Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Абхазия: референдум алдындагы саясий кризис


Абхазияда кырдаал тынч эмес. 5-июлда митингчилер Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып, көчөгө чыгышты.

Алар министрликтин имаратына кирип барууга аракет жасашты. 10-июлда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча референдум өткөрүлөт.

Грузиядан иш жүзүндө бөлүнүп чыккан Абхазия кайрадан толкундап турат. Оппозиция мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабын көтөрүп, ал маселе боюнча 10-июлга референдум белгиленген.

Референдум алдында республикалык оппозициялык күчтөр 5-июлда курултай өткөрүп, анда ички иштер министри Леонид Дзапшаны кызматтан кетирүү талабын коюшту. Бир жарым миңдей демонстранттар министрликтин дарбазасын сындырып, имаратка кирип барышканы кабарланды.

Алар менен жолугушууга Абхазия республикасынын вице-президенти Виталий Габния баштаган делегация келип, президент Рауль Хажимбанын ички иштер министрин тергөө учурунда кызматтан четтетип туруу жөнүндө буйругун жарыялаган. Бирок ал оппозицияны канааттандырган эмес.

Оппозиция Леонид Дзапшанын тушунда кылмыштуулук күчөгөнүн, адамдарды уурдап кетүүлөр көбөйгөнүн билдиришүүдө. Алар жакында эле “Бирдиктүү Абхазия” партиясынын катчысы Ирина Дочияны белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, аны табуу талабын коюшууда. Оппозициялык күчтөр киши уурдоо фактылары ага чейин да орун алганын билдиришүүдө.

6-июлда абхаз телекөрсөтүүсү президент Раул Хажимба министр Леонид Дзапшаны кызматтан бошотконун кабарлады. Президент ошондой эле 10-июлга белгиленген референдумдан баш тартпай турганын билдирген. Ал референдумда абхаз калкы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо тууралуу суроого жооп бериш керек.

240 миңдин тегерегинде калкы бар Абхазиянын эгемендүүлүгүн 2008-жылы Орусия тааныган. Абхазия өзү Грузиядан эгемендүүлүгүн 1994-жылы жарыялаган. Бирок Тбилиси аны тааныган эмес. Мына ушул келишпестиктен эки тараптын ортосунда куралдуу конфликт чыгып, Сухумини Орусия колдоп келатканы белгилүү.

Сухуми өз кезегинде Орусия менен байланышын бекемдеп, Москва менен бир катар келишимдерге жетишкен. Алардын арасында стратегиялык өнөктөштүк келишими бар. Ага ылайык эки тарап аскердик-саясий жактан кызматташат.

Орусия Абхазияга ошондой эле жыл сайын 4-5 млрд рубль өлчөмүндө финансылык жардам да көрсөтөт.

Абхаз президенти Москвада кабыл алынып турат. Быйылкы жылы болгон мына ошондой жолугушуулардын биринде президент Владимир Путин эки өлкөнүн кызматташуу өнүгүп баратканын билдирген:

- Биздин мамилелердин өзгөчө мүнөзү жөнүндө айтпай эле коелу. Ал өнүгүп жатат. Өзүнчө талкуулай турган маселелер дагы бар. Биздин келишимдик-укуктук база негиздүү болуп баратат. Практикалык кызматташууларыбыз бардык тармактарда, анын ичинде экономика жана коопсуздук багытында өсүп-өнүгүүдө.

Абхаз президенти Раул Хажимба өз кезегинде Орусиянын бир облусунун жетекчиси катарында эле Москва берген жардамдын негизинде пенсиялар көтөрүлгөнүн президент Владимир Путинге кабарлаган эле:

- Бүгүнтөн баштап Абхазиядагы орус жарандарына пенсиялар көтөрүлө баштады. Андан сырткары маданият министрликтеринин деңгээлинде кызматташуу кеңири жайылып баратат. Ички иштер министрликтери да кызматташууну жолго коюуда. Бул кызматташуулар да өрчүш үчүн кошумча түрткү керек деп ойлойм.

Түштүк Осетия, Абхазия менен Грузиянын куралдуу кагылышуусунан соң Абхазиянын эгемендүүлүгүн Орусия андан кийин Никарагуа жана Венесуэла тааныган.

Ал эми Грузия Абхазияны өз аймагы катары эсептеп, согуш учурунда көчүп кетүүгө аргасыз болгон грузиндерди жерине кайтаруу талабын коюп келет. Грузиянын бул аракетин НАТО жана АКШдан колдоп келатышат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG