Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Францияда Бастилиянын алынган күнү белгиленип жатат


Париж
Париж

Франциянын борборунда өлкөдөгү маанилүү улуттук майрам - Бастилиянын алынган күнү белгиленүүдө. Атайын парадга үч жарым миңден ашуун аскер кызматкерлери катышты.

Быйыл АКШнын Биринчи Дүйнөлүк согушка кошулушунун жүз жылдыгы да болгондуктан Елисей талаасынан америкалык аскерлер да өтүштү. Андан тышкары америкалык учактар параддын абадагы бөлүгүнө да катышты.

Салтанаттын алдында Парижге АКШ президенти Дональд Трамп да келди. Ал Франция президенти Эммануэл Макрон менен жолуккандан кийин америкалыктар менен француздардын достугу ажырагыс экенин билдирген.

Бул тапта ордо калаада коопсуздук чаралары да күчөтүлдү. Туура бир жыл мурда Ниццада ушул майрам белгиленип жатканда теракт болуп, 86 адам өлгөн. Бийлик чабуул коркунучу дале жогору деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG