Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

АКШ: Трамп иммиграциялык жаңы жарлыгын чыгарды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда Жогорку сот президент Дональд Трамптын иммиграциялык мурдагы жардыгына каршы берилген доо арызды четке кагышы мүмкүн.

Өлкөнүн эң жогорку соттук инстанциясынын мындай ишарасы жарандары Кошмо штаттарга келүүсүнө убактылуу тыюу салынган мамлекеттердин тизмеси дагы экиге көбөйгөн учурга туш келди.

Президент Дональд Трамптын алты мусулман өлкөсүнүн жарандарынын жана качкындардын АКШга келишине убактылуу тыюу салган жарлыгына каршы Жогорку Сотко доо арыз жолдогондор, эң башкысы, бул чечимдин Конституцияга шайкештигин териштирүүнү көздөшкөн.

Буга байланыштуу алгачкы соттук угуу 10-октябрда башталуусу керек эле. Бирок АКШ Жогорку Соту 25-сентябрдагы чечими менен бул угууну токтотуп койду жана мөөнөт да белгиленген жок. Жогорку Соттун акыркы чечимине президент Трамп жаңы жардыгында АКШга кирүү боюнча чектөөлөрдү өзгөрткөнү түрткү берген.

Мындан улам Жогорку Сот алдыдагы жараянга тиешеси бар тараптардан баштапкы жардыкка каршы берилген доо арызды кийинки окуялар өзгөртүп жибергендиктен ал четке кагылуусу керекпи же жокпу деген маселе боюнча көз караштарын жазууну өтүндү.

Иран, Ливия, Сирия, Судан, Сомали жана Йемен камтылган жарлыктын мөөнөтү 24-сентябрда бүттү. Бирок, бул датага тушташ президент Трамп жаңы жарлыкка кол койду.

Эми 18-октябрдан күчүнө кирүүчү ал жардыкта кара тизмеден Судан чыгарылды. Бирок тизме өзү мурдагыдан кеңейтилди. Ага ылайык, эми АКШга Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йеменге кошо Чад, Венесуэла жана Түндүк Корея жарандарынын келишине тыюу салынат. Ирак кара тизмеге кошулган эмес, бирок анын жарандары күчөтүлгөн текшерүүдөн өтмөкчү.

АКШга каршы демонcтрацияга катышкан аял. Тегеран, 22-сентябрь, 2017-жыл
АКШга каршы демонcтрацияга катышкан аял. Тегеран, 22-сентябрь, 2017-жыл

Администрация мындай чектөө жана тыюу өлкөнүн улуттук коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экендиги менен түшүндүрүүдө. Президент Трамп өзү акыркы жардыгын Твиттер социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу “Американы коопсуз кылуу - биринчи приоритетим. Коопсуз экенине ишене албагандарды биз өлкөбүздө кабыл албайбыз”, - деп комментарийледи.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф Трамптын жаңы жардыгын Твиттер баракчасы аркылуу сынга алып, муну ирандыктарды мурдагыдан да көбүрөөк “кордоо” деп чечмеледи.

Сын ошондой эле Кошмо Штаттардын өз ичинен да айтылды:

- Биз мусулмандарга үчүнчү ирет чектөө - биринчисинен эч айырмаланбайт деп эсептейбиз. Бул мусулмандарга мыйзамсыз, америкалык эмес тыюу салуу. Президент аны коомду жана сотторду алдоо үчүн өзгөрттү. Бирок биз жаңы тыюуга да чакырык таштайбыз. Себеби, бул мурдагы эле уулуу дарактын, ак расаны калгандардан бийик койгон уулуу дарактын, башкаларга карата фанатизмдин жемиши, - деди Вашингтондогу басма сөз жыйында Америка-Ислам кеңеши деген бейөкмөт уюмдун аткаруучу директору Нихад Ауад.

Эң башында жети мусулман өлкөнүн жарандарынын, анын ичинде сириялык качкындардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салган алгачкы жардыкка президент Трамп кызматка киришкенден көп өтпөй, 27-январда кол койгон эле. Анын арты нааразылык акциялар менен коштолуп, бул жардыктын аткарылышына соттор да тосмо койгон.

Трамптын иммиграциялык буйругуна каршы өткөн демонстрация учурунда тартылган сүрөт.
Трамптын иммиграциялык буйругуна каршы өткөн демонстрация учурунда тартылган сүрөт.

Бул юридикалык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн 6-мартта президент Трамп жарлыктын кайра каралган вариантына кол койгон.

Бирок бул жарлык да соттордо талашка түшүп, Жогорку Сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимдери аткарылуусун чектеген соң ал быйыл июнь айынын соңунан тарта гана күчүнө кирген.

Эми иммиграция боюнча 18-октябрдан тарта күчүнө кирүүчү жаңы жарлыктын сынчылары да андагы чектөөгө Түндүк Корея, Венесуэла өңдүү мамлекеттердин кошулушу символикалык гана мүнөзгө ээ экендигин жана тыюу салуу мусулмандарга гана багытталган деген түшүнүктөрдү жокко чыгарууну көздөрүнө көңүл бурушууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG