Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

АКШ "орус таасиринен" коргонууга акча бөлөт


АКШ Конгресси “Орусиянын таасирине жана агрессиясына каршы” аракет көрүү үчүн 100 миллион доллар бөлүү планын жактырды. 4-майда америкалык мыйзам чыгаруучулар АКШдагы орусиялык дипломаттарды көзөмөлдөө чараларын колдошту. Москва мындай кадамды жоопсуз калтырбасын буга чейин эскерткен.

Бейшемби күнү АКШ Сенаты 2017-жылкы федералдык бюджеттин долбоорун бекитти. 1,1 триллион доллар өкмөттүн 30-сентябрь же быйылкы финансылык жылы аяктаганга чейинки ишин каржылоого жумшалмакчы. Эми документ президент Дональд Трампка кол коюуга жөнөтүлдү.

Чалгындоо тармагына акча бөлүү каралган долбоордо “Орусиянын таасирине жана агрессиясына” каршы аракеттенүүгө, Европа жана Евразиядагы жарандык коомго колдоо көргөзүүгө 100 миллион доллар жумшалары белгиленген.

Москванын Европа жана башка өлкөлөрдөгү кийлигишүүсүнө каршы чара көрүү керектиги тууралуу Сенатта жана Ак үйдө бир нече айдан бери айтылып келген. Көп сандагы демократтар менен республикачылар жалган маалыматтарды таратуу, саясий партияларды каржылоо, ачыктан ачык пропаганда жана башка жашыруун аракеттерди Москвага кас өкмөттөрдүн ишине аралашуу же төңкөрүүнү Орусиянын агрессивдүү пландарынын бир бөлүгү катары баалашат.

Орусия АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого, Франциядагы азыркы президенттик өнөктүккө жана Германиядагы күзгү парламенттик шайлоого кийлигишүүгө аракет көрүүдө деген шектенүүлөр көп айтылууда.

4-майда Германиянын ички чалгындоо агенттигинин жетекчиси Ханс-Георг Маасен Потсдамда киберкоопсуздукка арналган конференцияда 24-сентябрдагы шайлоо алдында сырттан жасалган айрым киберчабуулдар ишке ашпай калганын, бирок 2015-жылы хакерлер Бундестагдагы бир катар маалыматтарды ачыкка чыгарып салганын белгиледи:

- Биздин каршылашыбыз дезинформация жайылтуу же иш-аракеттерибизге таасир этүү максатында маалымат чыгарууга ниеттенүүдө. Бул саясий маселеге айланган. Кошмо Штаттарда сыягы дал ушундай жолду тандашкан – ачыкка чыгып кеткен маалыматтарды АКШга каршы колдонуу чечилген. Биз да быйыл ушундай абалга туш болобузбу же жокпу мен алдын ала айта албайм. Бул - саясий чечим, менимче, ал Кремлде кабыл алынат.

“Орусиянын таасирине каршылык көргөзүү фондун” түзгөн ошол 100 миллион доллар мыйзам үстөмдүгү, медиа, киберкоопсуздук жана демократиялык институттар менен жараяндарды күчтөндүрүү чөйрөсүндө, Орусиянын "таасирине жана агрессиясына каршы иш алып барган” Европадагы бейөкмөт уюмдарды карржылоого сарпталмакчы.

Мамлекеттик департаменттин саясатына ылайык ал акча “Орусия Федерациясындагы демократиялык программаларды колдоого, анын ичинде интернет эркиндигин жайылтууга” жумшалат.

Мыйзам долбоорунда ал фонддон Европа Биримдигинин Чыгыш өнөктөштүк программасына кирген Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова жана Украинага жардам берүү каралган. Атап айтканда, шаркет менен ассоциациялык келишимдерди, соода макулдашууларын ишке ашыруу, Орусиянын сырткы экономикалык жана саясий кысымынын кесепеттерин азайтуу багытындагы иштер жүргүзүлмөкчү.

Мыйзам чыгаруучулар ошондой эле АКШдагы орусиялык дипломаттарга карата жаңы чектөө киргизүү, аларды көзөмөлдөө чараларын колдошту.

Мамлекеттик департамент, Федералдык иликтөө бюросу (ФБР), Улуттук чалгындоо мекемеси орусиялык дипломаттар элчилик же консулдуктун карамагындагы аймактан тышкары жерге чыкканын ФБРге алдын ала билдирип турууга тийиш деген норманы иштеп чыгышы керек.

Өткөн жылы америкалык мыйзамгерлер ушундай чараны караштырып жатканы маалым болгондо, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги нааразылык билдирип, жооп кайтарарын, АКШ дипломаттарына каршы ушундай эле аракеттер көрүлөрүн эскерткен.

Буга америкалык айрым расмий адамдар жеке маектешүүлөрдө Орусиядагы америкалык дипломаттардын кыймылы-аракеттери ансыз да көптөн бери эле чектелгенин айтып келишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG