Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Трамптын жаңы буйругу кайрадан талашта


Дональд Трамп, Теннесси штаты, 15-март, 2017-жыл.
Дональд Трамп, Теннесси штаты, 15-март, 2017-жыл.

АКШда дагы бир федералдык судья президент Дональд Трамптын жаңы иммиграциялык буйругун токтотуу чечимин чыгарды.

Президент Дональд Трамп Американын коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептеген жаңы иммиграциялык чектөө кайрадан федералдык судьялардын колдоосуна ээ боло алган жок.

15-мартта Гавайидеги федералдык судья Деррик Уотсон, 16-мартта Мэриленддин судьясы Теодор Чанг Конституцияга туура келбейт деген негиз менен президенттин буйругун убактылуу токтотуп коюшту. Натыйжада жаңы иммиграциялык жобо мурда айтылгандай 16-мартта ишке кирбей калды.

Бул президенттин жактоочулары жана Ак үй үчүн жагымсыз кабар болду. Трамп шаршемби күнү Теннессидеги жыйында Гавайидеги судьяны укуктарынан аша чапты деп сындады. Президент буйруктун үзгүлтүккө учурашы “бизди алсыз көрсөтүп жатат” деп айтып, юридикалык жактан күрөшүүгө убада берди:

“Биз бул начар өкүмгө каршы күрөшөбүз. Бул маселени канчалык алыска болсо да алып барабыз. Анын ичинде Жогору Сотко чейин жеткиребиз”.

Президенттин иммиграциялык буйругуна каршы нааразылык акциясы, Миннесота, 31-январь 2017-жыл.
Президенттин иммиграциялык буйругуна каршы нааразылык акциясы, Миннесота, 31-январь 2017-жыл.

Дональд Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна 27-январда кол койгон. Ага ылайык, Ирак, Иран, Сирия, Судан, Сомали, Ливия жана Йемендин жарандарына АКШ кирүүгө 90 күнгө тыюу салынып, сириялык качкындар белгисиз мөөнөткө чейин АКШга кабыл алынмак эмес. Дароо күчүнө кирген буйрук аэропорттордогу кармоолорго, АКШнын шаарларында ири демонстрацияларга жол ачкан. Акыры Сиэтлдин соту бул чечимди Конституцияга каршы келет деп токтотуп койгон.

Көп өтпөй Ак үй жаңы буйрукту иштеп чыгып, ага президент 6-мартта кол койгон. Бул жолу тизмеден Ирак алынып салынган жана “жашыл картасы” бар адамдардын Америкага кирүүсүнө уруксат берилген.

Кантсе да мурдагы президент Барак Обама дайындаган Гавайинин судьясы Деррик Уотсон бул чечим Конституциянын диний дискриминациядан коргоо боюнча беренесине каршы келет деген бүтүмгө келди. Судья жазуу түрүндөгү түшүндүрмөсүндө “бул буйрукта кайсы бир динди жектөө максаты бар” деп белгилеп, тизмедеги алты өлкөнүн калкынын 90-99 пайызын мусулмандар түзөрүн жүйө келтирди.

Гавайинин башкы прокурору Даг Чин
Гавайинин башкы прокурору Даг Чин

Президенттин буйругуна Гавайи штатынын башкы прокурору Даг Чин да каршылыгын билдирген:

“Эгер жарыяланган буйрук бизди тек-жайы же дини үчүн кодулаган заманга, жарым кылым артка сүйрөп жатса, биз ага каршы чыгышыбыз керек”.

Бирок АКШнын Юстиция министрлиги президенттин улуттук коопсуздук маселелеринде маанилүү чечимдерди кабыл алуу укугу бар экенине көңүл бурган жок деп сотту сындады. Конгресстеги Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачыл Пол Раян президенттин буйругу террорчул чабуулдарды алдын алууну көздөрүн белгилеп, жогорку соттук инстанциялар буйрукту колдойт деп ишенип турганын айтты.

Ал ортодо АКШдагы Калифорния, Вашингтон сыяктуу башка штаттар да иммиграциялык чектөөгө каршы күрөшүүгө белсенип турушат. Андыктан тараптардын жүйөлөрү алдыда апелляциялык соттордо каралмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG