Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

НАТОнун Орусия чегиндеги машыгуусу


"Сувалки коридорун" коргоо боюнча машыгуунун жүрүшү. 17-июнь, 2017=жыл.
"Сувалки коридорун" коргоо боюнча машыгуунун жүрүшү. 17-июнь, 2017=жыл.

НАТО Польша - Литва чек арасында алгачкы аскерий машыгуусун өткөрдү. Түндүк альянстын аскерий жана саясий өкүлдөрү машыгуу болгон жана Орусиянын чегине жакын жердин стратегиялык мааниси бардыгына да көңүл бурушту. Мурда кабыл алынган чечимдерге ылайык, ушул дүйшөмбү күнү Латвияда НАТОнун көп улуттуу жаңы батальону да жайгаштырылды.

НАТОнун Чыгыш флангындагы өлкөлөрүндө 2014-жылдан бери утур-утур өтүп жаткан аскерий машыгуу бул ирет биринчи жолу Польша менен Литванын чек арасындагы коридорду коргоого көңүл бурду.

Узундугу 100 чакырымдан бир аз ашуун жана “Сувалки коридору” деп аталган бул аймак Орусиянын Калининград облусу менен Беларустун ортосунда жайгашкан.

Литванын машыгуудагы аскерлери. 17-июнь, 2017-жыл.
Литванын машыгуудагы аскерлери. 17-июнь, 2017-жыл.

Ал - НАТОнун Балтика боюндагы үч өлкөсүн альянстын калган мүчөлөрү менен жерден байланыштырган жалгыз аймак.

Батыштык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, “Сувалки коридорунун” стратегиялык мааниси жана аны коргоонун маңызы - Орусия ошол кууш аймакты оңой эле тороп, Балтика боюн НАТОнун калган бөлүгүнөн үзүп сала аларында жатат:

- Кол салууну албетте жокко чыгарууга болбойт. Калининград менен Беларустун ортосундагы бул аралык өтө эле кыска,104 чакырым. Эгер ушул жер жабылса, түндүк тараптагы үч союздашыбыз альянстын калган бөлүгүнөн потенциалдуу түрдө изоляцияда калат. Андыктан биз муну абдан маанилүү жер деп санайбыз. Демек, машыгуу керек, бул жер ачык турушун, өнөктөштөр менен байланышты кармай аларыбызды көргөзүүбүз абзел, - деди АКШнын Европадагы күчтөрүнүн колбашчысы, генерал Бен Ходжес машыгуу учурунда кабарчыларга.

"Сувалки коридорун” коргоо боюнча эки күнкү машыгууга АКШ, Польша, Британия, Литва, Хорватиядан 1500дөн ашуун аскер катышты. Тик учактар менен танктар дагы тартылды.

АКШнын машыгууга тартылган тик учактары. 17-июнь, 2017-жыл.
АКШнын машыгууга тартылган тик учактары. 17-июнь, 2017-жыл.

Аскерий иш-чаранын конок ээлеринин бири, Литванын президенти Далиа Грибаускайте машыгуну “НАТОнун аймактагы коопсуздукту камсыздоого даярдыгын жана берилгендигин көргөзгөнү” катары сыпаттады.

НАТОнун Балтика боюндагы мүчөлөрүндө Орусия “Сувалики коридорун” ээлеп алышы мүмкүн деген алгачкы кооптонуу 2014-жылы Крым Украинадан аннексиялангандан кийин чыккан эле.

Андан бери өзүнүн Чыгыш флангында ар кандай деңгээлдеги аскерий машыгууларды утур-утур кайталап жаткан НАТО Эстония, Латвия, Литва, Польшанын аймагында кошумча 4500 жоокер жайгаштырууну да чечкен.

Канаданын Латвияда жайгашкан аскерлери. 19-июнь, 2017-жыл.
Канаданын Латвияда жайгашкан аскерлери. 19-июнь, 2017-жыл.

Канада командачылык кылган ошол көп улуттуу батальондордун бирин Латвияда жайгаштыруу расмиси ушул дүйшөмбү күнү болду.

Түндүк альянс Чыгыш флангды чыңдоо кадамдарын Орусиянын ыктымал коркунучтарына байланыштырганы менен Москва тескерисинче НАТОну сындап келет:

- Азырынча биз (НАТОнун) аскерий инфраструктуранын өнүктүрүлүшүн жана ошол инфраструктуранын биздин чек араларга жакындоосун гана көрүп жатабыз. Бул бизди тынчсыздандырбай койбойт жана биз бул тууралуу көп эле жолу ачык айттык. Кошмо Штаттар өзүнүн союздаштарынан аскерий чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылып жатат, ошол эле учурда НАТО эч кимге кол салбайт деп да айтышууда. Эгер эч кимге кол салбасаңар, анда эмне үчүн аскерий чыгымды көбөйтүп жатасыңар? Албетте, бул бизде да кошумча суроолорду жаратат, - деген эле президент Путин жакында Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумда.

Москва да өз тарабынан буга чейин Батыш флангын бекемдөө боюнча чараларга барып, бул аймактагы аскерий округунда жаңы үч дивизия жана танк армиясын түзгөн.

Орусия, Беларус жана Сербия ай башында Беларустун Польша менен чек арасында аскерий машыгуу уюштурса, быйыл күздө Орусия менен Беларустун “Батыш -2017” деп аталган биргелешкен “стратегиялык машыгуусу” өткөнү турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG