Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:27

Крис Риклтон: бийлик Кыргызстанда жашоого уруксат берет деп үмүттөнөм


Крис Риклтон.

Кыргызстандан депортацияланган “Франс-Пресс” агенттигинин кабарчысы, британиялык журналист Крис Риклтон учурда Дубайда экенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал өзүнүн жубайы менен кызы Кыргызстандын жарандары экенин, өкмөт анын өлкөдө жашоосуна жана иштешине уруксат берет деген үмүттө турганын кошумчалады. Журналист бийликтин чечимин Дубайда күтөрүн айтты.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. УКМК "Крис Риклтон Кыргызстанга буга чейин виза режимин бузганы үчүн киргизилген эмес" деп билдирген.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде да окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери “Франс-Пресс” агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын чагылдырган. (NT)

XS
SM
MD
LG