Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Трамп Парижде өткөн парадга катышты


АКШ президенти Дональд Трамп Парижде Франциянын улуттук майрамына катышты. Кечээ болсо президент Эммануэл Макрон менен жолугушууда тараптар бир катар эл аралык маанилүү маселелерди талкуулашты.

Бастилия алынып, монархия кыйраган күн француздар үчүн дайыма салтанаттуу, маанилүү улуттук майрам болуп келген. Париждин борборунда, Елисей талаасында жыл сайын 14-июлда өткөрүлүп келаткан салттуу аскердик парад катардагы эл үчүн акырындап арткы планга жыла баштаганы менен жетекчилик үчүн ал олуттуу саясий символ бойдон кала берүүдө.

Өзгөчө акыркы жылдары Франция террордук чабуулдарга кабылып, коомдо бөлүнүп-жарылуунун белгилери байкала баштагандан бери бийлик биригүү, тилектештик, улуттук аң-сезим деген түшүнктөргө басым жасоого аракет көрүп жатат.

Бул жагынан алганда быйылкы иш-чарага АКШ президенти Дональд Трамптын чакырылышы, америкалык аскерлердин жергиликтүү жоокерлер менен катар аянттан өтүп, парадга катышуусу майрамга жаңы өңүт бергендей.

Дональд Трамп менен Эммануэл Макрон
Дональд Трамп менен Эммануэл Макрон

Президент Эммануэл Макрон бир нече апта мурда АКШнын Биринчи Дүйнөлүк согушка киришкенине 100 жыл болгонун белгилеп, америкалык президентти парадга келип кетүүгө чакырган.

Ал согушта Кошмо Штаттар 126 миң жоокерин жоготкон, 234 миңи жарадар болгон.

Америкалык президенттерден акыркы болуп буга чейин Елисей талаасындагы салтанатка 1989-жылы Улуу Француз революциясынын 200 жылдыгында Жорж Буш катышкан.

Дональд Трамп Парижге 13-июлда жубайы менен келген. Ошол эле күнү эки мамлекет башчы сүйлөшүү өткөрүп, Сирия жана Ирак боюнча согуштан кийинки жол картасын түзүүнүн үстүндө иштешүү жөнүндө макулдашты.

- Улуттар уюму Сирияда согуштан кийин кырдаалды калыбына келтирүү багытында жасаган иштерин эффективдүү колдоо иретинде байланыш тобун түзүүнү каалайбыз. Эң маанилүүсү саясий жараянда бардык тараптар камтылууга тийиш. Биз бейстабилдүүлүктүн факторлорун жакшы билебиз, жол картасын түзүүдө анын баары эске алынат. Дипломаттарыбыздан жана жумушчу топтон жакынкы апталарда Коопсуздук кеңешинин бардык туруктуу мүчөлөрү кабыл алгыдай конкреттүү чечимди сунуш кылууну өтүнөбүз, - деди Макрон.

Трамп кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда 7-июлда Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуудан кийин Сирияда ок атышпоо режими беш күнгө созулганын белгилей кетти.

Париждеги парад
Париждеги парад

Макрон болсо президент Башар Асаддын кызматтан кетиши ал өлкөдөгү кризиске чекит коюу үчүн эң негизги талап болбой калганын кайталады. Буга чейин Вашингтон кырдаалды жөнгө салуу үчүн Асад кетиши керек деп айтып келген, бирок кийин позициясын бир аз жумшарткан.

Ирак боюнча Трамп АКШ жана Франция ал өлкөдөгү “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлерине каршы күрөштү биргелешип улантуу тууралуу макулдашканын айтты.

Лидерлер ошондой эле Украинадагы кырдаал, климат боюнча Париж келишими өңдүү маанилүү эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.

Трамп эки өлкө, эки жетекчи ортосундагы мамилелерди өлбөс-өчпөс деп сыпаттаганы менен климат боюнча келишимге келгенде тараптардын пикирлери бири-биринен абдан айырмаланат.

- Кошмо Штаттар айлана-чөйрөнү коргоодо дүйнөлүк лидер бойдон кала берүүдө. Париж келишими боюнча бир чечимге келишибиз мүмкүн. Байкап көрөлү. Биз бул маселени дагы талкуулайбыз, - деди Трамп.

АКШ өткөн айдын башында дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү кол койгон Париж келишиминен чыгарын жарыялаган.

Odoxa агенттиги жүргүзгөн сурамжылоого караганда, сурап-билүүгө тартылгандардын 61 проценти Макрондун америкалык президентти майрамга чакырышын оң баалашты.

Ошол эле маалда Трамптын Парижге келишине каршы болгондор нааразылык акциясын өткөрүштү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG