Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Трамптын иммиграциялык жаңы буйругу


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Президент Дональд Трамп калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон алты өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салган жаңы буйрукка кол койду.

Качкындарды кабыл алуу программасы болсо 120 күнгө токтотулмакчы. Буга чейинки документтен айырмаланып, сириялык качкындарга өлкөгө кирүүгө тыюу алынып салды. Иммиграциялык саясат боюнча буга чейинки буйрукту аткарууга Федералдык сот бөгөт койгон.

Президент Трамп 6-мартта кол койгон жаңы буйрук боюнча Иран, Сирия, Судан, Ливия, Сомали жана Йемен жарандарына виза берүү 90 күнгө токтотулмакчы. АКШда убактылуу жашоо укугу же "жашыл картасы" барлар жана буга чейин виза алгандарга жаңы чектөө колдонулбайт.

Жаңы эреже 16-мартта күчүнө кирет жана аэропорттордо буга чейинкидей башаламандык болбостугу айтылууда.

Жаңы буйрукту журналисттерге биргелешкен маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, баш прокурор Жефф Сешнс жана ички коопсуздук министри Жон Келли тааныштырды. Тиллерсон документ “радикал исламчыл террорчулар карасанатай иштери үчүн пайдалана алган жана пайдаланып жаткан” талылуу жерлерди жоюуну көздөйт деди.

Мурунку буйруктан айырмаланып, бул жолу тизмеден Ирак чыгарылган. Мунун себебин түшүндүргөн расмий өкүлдөр ал өлкөнүн өкмөтү визага берген адамдарды текшерүүнү күчөткөнүн жана маалымат алмашууну активдештиргенин белгилешти.

- Ирак “Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөштө маанилүү өнөктөш. Мамлекеттик департамент жана Ирак өкмөтү орток максатка жетүүнүн, атап айтканда, криминалдык же террордук ниеттери бар адамдардын АКШга кирүүсүн алдын алуунун үстүндө иштешет, - деди Тиллерсон.

Ирак күчтөрү учурда Мосул шаарын "Ислам мамлекети" тобунан тазалап жатат.
Ирак күчтөрү учурда Мосул шаарын "Ислам мамлекети" тобунан тазалап жатат.

Багдад бийликтери Ирактын тизмеден чийилип салынганын кубаттап, бул кадам экстремист согушкерлерге каршы күрөш учурунда өтө маанилүү ишара болуп калганын билдиришти. Сешнс ар бир өлкө келгиндерди көзөмөлдөөгө акылуу деп билдирди.

ФБРдин маалыматы боюнча, качкын болуп келген 300дөн ашуун киши террордук менен ыктымал байланышы бар иштер боюнча тергөөгө алынган.

Баш прокурордун айтуусунда, тизмедеги үч өлкө террорчулукту сүрөөнгө алып келатышат, калган үчөө өз аймактарын көзөмөлдөөнү "Ал-Каида" же «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмдарына тарттырып жиберишкен.

Өз кезегинде Жон Келли Кошмо Штаттар “америкалыктарды өмүрлөрүнөн ажыратуу үчүн өлкөнүн иммиграциялык системасын пайдаланган карасанатай адамдардын аракеттерине жол бербейт”, деп билдирди. Бирок маалымат жыйынында эч кимиси журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

27-январда президент жети мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган буйрукка кол коюп, ал дароо ишке киргизилген. Андан тышкары ал ирет ошол топко АКШда жашоо уруксаты же "жашыл картасы" барлар да кирип калган. Трамптын чечими Улуттар уюмунун, Кошмо Штаттардагы, чет өлкөлөрдөгү бир катар укук коргоочулардын, коомдук ишмерлердин катуу сынына кабылган. Президент бул чаралар улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүп жатканын айтып келген.

Буйрук чыккандан кийин Нью-Йорктун федералдык соту визасы бар мигранттарды өлкө аэропортторунан чыгарууга убактылуу тыюу салган. 4-февралда Сиэтл шаарынын федералдык соту Трамптын буйругун толугу менен токтотуп, бир апта өтпөй, Сан-Францисконун апелляциялык соту төмөнкү инстациядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Трамптын биринчи иммиграциялык жарлыгына каршы нааразылык акциялары.
Трамптын биринчи иммиграциялык жарлыгына каршы нааразылык акциялары.

Эми сөз болгон өлкөлөрдүн АКШнын "жашыл карталары" бар жарандарына бул буйруктун тиешеси жок. Жаңы документте, буга чейинкидей болуп айрым диний азчылыктарга артыкчылык каралган эмес. Сынчылар христиан-качкындарга артыкчылык берилгенин белгилеп, буйруктун мыйзамга каршы келерин айтып келишкен.

Ошондой эле эми Мамлекеттик департамент кирүүгө уруксат берген качкындар АКШга келе алышат. Сириялык качкындарга өлкөгө кирүүгө тыюу алынып салды.

Айрым укук коргоочу уюмдар буйруктун жаңы версиясы да диний эркиндиктерге көлөкө түшүрөрүн айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG