Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Трамп Путинди Вашингтонго чакырууну көздөйт


Гамбургдагы жолугушуу
Гамбургдагы жолугушуу

АКШ президенти Дональд Трамп орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Вашингтонго чакырат, бирок азыр эмес.

Бул тууралуу Трамп Парижге келатканда учакта өткөргөн маалымат жыйынында айтканын Ак үй билдирди.

12-июлда Рейтер агенттигине маегинде АКШ президенти дагы бир жолу 7-июлдагы жолугушууда Путин Америкадагы шайлоого Кремл кийлигишпегенин билдиргенин айткан. Трамптын сөзүндө, ал Путин менен бул маселени 20-25 мүнөт талкуулаган.

Эки өлкө президенттери бир нече жолу телефондон, бир жолу бетме-бет жолугуп сүйлөштү. Бири-бирин азырынча чакырыша элек. АКШ-Орусия мамилесин расмийлер ушу тапта эң төмөнкү деңгээлде деп баалап келишет.

XS
SM
MD
LG