Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Оорлошкон кыргыз-орус мамилеси


Орусиянын Канттагы базасы
Орусиянын Канттагы базасы

Кыргыз президентинин Кант шаарындагы орус авиабазасынын мөөнөтү аяктап калды деп айтканы көп талкууга жем таштады.

"Русгидро" компаниясынын Жогорку Нарын каскадын курууга кеткен чыгымдарын доолап жатышы, Орусиядагы кыргыз мигранттарына мамиленин катаалдашы, күйүүчү майдын кымбатташы кыргыз-орус алакасынын оорлоп жатканынан кабар береби? Эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечеги кандай болушу керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясий серепчи Бакыт Бакетаев катышты.

“Азаттык”: Кыргыз президенти декабрь айынын башында Канттагы орус авиабазасынын келишимдик мөөнөтү аяктап калды, орус президенти аны туура түшүндү деп айтканын кыргыз тарап базаны бир тараптуу жабат деп түшүнсөк болобу? Мындай позиция канчалык деңгээлде Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келет?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Президент Атамбаевдин айтканы боюнча талдасак, авиабаза бүгүн-эртең жабылат деген сөз жок. Ал пикир 15 жылдан кийин база жабылып калышы мүмкүн деген түшүнүктү берди. Бул келечекте жасала турган иш десек болот.

16-сентябрь, 2016-жыл
16-сентябрь, 2016-жыл

Он беш жылдан кийин мамлекет башчысы ким болсо ошол кишинин позициясына жараша чечиле турган иш. База боюнча маселе Кыргызстандын кызыкчылыгын канчалык коргогонуна жараша чечилиши керек. Бүгүнкү күндө өз аба мейкиндигин коргогон куралдуу аскер күчүбүз жок. Ошондуктан Орусиянын авиабазасы азыр дүйнөдө терроризм коркунучу болуп турганда Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылып жатат десек болот.

Бакыт Бакетаев: Кант авиабазасы боюнча документтерди даярдоого жана ратификациялоого катышкам, анда мен Жогорку Кеңеште иштечүмүн. Убагында бул туура, калыс чечим болгонун билебиз.

База боюнча Атамбаев пикирин айтты, анткени ал бизге караганда көп маалыматтарды билет. Эл аралык мамилелер өтө татаал нерсе, баарын эле шардана кылбашы керек. Азыр Орусия менен Америка жакындашканга жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Бир кезде Орусиянын президенти орден менен сыйлаган адамды АКШнын жаңы шайланган президенти Трамп мамлекеттик катчы кылып дайындаганы жатат, ал тышкы мамилелер боюнча иш алып барат. Эгер Америка убагында Кыргызстанга авиабаза ачпаганда, Орусия дагы ачпайт болчу. Азыр бизден АКШнын транзиттик базасы кеткен, мүмкүн Орусияныкынын да кереги жок болуп калат.

“Азаттык”: Кеңешбек мырза, кыргыз президенти мындан ары коопсуздугубуз үчүн өзүбүздүн гана күчүбүзгө таянышыбыз керек деп көп айтат, ага кубатыбыз, күчүбүз жетеби?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жетпейт. Анткени терроризм дүйнөлүк көйгөйгө айланды, андан Орусия, Америка, Кытай дагы баары запкы тартып жатышат. Ошону биз кантип чечмек элек?

1999-жылы бизге душмандар кирип келгенде, өз учактарыбыз жок болгондуктан Өзбекстандан жардам сураганбыз. Маалыматты туура эмес берип коюшканбы, душмандар эмес, биздин Карамык айылы, анын тургундары жабыр тартпадыбы.

Бүгүнкү күндө ошондогу абалыбыз түп-тамырынан өзгөрүп кеткен жок. Жаңы тик учактарды алып, аскерлерибизди күчтөндүрүп койгон жокпуз. Биз ошондо кандай көз каранды болсок, азыр деле мурдагыдай эле абалдабыз. Ошондуктан орустун базасы бизге керек. Өзүбүз баарын куруп, баарын салып, даярдап койгондон кийин гана аларды чыгаруу жөнүндө сөз кылса болот.

Бакыт Бакетаев: Чоң геосаясатта Орусия Кыргызстанга терс мамиле кылбайт. Анткени биз Орусия менен ондогон жылдар бою бир чоң саясаттын нугунда жүрөбүз. Бизди алар кандай да болсо таштабайт. Эгерде биз башка армияга баш ийип калсак, эгемендүүлүгүбүз эмне болот? Орусия бизден кетип калса, Америка бир заматта келет.

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

Орусиялык басылмалар бул жумада "РусГидро" ишканасы расмий Бишкектен акча доолап жатканын, ал эми Душанбе мигранттарына Москвадан жеңилдик сураганын, Москва болсо Ташкентти өзүнө имергиси келип турганын жазышты.

“Азаттык”: Кеңешбек мырза, Орусиянын “Русгидро” компаниясынын Жогорку Нарын каскадындагы 37 миллион долларлык чыгымдарын тезинен төлөөнү доолап жатышы, төлөнбөсө соттошуу жараянын баштоону эскертти, мунун артында эмне бар, жөнөкөй эле экономикалык эсептешүүлөрбү же саясий боёгу барбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бул маселени экономикалык өңүттөн, көз караштан карашы керек. Эки тарап тең жакшы ойлор менен келишимге келип, кол коюлуп, иш башталды эле кандай чоң рекламалар болгон. Азыр болсо адам ыйлай турган абалга түшүп калды. Эмне үчүн? Кыргызда жакшы накыл кеп бар “жаман үйдү коногу бийлейт” деген. Бизге келгенине бардык шарттарды түзүп берсек, каалагандай иштеп баштады, каалагандай акча сарпташты.

Биздин чиновниктер эмнени карап отурушту? Аларды сурап, талап койгон адам болгон эмес. Эми орус тарап келишимдердин негизинде бизди бурчка такап жатат. Биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргой албай мококтук кылып жатабыз. Керек болсо эл аралык аудитти, биздин Эсеп палатабызды чакырып, текшерип алдына кагазды таштап коюшубуз керек. Ошондо бул маселеде канчалык экономикалык кызыкчылык, канчалык саясий кызыкчылык экендиги билинет.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG