Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Майк Пенс: АКШ Орусиянын Грузиянын бөлүгүн каратып алуусун айыптайт


АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Грузиянын өкмөт башчысы Гиоргий Квирикашвили. Тбилиси. 31.7.2017.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Грузиянын өкмөт башчысы Гиоргий Квирикашвили. Тбилиси. 31.7.2017.

Расмий Вашингтон Грузия жетекчилерин өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жаатында колдойт. Мындай билдирүүнү вице-президент Майк Пенс Тбилисидеги сапары маалында жасады.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-августта грузин өкмөт башчысы Гиоргий Квирикашвили менен жолугушуусу маалында: "Президент Доналд Трамп сиздерге саламын жолдоп, "биз сиздерди колдойбуз" деп айтуумду өтүндү", - деп билдирди.

"Грузия - биздин негизги стратегиялык шеригибиз. Биз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана НАТОго мүчөлүккө өтүү мүдөөңүздөрдү колдойбуз", - деген вице-президент мындайча кошумчалады:

- Грузиянын коопсуздук багытына инвестиция салуусу зарылчылыктан келип чыккан. Мына дал ушул тапта 64 чакырымга жакын жерде орусиялык танктар Түштүк Осетиянын басып алынган аймагында турушат. Бүгүн Орусия Грузия аймагынын басып алынган бештен бир бөлүгүн ээлөөнү улантууда. Таасын айта кетейин: Америка Кошмо Штаттары Орусиянын грузин жергесиндеги баскынчылыгын айыптайт.

2008-жылы Грузия менен Орусия ортосунда 5 күндүк согуш тутангандан кийин, расмий Москва Грузиянын курамындагы жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарына аскер киргизип, алардын көз карандысыздыгын тааныган. Бул эки аймакта тең Орусия өз аскерлерин азыркыга чейин кармап турат.

Дүйшөмбү күнү расмий тамак аземинде сүйлөп жатып, Грузиянын өкмөт башчысы Гиоргий Квирикашвили "Кошмо Штаттар үчүн Грузия - жакын дос, геосаясий жана стратегиялык өнөктөш" деп ишендирди.

Ага чейин грузин өкмөтү тараткан билдирүүдө премьер Квирикашвили Ак үй өкүлүнүн визитин “эки тараптуу мамилелердеги маанилүү учур” катары сыпаттап, Тбилиси менен Вашингтон коопсуздукту чыңдоого жана экономикалык жана соода алакаларын бекемдөөгө биргелешип аракеттенип жатышканын белгилеген.

АКШнын вице-президенти Пенс ошондой эле грузин оппозициясынын өкүлдөрү менен кездешти жана өлкөдөгү НАТОнун аскерий машыгуусуна барып кетти.

НАТОнун машыгуусуна катышып жаткан жоокерлер Поти шаары аркылуу өтүүдө. 30.7.2017.
НАТОнун машыгуусуна катышып жаткан жоокерлер Поти шаары аркылуу өтүүдө. 30.7.2017.

30-июлда Вазиани чөлкөмүндө башталган аскердик машыгуу чарасына америкалык 1 миң 600 жоокер катышууда.

Вице-президент Пенс Грузиядан оболу Эстонияга жасаган сапары маалында расмий Вашингтон Балтика өлкөлөрүн жана Орусиянын чөлкөмдөгү аракеттерине кооптонгон Чыгыш Европадагы калган өнөктөштөрдү колдой тургандыгын билдирген:

- Биз бул жерде жана дүйнө жүзү боюнча бирге, ийиндеш турушубуз керек. Чейрек кылым мурун коммунизм кулагандан бери дүйнө кубаттуу жана бирдиктүү НАТОго ушунчалык муктаж боло элек эле. Чыгыштагы коңшунун баскынчыл карааны Балтика мамлекеттерине коркунуч жаратууда. Орусия эл аралык чек араларды күч менен кайра чийүүгө аракеттенүүдө, эгемен мамлекеттердин демократиялык түзүлүштөрүнө шек келтирүүдө, Европанын эркин өлкөлөрүн бөлүп-жарууда.

Эстония, Латвия жана Литва 2004-жылдан бери НАТОго (Түндүк Атлантика аскер ынтымагына) мүчө өлкөлөр. Грузия болсо НАТОго мүчөлүк арызын тапшырып, 2008-жылы Бухарестте өткөн саммитте НАТО лидерлери бул өлкөнү мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө расмий убада беришкен, бирок расмий Москванын каршылыгынан улам бул жараян өтө солгун жүрүүдө.

Бул мамлекеттер менен катар уюмдун жаңы мүчөсү, быйыл июнда кабыл алынган Монтенегро (Черногория) да Орусиянын Балкан чөлкөмүндөгү аракеттерине камтамасын билдирип келет.

Тбилисиден киийн дал ошол Монтенегро жумуриятына аттанып жаткан Пенс АКШ администрациясы НАТО келишиминин 5-беренесин катуу карманаарына басым жасады. Анда блоктун бир мүчө-мамлекетине чабуул бардык мүчөлөргө каршы чабуул деп бааланаары айтылган.

2-августта АКШнын вице-президенти Майк Пенс Монтенегронун баш калаасы Подгорицада Адриатика Хартиясынын саммитине катышмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG