Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Пхеньян Вашингтонго “аёосуз чара” көрө турганын айтты


БУУнун Башкы Ассамблеясында Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо “Түндүк Корея АКШга карата ракеталык сокку урууга аргасыз” экенин билдирди. Министр эгерде Вашингтон Түндүк Кореянын куралдуу күчтөрүнө же өлкө жетекчилигине кол салса, бийлик ойлонбостон чечкиндүү жооп берерин эскертти. Эл аралык агенттиктер Ли Ён Хонун “Бул өлүмгө алып келчү миссияга Трамптан башка эч ким күнөөлүү эмес” деген сөзүн келтирип жазып жатышат.

Буга чейин АКШнын аба күчтөрүнүн B-1B Lancer бомбалоочу учагы Түштүк Кореянын чыгышындагы аба мейкиндигинде истребителдердин коштоосунда учуп өткөн. Учактар Тынч океандагы АКШнын Гуам аралына келип конгон.

АКШнын Коргоо министрлиги бул учуу менен АКШ бардык коркунучтарды жоюуга даяр экендигин көрсөтүп жатканын билдирген. Бомбалоочу учактардын учуусу Түштүк Корея министри БУУда сөз алаардын алдына туш келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG