Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

АКШ орусиялыктарга виза берүүнү токтотот


Москвадагы АКШ элчилиги жайгашкан район
Москвадагы АКШ элчилиги жайгашкан район

АКШ 23-августтан тарта орусиялыктарга виза берүүнү убактылуу токтотот. Американын Москвадагы элчилиги дүйшөмбү күнү жарыялаган бул чечим Орусиянын АКШнын дипломаттарын азайтуу талабына жооп болуп калды.

Москвага жооп

Орусиянын америкалык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу жана санын кыскартуу талабына АКШ 20 күндөн кийин жооп кайтарды. Американын Москвадагы элчилиги 23-августтан тарта Орусиянын аймагында иммиграциялык эмес же АКШга кыска мөөнөткө кирип чыгууга жарамдуу визаларды берүү кызматы убактылуу токтоорун жарыялады.

Дүйшөмбүдөгү расмий билдирүүгө ылайык, Москвадагы АКШ элчилигинде виза кызматы 1-сентябрга чейин токтойт. Ал эми Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Владивостоктогу Американын консулдуктары белгисиз мөөнөткө чейин орус жарандарына виза бербейт.

"Орусиянын АКШнын дипломатиялык кызматкерлеринин саны кыскартуу чечиминен кийин орус тараптын жакшы мамиле курууда олуттуу экени күмөн жаратат",-деп айтылат Америка элчилигинин билдирүүсүндө.

Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, АКШ былтыр 171 миң орус жаранына иммиграциялык эмес виза берген. Андыктан Американын соңку чечими миңдеген орус жарандарына таасирин тийгизет.

АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары 6-августта Манилада жолугушкан.
АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары 6-августта Манилада жолугушкан.

Мындан улам орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-августта Москвадагы маалымат жыйынында АКШнын кадамын кескин сынга алды:

"Америкадагы бул чечимдердин авторлору орус бийлигинин кадамдары аркылуу орус жарандарынын нааразылыгын жаратуу үчүн кезектеги аракетин ойлоп тапкандай таасир калтырат. Бул - таанымал логика. Бул - түстүү революцияларды уюштургандардын логикасы. Бул - Обама администрациясынын инерциясы. Биздин кийинки кадамдарыбызга келсек, америкалыктар жарыялаган чечимдерди карап чыгуу керек. Көрөбүз. Бир нерсени айта алам, биз күчүбүздү АКШ жаранындарынан чыгарбайбыз".

Соңку чечимге ылайык, 23-августтан тарта виза алууга жазылган орус жарандары консулдук менен жолугушуусун башка күнгө жылдырышы керек болот. Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Владивостоктогу консулдуктарга документ тапшыра тургандар Москвадагы виза кызматы иштеп баштаганда борбор калаага келүүгө тийиш.

Мындан тышкары АКШнын Орусиядагы өкүлчүлүктөрү беларус жарандары үчүн да виза кызматын токтотту. Беларус атуулдары виза үчүн Киев, Варшава же Вильнюска барышы керек болот.

АКШнын Москвадагы элчилиги 21-августагы билдирүүсүндө Орусия америкалык дипломаттардын саны кыскартуу талабынан баш тартмайынча виза операциялары чектелген бойдон кала берерин белгиледи.

Дипломатиялык араздашуу күчөдү

Вашингтон менен Москванын ортосундагы мындай дипломатиялык араздашуу АКШ Конгресси Орусия, Түндүк Корея жана Иранга жаңы санкцияларды сала турган мыйзамды жактыргандан кийин күчөдү. Демилгечи конгрессмендер жаңы санкцияларга Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришкен. Президент Дональд Трамп Орусия менен алаканы жакшыртаарын канчалык айтпасын, Конгресс дээрлик бир добуштан жактырган бул мыйзамды колдобой кое алган эмес.

Серебряный Бор аймагындагы АКШ колдонуп келген дачанын кире бериши.
Серебряный Бор аймагындагы АКШ колдонуп келген дачанын кире бериши.

Июль айынын акырында орус президенти Владимир Путин Конгресстин санкция мыйзамына жооп кылып, АКШнын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген 755 кызматкерди кыскартууга тапшырма берген. Анын алдында Кремл АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга да тыюу салган.

АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон август айынын башында орус кесиптеши менен сүйлөшкөндөн кийин Орусиянын бул кадамына жооп кайтарууну караштырып жатканын айткан эле.

Ал 7-августта Филиппиндин борбору Маниладагы коопсуздук конференциясында Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү ортодогу ишенбөөчүлүктү күчөткөнүн айтып, ошентсе да кызматташтыкты улантууга чакырган:

"Бир маселеден улам бардык нерсени токтотуп коюу пайдалуу деп ойлобойм. АКШ менен Орусия эки чоң өлкө. Биз чогуу иштей ала турган жерди табышыбыз керек. Бирге иштегенге аракет кылалы. Кайчы пикирлер өкүм сүргөн тармактар бар. Аларды чечүү жолдорун табууну улантабыз",-деген Рекс Тиллерсон.

Орусия менен АКШнын лидерлери 7-августта Гамбургда өткөн жолугушууну оң баалашкан эле.
Орусия менен АКШнын лидерлери 7-августта Гамбургда өткөн жолугушууну оң баалашкан эле.

Бирок азырынча АКШ менен Орусиянын ортосунда кызматташтыктын эмес, көбүрөөк пикир келишпестиктин белгиси көрүнүп жатканын виза кызматынын токтотулушу айгинелеп турат.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин АКШ жана Евробиримдиктин экономикалык санкцияларына дуушар болгон. Мурдагы президент Барак Обама Кремл АКШнын шайлоосуна кийлигишти деген жүйө менен 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Ошондой эле Орусиянын Нью-Йорк жана Мэриленд штаттарындагы имараттарын жапкан. Кремл шайлоого кийлигишпегенин айтып келет.

АКШ виза кызматын токтотконун жарыялаган күнү орус президенти Владимир Путин Сергей Кисляктын ордуна Орусиянын АКШдагы жаңы элчисин дайындады. Буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеп келген Анатолий Антонов дипломатиялык араздашуу күчөп турган учурда элчилик кызматына киришкени жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG