Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Трамп-Путин: экинчи кездешүү ачыкка чыкты


АКШ менен Орусиянын президенттеринин Гамбургдагы жолугушуусу, 7-июль 2017-жыл.
АКШ менен Орусиянын президенттеринин Гамбургдагы жолугушуусу, 7-июль 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путин менен ай башында Гамбургда өткөн саммитте эки ирет жолукканы ачыкка чыкты. Экинчи кездешүү тууралуу убагында маалымат берилбегени талкуу жаратууда.

Президент Трамп орусиялык кесиптеши менен алгач ирет 7-июлда Гамбург шаарында жолугуп, сүйлөшүү эки сааттан ашык убакытка созулган эле. Маалымат каражаттары бул кездешүүдө эки лидердин кимиси колун биринчи сунганынан тарта күн тартибиндеги дүйнөлүк маселелерге чейин көңүл бурушкан.

Бул кездешүүдөн 11 күн өткөндөн кийин эки президент ал күнү Гамбургда дагы бир жолу жолукканы белгилүү болду. Ак үй эки президент немис канцлери Ангела Меркел уюштурган кечки сый тамакта "кыскача гана сүйлөшкөнүн" тастыктап, аны эки тараптуу жолугушуу деп атоого болбой турганын ишара кылды.

Кечки тамакта орус лидери Владимир Путин АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын жанында отурган. Ак үйдүн маалыматы боюнча, Дональд Трамп жапон премьер-министринин аялынын жанындагы ордунан туруп, Путинге келип сүйлөшкөн.

Сүйлөшүү канчага созулганын так айтпаган Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Майкл Энтон бул кездешүү "четке чакырып сүйлөшүү" гана болгон деп айтты.

Президент Путин сый тамакта АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын жанында отурган.
Президент Путин сый тамакта АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын жанында отурган.

Экинчи жолугушуу тууралуу биринчилерден болуп айтып чыккан америкалык "Евразия тобу" уюмунун башчысы Ян Бреммер менен Ак үйдүн билдирүүсү айырмаланып турат. Бреммер өз булактарына таянып, Трамп сый тамак маалында Путин менен бир саатка чейин сүйлөшкөнүн, ага орус тилмечи гана катышканын, бул жагдай башка өлкөлөрдүн лидерлерин таң калтырганын билдирген:

"Саясат таануучу катары, мен жашоомдо мынчалык кырчылдашкан эки өлкөнү, ошол эле учурда бири-бирине жакын болгусу келген эки лидерди көргөн эмесмин. Дал ушуну эл да түшүнө албай турат",-деди Ян Бреммер​.

Эми АКШда Путин менен Трамптын экинчи жолугушуусу тууралуу убагында эмне үчүн ачык маалымат берилген эмес деген суроолор берилип жатат. Мындан тышкары бул сүйлөшүүдө кандай тема козголгону да журналисттердин бүйүрүн кызытууда.

Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы болуп иштеген Жон Керби мындай жолугушуулар көп болоорун, бирок протокол боюнча ага кеминде бир коопсуздук расмийи же тилмеч катышышы керектигин айтты. Ал соңку кездешүүдө президенттин жанында эч ким болбогондуктан сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу орустарда гана документтешкен маалымат бар экенин кошумчалады.

Ак үй бул сый тамакка ар бир өлкө бирден гана тилмеч киргизүүгө укуктуу болгонун, америкалык тилмеч жапон тилинен гана котормочу экенин билдирди. Ошондой эле экинчи жолугушууну жаап-жашыруу аракети болгон деген дооматтарды "абсурд" деп мүнөздөдү.

Президент Трамп да 18-июлда Твиттерге пикирин жазып, бул талкууну "жалган кабарларды тараткан медиалардын" чыгарганы деп атады:

"Жалган жаңылыктар" барган сайын чынчылдыктан алыстап баратат. Керек болсо Германияда Чоң жыйырманын 20 лидерине уюштурулган кечки тамакты да шектүү кылып көрсөтүшүүдө",-деп жазат Трамп.

Трамп менен Путиндин алгачкы жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Эки лидердин кездешүүсү Орусиянын АКШнын шайлоосундагы ыктымал ролу тууралуу талкуу жана иликтөөлөр болуп жатканда орун алган. Анда Трамп сүйлөшүүнү позитивдүү баалаган эле:

"Президент Путин менен көп маселелерди талкуулап жатабыз. Менимче, жакшы жүрүп жатат. Эң жакшы сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Бирок Орусия үчүн, АКШ үчүн позитивдүү нерселерди күтөбүз".

Жыл башында АКШнын чалгын кызматтары орус тарап Трампты колдоо максатында хакердик чабуулдар аркылуу Хиллари Клинтондун беделин түшүрүү аракетин көргөн деген тыянагын жарыялашкан. Кремл мындай маалыматтарды баштан бери төгүнгө чыгарып келет.

Президент Трамп орус президенти Владимир Путин менен соңку кездешүүсүндө бул маселени такып сураганын, орус тарап дооматтарды четке какканын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG