Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:10

Дүйнө жүзүндө куралдуу күчтөргө сарпталган акча бир жыл ичинде 0,4 пайызга өсүп, 1 триллион 686 миллиард долларды түздү.

Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIRPI) 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган соңку баяндамасына ылайык, АКШ, Кытай жана Орусия армиясына эң көп акча сарптаган алдыңкы үч өлкө болуп калды.

Былтыр АКШ куралдуу күчтөрүнө 611 миллиард доллар, Кытай 215, Орусия 69,2 миллиард доллар бөлгөн. Орусия 2016-жылы армиянын акчасын 5,9 пайызга көбөйтүп, Сауд Арабиядан озуп чыкты.

Баяндаманын чоо-жайы тууралуу Стокгольмдогу уюмдун улук изилдөөчүсү Симон Веземан “Азаттык” радиосуна маек курду.

"Азаттык": Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институту дүйнөдөгү армия чыгымдары тууралуу соңку баяндамасын жарыялады. Бул жолу сиздерди таң калтырган кандай тенденцияларды байкадыңыз?

Симон Веземан: Дүйнөдө армияга сарпталган каражат өтө жогору бойдон кала берүүдө. Мындай абал 2009-2010-жылдардан бери сакталып келет. Азыр дүйнөдө армияга кеткен акча Кансыз согуш учурунан да жогору. Бул бир карасаң өтө таңкалычтуу.

2016-жылы мунайдын экспортуна көз каранды өлкөлөрдүн армияга бөлгөн каражаты азайды. 2014-жылдан баштап мунай баасы төмөндөдү. Натыйжада Жакынкы Чыгыш, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн кирешеси кескин кыскарды. Бул алардын коргоонуу бюджетине таасирин тийгизди. Мисалы 2015-жылы үчүнчү орунда турган Сауд Арабия бул жолу артка кетти.

Мындан тышкары Европа өлкөлөрү экинчи жыл катары менен куралдуу күчтөрүнө көбүрөөк каражат бөлүүдө. АКШ да 2010-жылдан берки төмөндөөдөн кийин биринчи жолу армиянын бюджетин көбөйттү.

АКШнын деңиз флоту
АКШнын деңиз флоту

"Азаттык": Сиздердин баяндамага ылайык, дүйнөдө армияга сарпталган каражат 0,4 пайызга өсүптүр. Бул көрсөткүч Кансыз согуш аяктаган учурдан бери жогору бойдон калып жатканын белгилеп өттүңүз. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн армияга каражатты көбөйтүүсүнө кайсы жагдайлар себеп болуп жатат?

Симон Веземан: Мунун артында көп себеп бар. Биринчиси - күчтүү жана реалдуу коркунуч. Мисалы, АКШ үчүн көптөн бери Ирак, Ооганстан маселеси, терроризм көйгөйү бар. Азыр эми Сирия маселеси турат. Башка көп өлкөлөрдө дүйнө же чөлкөм мурдагыдай коопсуз эмес деген кабылдоо бар. Аны Азиядан өтө жакшы байкаса болот. Кытай жыл сайын армияга бөлгөн акчасын олуттуу деңгээлде көбөйтүүдө. Муну Азиянын кеңири аймактары жана башка чөлкөмдөр да коркунуч катары көрүп жатат. Маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнүн жолдору чектелүү болгондуктан айрым өлкөлөр кооптонуп турушат.

Африкадагы бир катар мамлекеттердин армия чыгымын көбөйтүүсүнө ички чатактар себеп болууда. Алар козголоңчул аракеттерден же террорчулуктан коргонгусу келишет.

Үчүнчүдөн, Кытай, Индия жана Бразилия сыяктуу өлкөлөр дүйнөдөгү ири оюнчу болуп көрүнгүсү келишет. Ал үчүн экономика мүмкүнчүлүк берген деңгээлде аскердик кудуретти да күчтөндүрүүнү каалашат.

Кытай менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуусу, Кытай, 14-сентябрь 2016-жыл
Кытай менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуусу, Кытай, 14-сентябрь 2016-жыл

"Азаттык": Орусия Батыштын санкцияларына жана мунай баасынын төмөндөгөнүнө карабастан 2016-жылы армияга бөлгөн каражаттын көлөмү боюнча Сауд Арабияны артка таштап, АКШ жана Кытайдан кийинки үчүнчү орунга чыкты. Ошол эле учурда Батыш жана Борбор Европадагы өлкөлөр да армиясынын каражаттын көбөйтүп жатат. Муну Украинадагы окуялар же Батыш менен Орусиянын ортосундагы карама-каршылык менен түшүндүрсө болобу?

Симон Веземан: Сөзсүз түрдө. Орусия 2008-жылы Грузия менен аскердик чатакта армиясынын абалы жакшы эмес экенин түшүндү. Ага чейин Орусиянын армияга бөлгөн каражатты төмөн эле. Дал ошол мезгилде орус өкмөтү каражатты көбөйтүүнү чечкен. Андан бери Орусия армияны модернизациялоо аракетин көрдү. Ошондо эле Европа кооптоно баштаган.

Албетте, 2014-жыл бардыгын өзгөрттү. Крымдын аннексиясы жана Украинадагы жаңжалдан улам Батыш Европадагы өлкөлөр коркунуч бар деген бүтүмгө келишти. Алар мындай тагдырга Балтика өлкөлөрү да туш болушу мүмкүн деп ойлошот. НАТО уюмунун мүчөлөрү болгондуктан, ал мамлекеттерге жардам керек болот. НАТОдо Европа коопсуз деген кабылдоо өзгөрүп, оор кырдаалга даяр туруу аракети байкалууда.

Кыргыз аскери машыгуу учурунда
Кыргыз аскери машыгуу учурунда

"Азаттык": Борбор Азияга келсек, бул чөлкөмдөгү беш өлкөнүн аскердик кудурети бирдей эмес. Өзбекстан менен Казакстандын армиясы Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга салыштырмалуу кыйла күчтүү экени бышык. Борбор Азия өлкөлөрүнүн армияга акча бөлүү саясатына кандай баа бересиз?

Симон Веземан: Чынында айрым өлкөлөргө баа берүү өтө кыйын. Кайсы бир мамлекеттер куралдуу күчтөрүнө канча акча бөлөрү белгисиз. Мисалы, соңку он жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстан менен Түркмөнстандан армия чыгымдары тууралуу ишенимдүү маалымат жок. Казакстан менен Кыргызстан, кайсы бир деңгээлде Тажикстан бул маселеде кыйла ачык. Бул өлкөлөрдөгү армияга сарпталган акча бири-биринен өтө айырмаланып турат.

Чөлкөмдөгү дээрлик бардык мамлекеттер Орусиянын коргоосу алдында. Алардын дээрлик бардыгы Ооганстандагы жаңжал жайылып кетпейби деп кооптонушат. Орусия же аба базасы, же техникалык жардам аркылуу бул өлкөлөргө колдоо көрсөтүп келет. Анын жардамы көбүнчө ички коопсуздук коркунучтарына да багытталган.

Мамлекеттер ар башка деңгээлде армиясына көңүл бурууда. Кыргызстан улуттук дүң жыйымдын үч пайыздайын армиясына бөлөт. Казакстандыкы бир пайызды түзөт. Аскердик жабдыктарга келсек, Казакстан региондо курал сатып алууга эң көп акча сарптаган өлкө. Курал сатып алуу маселесинде Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан региондогу жетим балага окшош. Кээде алар Орусиядан колдонулган курал-жарактарды алса, кээде башка жерлерден чакан учактарды алып келишет. Алар колунда бар жабдыктар менен жан багууга аргасыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG