Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Трамптын талаштуу буйругунун жолу ачылды


АКШ президенти Дональд Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна 27-январда кол койгон.
АКШ президенти Дональд Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна 27-январда кол койгон.

АКШнын Мамлекеттик департаменти президент Дональд Трамптын иммиграциялык буйругу 29-июндан тарта иштей баштаарын кабарлады.

Дүйшөмбүдө Американын Жогорку Соту алты мусулман өлкөнүн жарандарын АКШга убактылуу киргизбөө тууралуу буйрукту жарым жартылай колдогон.

Бир нече айга созулган талкуудан кийин президент Трамптын качкындарды кабыл алууну 120 күнгө токтотуу жана Батыш Африка менен Жакынкы Чыгыштагы алты мусулман өлкөнүн жарандарын 90 күнгө АКШга киргизбөө чечими ишке ашчудай болуп калды.

Дүйшөмбүдө АКШнын Жогорку Соту президенттин иммиграциялык буйругуна бөгөт койгон алгачкы соттук инстанциялардын өкүмүн жарым жартылай жокко чыгарып, буйруктун бир жобосунан башкасына колдоо көрсөттү. Ал жобо боюнча, АКШнын жараны же мекемелери менен чыныгы байланышын далилдеген чет өлкөлүктөргө Америкага кирүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Жогорку Соттун чечиминен көп өтпөй Мамлекеттик департамент иммиграциялык буйрук 72 сааттын ичинде ишке киришерин кабарлады. Президент Трамп расмий билдирүүсүндө соттун чечимин өлкөнүн коопсуздугу үчүн чоң жеңиш деп мүнөздөдү.

Жогорку Соттун мүчөлөрү
Жогорку Соттун мүчөлөрү

Бирок бул кабар аэропорттогу жүргүнчүлөргө анчейин жага берген жок. Алардын бири жаңы эле Сауд Арабиядан учуп келген америкалык Амир Сумреан:

- Чынын айтсам, америкалык мусулман катары мен бул өлкөнүн келечегине жана мусулмандарга берилген мүнөздөмөгө кабатырланып турам. Мусулманчылыкты карманган жаран катары айтсам, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу исламдын өкүлдөрү эмес. Соңку чектөөнү айрымдар колдоп жатканын көрүп, тынчсызданып жатам, - деди.

Дональд Трамп АКШнын коопсуздугун камсыз кылат деген жүйө менен алгачкы иммиграциялык буйругуна 27-январда кол койгон. Ага ылайык, Ирак, Иран, Сирия, Судан, Сомали, Ливия жана Йемендин жарандарына АКШ кирүүгө 90 күнгө тыюу салынып, сириялык качкындар белгисиз мөөнөткө чейин АКШга кабыл алынмак эмес.

Дароо күчүнө кирген буйрук аэропорттордогу кармоолорго, АКШнын шаарларындагы ири демонстрацияларга, чет мамлекеттердин айыптоолоруна жол ачкан. Акыры Сиэтлдин соту бул чечимди Конституцияга каршы келет деп токтотуп койгон.

Миннесотадагы нааразылык акциясы, 31-январь 2017-жыл.
Миннесотадагы нааразылык акциясы, 31-январь 2017-жыл.

Буга карабай Ак үй жаңы буйрукту иштеп чыгып, ага президент 6-мартта кол койгон. Бул жолу тизмеден Ирак алынып салынган жана визасы бар чет өлкөлүктөрдүн Америкага кирүүсүнө уруксат берилген. Бул буйрукту да Гавайи жана Мэриленддин федералдык судьялары кайсы бир диндин өкүлдөрүнүн укуктарына шек келтирет деген жүйө менен токтотуп койгон. АКШ президенти Трамп судьяларды укуктарынан аша чапты деп сындап, юридикалык жактан күрөшүүгө убада берген.

Кезинде иммиграциялык буйрукка каршы чыккан Гавайи штатынын башкы прокурору Даг Чин Жогорку Соттун чечиминен кийин өз пикирин билдирди:

- Президенттин улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчүнө ишенебиз. Бирок андай иш адамдарды улутуна же динине карата дискриминациялоого жол ачпагандай кылып жасалышы керек. Буга чейинки террорчул чабуулдар тизмедеги алты өлкөнүн атуулдары менен байланышы жоктугун көргөнбүз.

Жогорку Сот буйрукту колдогону менен АКШ менен байланышын далилдеген чет өлкөлүктөргө Америкага келүүгө уруксат берди.
Жогорку Сот буйрукту колдогону менен АКШ менен байланышын далилдеген чет өлкөлүктөргө Америкага келүүгө уруксат берди.

Тизмедеги Йемендин өкмөтү АКШнын Жогорку Сотунун чечимин көңүл калтырарлык деп атап, мындай аракет террорчулукту жок кылууга жардам бербестигин билдирди.

Деген менен АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс сотун чечими өлкөдөгү бийлик бутактарынын функцияларын кайрадан калыбына келтирүү үчүн маанилүү кадам болгонун айтты.

АКШнын Ички коопсуздук департаменти буйрукту кесипкөйлүк менен ишке ашыраарын, жүргүнчүлөргө жеткиликтүү эскертүүлөр берилерин кабарлады.

Президент Трамп өзү бул буйрукка кол коюп жатканда мындай чечим чет өлкөлүк террорчулардын АКШга келишин токтотот деп белгилеген.

Эми бул буйрук ишке ашса, андан кандай натыйжа чыгаары үч айдан кийин же октябрь айында белгилүү болуп калмакчы. Жогорку Сот да өз чечими боюнча тараптардын аргументтерин октябрь айында укмай болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG