Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Сергей Лавров: АКШнын диалогду улантууга даярдыгына күбө болдук


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жекшембиде Манилада жолугушту. Алар АСЕАНдын регионалдык жыйынына катышууда. Президент Дональд Трамп Москвага каршы жаңы санкцияларга кол койгондон бери Тиллерсон менен Лавров алгачкы ирет кездешти.

Маниладагы кездешүүдөн кийин Сергей Лавров жаңы санкцияларга жана эки тараптуу мамилелердеги чыңалууларга карабастан, АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон Орусия менен диалогду улантууга даяр деп ишенээрин билдирди.

- Америкалык кесиптештердин диалогду улантууга даярдыгын көрдүк. Менимче, мындан башка тандоо деле жок, - деди министр Лавров.

С.Лавровдун айтымында, АКШнын тышкы мекемесинин башчысы ошол чектөөлөргө Кремлден кандай жооп кайтарылаарына кызыкты. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлайт.

Лавров “Конгресстин Орусияга каршы санкцияларды киргизүүсүнө Москва жооп берүүгө аргасыз болгонун айтып, ал кадамдар президент Владимир Путиндин “Россия” телеканалына берген интервьюсунун негизинде жасалганын белгиледи. Президент Орусиядагы америкалык элчиликтер менен консулдуктардын кызматкерлерин 755 кишиге кыскартууну талап кылган.

Министр, ошондой эле, жакынкы арада АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкердин Москвага келээрин, украин кризисин жөнгө салуу боюнча орусиялык өкүл Владислав Сурков менен жолугушаарын кошумчалады. Волкер өткөн айда Украинанын чыгышына барып кеткенден кийин “чыныгы согуш” жүрүп жатканына камтамасын билдирген эле.

Эки жетекчи андан тышкары орун басарларынын жолугушууларын улантуу тууралуу макулдашканы маалымдалды.

АКШ тараптан С.Лавровдун билдирүүлөрүнө азырынча комментарий жасала элек.

3-августта АКШ президенти Д.Трамп расмий Вашингтон менен Москванын мамилелери болуп көрбөгөндөй төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин, бул абдан кооптуу экенин Твиттерге жазып, "азыркы кырдаал үчүн АКШ Конгрессин күнөөлөгөн. АКШ президенти жана мамлекеттик катчы расмий Кремлге каршы жазалоочу чараларга каршы болуп келишкен. Трамп мыйзамга кол койгону менен анда “олуттуу кемчиликтер бар”, - деген баасын да айткан.

Филиппиндин баш калаасы Маниладагы чөлкөмдүк коопсуздук боюнча форумга 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышууда. Эл аралык шериненин ачылыш отурумунда Тиллерсон.

- Бир катар коопсуздук маселелери, экономикалык маселелер бардык тараптардын кызыкчылыктарына төп келет. Коркунуч жараткан жагдайларды жана аларга туруштук берүүнү бул жыйында талкуулайбыз. Андан тышкары кызматташтыгыбызды бекемдөө мүмкүнчүлүгү да түзүлүүдө, - деди.

Айткандай эле, министрлер бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Алсак, Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуусу маалында тараптар Сирия кризисин козгошту:

- Биз Орусия, Түркия жана Ирандын өкүлдөрүнүн 8-9-августта Тегеранда өтүүчү жыйынына карата даярдыкты талкууладык. Ал жакта Сириядагы деэскалация аймактарын мындан ары бекемдөө маселеси жөнүндө сөз болмокчу.

Маниладагы эл аралык шерине 7-августта да өз ишин улантмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG