элдин шайлоонун жыйынтыгына ылайык өткөрүп берүүнүн жаңы наркын калыптандырып, жаңы саясий маданиятка жол салдык.

Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматты өткөрүп алып жаткан 24-ноябрдагы инаугурацияда "эгемен Кыргызстандын тарыхында бийлик биринчи жолу колдон колго ыктыярдуу өтүп жатат" деп белгиледи.

Кыргызстандын мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. 7-апрель, 2015-жыл.
Кыргызстандын мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. 7-апрель, 2015-жыл.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өткөн. 30-октябрда жарыяланган расмий жыйынтыкка ылайык Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,22% пайыз добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президенттик бийлик тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG