Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Трамп Путинге алкыш айтты


Эки лидер өткөн айда Германияда бетме-бет жолугушкан
Эки лидер өткөн айда Германияда бетме-бет жолугушкан

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядагы элчилигинен жүздөгөн кызматкерлердин кыскартылышы боюнча алгач ирет үн катты. Ал акчаны үнөмдөгөнгө шарт түздү деп кесиптеши Владимир Путинге рахмат айтты. Чыныбы-тамашасыбы?

​Дональд Трамп ушу тапта Нью-Жерси штатындагы үйүндө эмгек өргүүсүндө, гольф ойноп эс алууда. 10-августта журналисттерге ошол жерден жолукту.

АКШнын Москвадагы элчилигинде иштеген 755 кызматкердин кыскартылышын алгач ирет комментарийлеген Трамп орус президенти Путинди алкады:

- Мен ага рахмат айтам. Анткени биз айлык акыларды кыскартууга далалаттанып жатпайбызбы. Ал абдан көп адамдарды кетирип жатканына абдан ыраазымын. Эми айлык чыгымы азаят. Аларды кайра кайтарганга реалдуу себеп жок. Биз көп акчаны үнөмдөп калабыз.

Буларды айтып жатканда Трамп күлүп же аягында тамаша деп да койгон жок. Ушундан улам журналисттер муну кадыресе айтылган сөз катары кабыл алышты. Анын үстүнө Трамптын 2018-жылы АКШнын тышкы саясат мекемеси – Мамлекеттик департаменттин чыгымынын үчтөн бирин кыскартуу планы бар.

Эс алуу учурундагы маалымат жыйыны
Эс алуу учурундагы маалымат жыйыны

Бирок президенттин бул айткандары Мамдепартаменттин турумуна каршы келүүдө. Департамент анда талапты “өкүндүргөн жана орунсуз” чечим деп баалап, “Биз мындай чектөөнүн таасири кандай болорун жана ага кандай жооп берүүнү караштырып жатабыз” деп 30-июлда билдирүү тараткан.

Андан мурдараак Конгресс Орусия Кошмо Штаттарынын акыркы шайлоосуна кийлигишкен деп таап, буга каршы санкцияны мыйзамдаштырган. Ага жооп кылган президент Владимир Путин:

Владимир Путин
Владимир Путин

- Миңден ашуун кызматкер - дипломаттар жана техникалык жумушчулар Орусияда иштешет. Алардын 755и Орусиядагы ишмердигин токтотушу керек. Бул сезилерлик, - деген.

Орусиянын талабы боюнча кыскартуу 1-сентябрга чейин ишке ашуусу керек. Бул кадамын Путин эки өлкөдөгү элчилик кызматкерлеринин санын теңдөө максаты деп түшүндүргөн.

Бул биринчи кыскартуу эмес. Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Барак Обама былтыр декабрда шайлоого кийлигишүү маселесине байлап, 35 орусиялык дипломатты мекенине кайтарган.

Кайра Трамптын билдирүүсүнө келели. Айрым азыркы жана мурдагы дипломаттарды таң калтырды.

- Эгер ал тамашалаган болсо, анда аны жакшы билиши керек. Андай болбосо бул болуп көрбөгөн нерсе. Президент куулуп жаткан дипломаттарыбызды эч качан коргогон эмес, - деди Буштун учурунда Мамдепартаментте иштеген Николас Бернс.

Ал эми азыркы дипломаттардын бири Рейтер агенттигине анонимдүү сүйлөп берип, президенттин сөзү департаменттегилердин төбө чачын тик тургузганын айткан.

АКШнын Москвадагы элчилиги
АКШнын Москвадагы элчилиги

Американын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү тейлөө кызматтарында орус жарандары да иштейт. Москва кызматкерлерди кыскартканы менен кимди кетирип, кимди коерду Вашингтондун тандоосуна калтырган.

Талдоочулар жумуштан алынчулардын көбү орустар болуп, бул кайра эле орусиялыктардын Кошмо Штаттарына виза алуусуна тоскоол жаратат деп белгилешкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG