Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

АКШга алты өлкөнүн жарандары кире албайт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын Жогорку соту көбүнчө мусулмандар жашаган алты өлкөнүн жарандарын АКШга киргизүүгө тыюу салган президент Дональд Трамптын жарлыгы толук күчкө киришин колдоду.

АКШнын Жогорку сотунун ушул дүйшөмбүдөгү бүтүмү азырынча эң акыркы чечим эмес. Анткени президент Трамптын жарлыгына каршы берилген доо арыздар азырынча федералдык соттордо каралып жатат. Андыктан жарлыктын мыйзамдуулугу боюнча чечимдер мындан кийин да чыгат. Бирок 4-декабрда АКШнын Жогорку сотунун тогуз мүчөсүнүн жетөө колдогон токтом аркылуу администрациянын өтүнүчү канааттандырылды. Башкача айтканда президенттин жарлыгын аткарууга төмөнкү инстанциядагы соттор буга чейин койгон жарым-жартылай чектөөлөр жоюлду.

Администрациянын адвокаттары сот чечимин жарлыктын Конституцияга шайкештиги боюнча доо арыздарга карабай, ал акыр аягында Жогорку сотто жактырылышы мүмкүндүгүнүн ишарасы катары сыпатташты.

Трамптын демилгесине каршы өткөн нааразылык акциялардын бири
Трамптын демилгесине каршы өткөн нааразылык акциялардын бири

Соттун чечимин кубаттаган Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидлинин айтымында, президенттин “терроризм коркунучу күч алган” өлкөлөрдөн иммиграцияны чектөө боюнча жарлыгы дароо күчүнө киришине уруксат берген чечим алар үчүн “күтүүсүз” болгон жок. Ал эми башкы прокурор Жефф Сешнс Жогорку соттун чечимин “Америка элинин сактыгы жана коопсуздугу үчүн олуттуу жеңиш” деп баалады.

Президент Дональд Трамп иммиграцияны чектөө боюнча жарлыкка алгач быйыл январда кол койгондо эле анын максаты АКШга “террорчулардын келишине бөгөт коюу” экенин айткан:

- Бул - Кошмо Штаттарды өлкөгө келип жаткан чет элдик террорчулардан коргоо. Ал эмне экенин биз баарыбыз билебиз.

Трамп президенттик кызматына киришкенден бери иммиграция боюнча жарлыкты үч жолу чыгарды.

Иллюстрация
Иллюстрация

Жети мусулман өлкөнүн жарандарынын 90 күнгө АКШга киришине тыюу салган алгачкы жарлык нааразылык акцияларын пайда кылып, бир катар штаттарда сотко доо арыздар берилген.

Жарлыктын март айындагы кийинки версиясында "кара тизмеден" Ирак, ошондой эле АКШда туруктуу жашоого укук берген грин-карты жана кош жарандыгы бар адамдар чыгарылган.

Быйыл июнда Жогорку сот бул жарлыктын АКШга 120 күнгө качкындардын келишине тыюу салган жобосун колдонууга да уруксат берген эле. Ал эми жарлыктын сентябрдагы үчүнчү версиясында Кошмо Штаттарга кире албай тургандардын арасына Түндүк Кореянын жарандары менен Венесуэланын кызмат адамдары да кошулган. Төмөнкү инстанциядагы соттор жарлыктын бул жобону аткарууга буга чейин эле уруксат беришкен.

Жогорку сот эми 4-декабрда толук аткарууга жол берген жарлыкка ылайык АКШга эми Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен жана Чад өлкөсүнүн жарандары Кошмо Штаттарда үй-бүлө мүчөлөрү болгон күндө да бул мамлекетке кире албайт.

Америкалык уюмдар, мисалы университеттер менен расмий байланышта болушу да бул өлкөлөрдүн жарандарынын виза алышына кепилдик бербейт. Бирок Мамлекеттик департаменттин ар бир учурду өзүнчө карап, кандайдыр бир артыкчылыктарды жасоого али мүмкүнчүлүгү бар.

Президент Трамптын бул саясатына каршы чыккандар ал негизинен мусулмандарды бутага алганын сындап келишет. Маселен, АКШнын Жарандык эркиндик боюнча союзу жана Гавай штаты жардык мусулмандарды дискриминациялай турганын, бул АКШнын Баш мыйзамына каршы экенин жүйө келтирип, сотко доо арыз жөнөтүшкөн.

Жогорку сот колдогон жарлыктын толук күчүнө киришинен улам, "Ассошейтед пресс" агенттигинин жазганына караганда, АКШнын аэропортторунда быйыл январдагыдай башаламандык болбойт деп күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG