Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныды


АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу 6-декабрда жарыялады.

Трамптын жарыясы Израил жана Палестина ортосундагы жаңжалга карата жаңыча мамиле экенин белгилеген АКШ президенти төмөнкүлөргө токтолду:

- Мен Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турган убакыт келди деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү ири убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам. Мен бул багыттагы аракеттер Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына эң жакшы жооп берет жана Израил менен Палестина ортосундагы тынчтыкка умтулуу деген бүтүмгө келдим.

Президент Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялады.

Ошондой эле анын чечими АКШнын Израил менен Палестина ортосундагы “бекем тынчтык келишимди тездетүү боюнча милдеттенмесинен” чегинүүсү эместигин, эки тарапка тең кабыл алынарлык тынчтык келишимге жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын билдирди.

АКШ Конгресси америкалык элчиликти Иерусалим шаарына көчүрүп, бул шаарды Израилдин борбору катары таанууга жол ачкан мыйзамды 1995-жылы эле кабыл алган. Бирок андан бери америкалык президенттер бул мыйзамдын аткарылуусун алты ай сайын улам атайын документке кол коюу менен кийинкиге калтырып келишет.

Эми президент Трамптын Иерусалимдин толугу менен өзүнүн борбору катары санаган Израилдин турумун колдошу - АКШнын узактан берки саясатынын кайра каралышы.

Буга чейинки саясатка ылайык, Иерусалимдин макамы Израил жана Палестина ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек эле.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын жарыясын “тарыхый” деп атап, башка мамлекеттерди да АКШнын жолун жолдоого үндөдү. Бирок Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамптын кадамын “өкүнүчтүү” десе, Түркиянын тышкы иштер министрлиги “жоопкерчиликсиз” деп айыптады.

Мурдараак Палестина жана араб лидерлери, АКШнын айрым чечүүчү өнөктөштөрү да Трампка анын кадамынан бүткүл Жакынкы Чыгышта кыянатчылыктар жаралышы мүмкүндүгүн жана тынчтык жараяны кыйындай турганын эскертишкен. Маселен, британ премьер-министри Тереза Мэй 6-декабрда парламентте Британиянын туруму өзгөрбөгөнүн, Иерусалимдин макамын Израил-Палестина сүйлөшүп чечүүсү керектигин белгиледи.

Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш каршы экенин анын басма сөз өкүлү маалымдады.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Трамптын күтүлүп жаткан чечимине каршылык билдирип, 13-декабрга Ислам кызматташтыгы уюмунун атайын саммитин чакырган.

Ирандын президенти Хасан Роухани Трамптын планын “туура эмес, мыйзамсыз, чагымчыл, өтө опурталдуу” деп атап, “мусулмандар бул ири кутумга биримдикте каршы турушу керектигин” айткан.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рдене Иерусалимдин Израилдин борбору катары таанылышы алар үчүн “кабыл алынгыстыгын”, бул “тынчтык жараянды татаалдантып, ага тоскоолдук жаратарына” токтолгон.

АКШны Иерусалимдин макамын өзгөртүү боюнча чара көрбөөгө Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси да чакырган. Мындай чакырык ал-Сиси менен Трамптын телефон сүйлөшүүсү учурунда жасалганын египет тарап кабарлады.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң сезимтал маселеси.

Палестиндер Иерусалимди алардын болчоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, мусулмандар, христиандар, жөөттөрдүн да ыйык жайлары бар шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган. Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тель-Авивде жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG