Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

Трамптын чечими көчө жүрүштөрү менен коштолду


Тунистеги нааразылык акциясы. 7-декабрь, 2017-жыл.
Тунистеги нааразылык акциясы. 7-декабрь, 2017-жыл.

Иерусалим шаарын Израилдин борбору катары тааныган АКШ президенти Дональд Трамптын чечимин дүйнө сын менен кабыл алды.

Жалгыз гана Израил кубаттаган чечимди АКШнын Европа менен араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрү айыптап, ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн татаалдаштырарына көңүл бурушту.

АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин борбору деп таануу жөнүндө жарыясына маалымат агенттиктер кабарлагандай, Палестин автономиясынын Газа секторунда, Иордандын Батыш жээгинде, Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Иорданияда, Тунисте, Пакистандын Пешевар шаарынын тургундары ачууланды, диний топтордун нааразылык акциялары, демонстрациялары өттү.

Газа сектору менен Иордандын Батыш жээгинде палестиндер Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларга да барышты.

Палестинанын Кызыл жарым ай коомунун маалыматына караганда, Иордандын Батыш жээгиндеги кагылыштардан ондогон киши жеңил жаракат алган. Бул уюм кеминде алты адам желим октон, бир адам чыныгы октон жарадар болгонун да билдирүүдө.

Бирок Израил армиясы чыныгы ок колдонулду деген маалыматтарды төгүндөдү.

Палестиндер Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Ага чейин Палестинадан автономия президенти Махмуд Аббас Трамптын чечимин "уят" иш катары баалап, Кошмо Штаттар мындан ары тынчтык жараянга ортомчу боло албай тургандыгын айтып чыккан:

- Биз четке кагып, баш тарта турган бул чаралар тынчтыкка жетүү боюнча аракеттердин баарына жолтоо кылат. АКШ тынчтык жараянында буга чейин аткарып келген көзөмөлдөөчүнүн ролунан кеткенин көргөзөт, - деди Палестинанын жетекчиси.

Махмуд Аббас Палестинанын жетекчилиги менен тайпалары өз ара жыйын өткөрүшкөн соң Трамптын кадамына расмий жооп берерин кошумчалады.

Аббастын айтымында, мындай кадамдар Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды “диний согушка" айлантууну көздөгөн экстремисттик топторго гана кызмат кылат”.

Палестиндердин исламчыл "Хамас" кыймылы болсо өз тарапташтарын Израилге каршы жаңы интифадага (көтөрүлүш) үндөп, мусулмандарды 8-декабрды "кыжырдануу күнүнө" айлантууга чакырды.

Ал эми Израилден премьер-министр Биньямин Нетаньяху Трамптын жарыясын “тарыхый күн”, “чечкиндүү жана адилеттүү кадам” деп сыпаттап, буларга токтолду:

- Президенттин чечими - тынчтыкты карай ташталган маанилүү кадам. Мен мамлекеттердин баарын тынчтыкты көздөп, АКШга кошулууга, Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, элчиликтерин ушул жерге көчүрүүгө үндөйм.

Израил - азырынча АКШ президентинин Иерусалим боюнча жарыясын кубаттаган жалгыз өлкө. Вашингтондун Евробиримдик менен араб дүйнөсүндөгү башкы өнөктөштөрү чечимди айыпташты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин сегиз мүчөсү, анын ичинде АКШнын өнөктөштөрү болгон Британия, Франция, Египет, Италия, Швеция 8-декабрга чукул жыйын чакырууда.

- Бул өкүнүчтүү чечим, ал эл аралык укукка жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин бардык резолюцияларына каршы келет, - деди Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Германиянын тышкы иштер министри Габриэл Сигмар жергиликтүү ARD телеканалы менен болгон маегинде Трамптын билдирүүсүн “отко май чачууга” салыштырып, бул “Израил менен палестиндердин ортосундагы жаңжалдын кайрадан курчушуна” алып барарын белгиледи.

АКШнын араб дүйнөсүндөгү эң башкы өнөктөшү катары эсептелген Сауд Арабия Трамптын кадамын “жоопкерчиликсиз” деп баалап, ал “тынчтык жараянын илгерилетүү аракеттерин кыйла артка тартарына” көңүл бурду.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш Израил-Палестина жаңжалын жөнгө салууда эки мамлекет тууралуу чечимге эч кандай альтернатива жоктугун билдирди.

Палестин автономиясынын башкы сүйлөшүүчүсу Саеб Эрекат АКШ президентинин жарыясынан кийин эки мамлекет тууралуу чечим талкаланды деген ойдо турат.

Рамалладагы палестин активисттери Трамптын сүрөтүн өрттөгөнү жатышат. 6-декабрь, 2017-жыл
Рамалладагы палестин активисттери Трамптын сүрөтүн өрттөгөнү жатышат. 6-декабрь, 2017-жыл

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ичинен Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак, Индонезиянын президенти Йоко Видодо да Трамптын Иерусалим боюнча чечимин айыптап, четке кагышты.

Ал арада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 13-декабрга Стамбул шаарына мусулман мамлекеттеринин башчыларын Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул саммитине чакырды.

Анкарада АКШнын элчилиги жанындагы демонстрация. 7-декабрь, 2017-жыл.
Анкарада АКШнын элчилиги жанындагы демонстрация. 7-декабрь, 2017-жыл.

Трамптын жүйөсү

АКШнын президенти Дональд Трамп 6-декабрда Ак үйдөн жасаган атайын билдирүүсүндө анын жарыясы Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжалга жаңыча мамиле болорун белгилеп, чечимин төмөнкүчө негиздеген:

- Мен Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турган мезгил жетти деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү чоң убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келген. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам. Мен бул багыттагы аракеттер Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына эң жакшы жооп берет жана бул Израил менен Палестина ортосундагы тынчтыкка умтулуу деген бүтүмгө келдим.

Президент Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялады.

Ошондой эле АКШ президенти анын чечими Израил менен Палестинанын “бекем тынчтык келишимин тездетүү боюнча" Вашингтондун милдеттенмесинен качуу эмес экенин, эки тарапка тең алгылыктуу тынчтык келишимине жетүү үчүн колдон келишинче аракет кыларын билдирди.

АКШ Конгресси өлкөнүн элчилигин Иерусалим шаарына көчүрүп, бул шаарды Израилдин борбору катары таанууга жол ачкан мыйзамды 1995-жылы эле кабыл алган. Бирок андан бери АКШ президенттери бул мыйзамдын аткарылышын алты ай сайын улам атайын документке кол коюу менен кийинкиге калтырып келишкен.

Иерусалимди толугу менен өзүнүн борбору катары санаган Израилди эми президент Трамптын колдоп жатканы - АКШнын көптөн берки саясатынын кайра каралышы. Буга чейинки саясатка ылайык, Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек эле.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси. Палестиндер Иерусалимдин чыгышын өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы кыска согушта ээлеп алган Израил болсо мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары бар шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган.

Өлкөнүн мамлекеттик институттарынын баарынын кеңселери да ушул шаарда орун-очок алган.

Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес жана дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG