Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Трамп менен Путиндин алгачкы жолугушуусу


Трамп менен Путиндин алгачкы расмий жолугушуусу. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.
Трамп менен Путиндин алгачкы расмий жолугушуусу. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.

АКШ жана Орусия президенттери бүгүн биринчи ирет Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммити учурунда эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү. Байкоочулар бул окуяны балким Дональд Трамптын алты айдан ашуун президенттик кызматындагы эң маанилүү кездешүү катары мүнөздөштү.

АКШ жана Орусия президенттеринин Гамбург шаарындагы алгачкы эки тараптуу расмий сүйлөшүүсү эки саат 15 мүнөткө созулду. Сүйлөшүүлөргө АКШ тараптан Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, Орусиядан тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышты.

Алгачкы эки тараптуу расмий жолугушууну ачып жатып, АКШ президенти Трамп "Биз президент Путин менен түрдүү маселелерди талкуулап келдик, менимче баары жакшы болот, биз азыр да сүйлөшөбүз. Бирок биз Орусия, АКШ үчүн, кызыкдар башка тараптардын баары үчүн да көп позитивдүү нерселер болушун чыдамсыздык менен күтөбүз”,- деп белгиледи.

Путин өз кезегинде Трамп менен таанышканына “кубанычта” экенин, АКШ президенти сыяктуу ал дагы эки тараптуу жолугушуу “оң жыйынтык” алып келерине "үмөттөнө" турганын айтты.

Трамп менен Путиндин алгачкы жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Трамп менен Путин буга чейин кеминде эки ирет телефондон сүйлөшкөн. Бүгүн алар "Чоң жыйырманын" саммити учурундагы тыныгууда кол алышып, учурашкан болчу.

АКШ президенти кызматына Трамп киришкенден кийин бери дегенде Орусия үмүттөнгөндөн кеч өтүп жаткан жолугушууну утурлай эки тарап орток турум табууну көздөгөн маселелер - Сириядагы согуш, Украинанын жөнгө салынбай жаткан жаңжалы, Түндүк Кореянын ракеталык сыноолору жана терроризмге каршы согуш. Мындан сырткары эки ортодо Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишти деген ырастоолор, Орусиянын Европаны бөлүү аракеттери, санкциялар жана контрсанкциялар, хакерлик жана киберчабуулдар өңдүү талаштуу маселелер да турат.

Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин деле Орусия менен алака-катышты оңдоо ниети бар экенин кайталап келет. Бирок Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү Трамптын ошол кездеги шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштары боюнча Конгресстин жана ФБРдин иликтөөлөрү мунун ишке ашуусуна тоскоолдук жараткандай болду.

Чоң жыйырманын саммити: Трамп-Путин учурашуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:19 0:00

Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, Орусия менен АКШда “эл аралык терроризмге каршы күрөштү, маңзат аткезчиликке, уюшкан кылмыштуулукка, массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына каршы күрөштү координациялоо боюнча эбегейсиз потенциал бар”.

“Трамп менен талкууда курал-жаракка көзөмөл жана өзөктүк куралы бар ири державалар катары кармоого жоопкер болгон стратегиялык стабилдүүлүк маселеси да козголушу мүмкүн”,- деди Ушаков кабарчыларга.

Азырынча Трамптын администрациясы Орусияга карата Барак Обманын доорунда башталган саясатты олуттуу өзгөртө элек.

Орусияга каршы Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан, Украинанын чыгышындагы аракеттеринен улам киргизилген санкциялар али күчүндө. Атүгүл АКШ Сенатында ал санкцияларды президент Конгресстин макулдугусуз жоё албоосун караган мыйзам долбоор да кабыл алынып, Эл өкүлдөр палатасына жөнөтүлгөн.

Былтыр декабрда АКШнын чалгын мекемелери Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого активдүү кийлигишкен деп тапкандан кийин киргизген санкция да күчүндө.

Бул жооп чаранын алкагында АКШ бийликтери Орусиянын алар чалгын максатында колдонулат дешкен, Нью-Йорк шаары менен Мерилэнд штатында жайгашкан эки дипломатиялык жайын тартып алышкан. Өткөн айда эле орус Тышкы иштер министрлиги эгер ал жайлар кайтарылбаса, алар да АКШнын дипломатиялык мүлктөрүн ээлеп алышарын эскерткен болчу.

Дональд Трамп, Владимир Путин жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер саммиттеги тыныгуу учурунда. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.
Дональд Трамп, Владимир Путин жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер саммиттеги тыныгуу учурунда. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.

Тараптардын ортосунда Сирия боюнча да чыңалуу бар. Вашингтон жана Москвада ал жерде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерин жеңүүнү орток максат деп аташат. Бирок Москванын президенти Башар Асадды колдогону жана Сирия режиминин жайкын тургундарга каршы химиялык чабуулдар боюнча маалыматтар эки өлкөнүн бул жердеги кызыкчылыктарын кагылыштырууда.

Ак үй Орусия баллистикалык ракеталарын утур-утур сынап жаткан Түндүк Кореяга каршы катаалыраак чараларды колдойбу деп үмүттөнөт. Анткен менен 6-июлда эле Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинде Түндүк Корея боюнча АКШ даярдаган резолюция долбооруна каршы чыкты. Анда Түндүк Корея биринчи жолу континент аралык ракетасын сынаганы үчүн айыпталмак. Бирок Москва 4-июлда Пхеньян өзү ырастагандай, АКШ макул болгондой узак аралыкка учуучу эмес, кыска аралыкка учуучу эле ракета сыналганын айтууда.

Жолугушуу алдындагы кулак кагыш

Гамбургда, Путин менен күтүлгөн жолугушуусу алдында Трамп Польшадагы сапары учурунда Орусиянын кыжырын келтириши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасады.

Ал Орусияны Украина жана башка жерлерде “дестабилдештирүү аракеттерин, ырайымсыз режимдерди, анын ичинде Сирия жана Иранды колдоону” токтотууга үндөдү.

Дональд Трамп Варшавада сүйлөөдө. 6-июль, 2017-жыл.
Дональд Трамп Варшавада сүйлөөдө. 6-июль, 2017-жыл.

Москва “жалпы душмандарга каршы күрөшкөн жана цивилизацияны коргогон жоопкерчиликтүү өлкөлөргө кошулууга тийиш” деп белгиледи.

Польшада Трамп ошондой эле АКШ НАТО уставынын 5-беренесин колдоду. Ага ылайык, НАТОнун бир өлкөсүнө кол салынышы бүткүл альянска кол салуу катары кабылданат.

Трамптын сапары учурунда АКШ менен Польша акчалай наркы 7,6 миллиард долларлык келишимге кол коюшту. Ал келишим боюнча жыл аягына чейин Польша АКШдан Patriot ракетадан коргонуу системасын сатып алат.

Польшанын коргоо министри Антони Мацеревичтин айтымында, Орусиянын Польша чек арасынан алыс эмес жерде, Калининград облусунда жайгаштырылган "Искандер" ракеталарын эске алганда, "Патриот" системасы өлкөнүн коргонуу тармагы үчүн абдан маанилүү.

Бурулуш күтүлбөйт

Америкалык талдоочулар Москванын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча АКШдан айтылган айыптоолор алака-катышты оңдоо аракетин кыйла оорлоштуруп койгонун белгилешүүдө. Алар Трамп-Путин кездешүүсүнөн олуттуу бурулушту күтпөй турушат:

- Чынын айтканда мен көп нерсе болот деп күтпөйм. Менимче, Трамптын Орусия боюнча саясатында маневр жасагыдай мүмкүнчүлүктөр аз эле. Бул жаңжалдардан, анын өзүнүн стратегиялык ыраатсыздыгынан улам болду. Мен ал Путинге АКШ шайлоосуна кийлигишкени үчүн олуттуу кун төлөөгө туура келерин, АКШ менен диалогдо кааласа аткарылышы керек болгон маселелер бардыгын айтат деп үмүттөнөм. Орусиялыктар Трампты мажбурлагыдай турумда эмес, алар муну түшүнөт. Бирок алар Трамп стратегиялык диалогду демилгелешин абдан каалап турушат. Бул алардын пикиринде буга чейинки иштерди легитимдештирүүсү керек. Бирок бул турмушка ашпайт. Себеби Трамп андайды каалаган күндө деле Вашингтондон чоң оппозиция, администрациядан да, Конгресстен да болот,- дейт Америка Тышкы байланыштар кеңеши аттуу уюмдун Орусия боюнча талдоочусу Стивен Бланк.

АКШдагы жаңжалдар Вашингтон-Москва карым-катышын иш жүзүндө муздатып койду дегенге орусиялык талдоочулар да кошулат.

Саясат таануучулардын Валдай клубунун директору Дмитрий Сусловдун “Россия в глобальной политике” журналында жазганына караганда, “мамилени оңдоо жаатында кандай кадам же чектелген кызматташтык болбосун Трамптын администрациясына карата айыптоолордун жаңы толкунун жаратат жана ансыз деле аялуу кырдаалды курчутат”.

“Орусия АКШга карата эч кадам жасай албайт, себеби конструктивдүү демилгелер, конфронтациялык аракеттер да зыяндуу болот”,- деди орусиялык талдоочу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG