Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

АКШ: Трамп уулун коргоп чыкты


Дональд Трамп тун уулу менен былтыркы шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнүндөгү жыйында, Нью-Гэмпшир штаты. 07.11.2016. AFP.
Дональд Трамп тун уулу менен былтыркы шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнүндөгү жыйында, Нью-Гэмпшир штаты. 07.11.2016. AFP.

АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык адвокат менен жолукканы үчүн сынга кабылган тун уулун коргоп чыкты. Ал бул кездешүүдөн өөн нерсе көрбөй турганын Рейтер агенттигине курган маегинде билдирди. Демократтар кенже Дональд Трампты эл алдында көрсөтмө берүүгө чакырып жатышат.

Кенже Дональд Трамптын орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен былтыркы кездешүүсү боюнча АКШ президенти өзү 12-июлда үн катты. Ал Рейтер агенттиги менен маегинде аты уйкаш тун уулунун бул жолугушуусу тууралуу бир нече күн мурда гана билгенин, бирок кенже Трампты күнөөлөгөнгө негиз жок экендигин айтты.

- Менимче, көп адамдар эле мындай жолугушууга бармак. Бул 20 мүнөттүк гана кездешүү болгон экен, - деп билдирди президент Трамп.

Кенже Дональд Трамп орус адвокаты менен 2016-жылдын июнь айында тааныштарынын өтүнүчү менен жолукканын, ал жолугушууга Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана ошол учурдагы шайлоо штабынын жетекчиси катышканын моюнуна алган. Президенттин уулу бул кездешүүнү өткөрүүгө себеп болгон электрондук кат алышууларын жарыялап, ал каттарда орус тарап демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду ашкерелеген маалыматтарды Трамптын шайлоо штабына бере алары айтылат.

Кенже Трамп 11-июлда "Фокс-Ньюс" каналы менен маегинде орус адвокаты менен жолугушуудан шайлоодо колдонууга жарай турган эч нерсе чыкпаганын айткан.

Орусиялык адвокат Наталья Весельницкая
Орусиялык адвокат Наталья Весельницкая

Бирок демократтар бул каттар Трамптын штабында 8-ноябрдагы шайлоону жеңүү үчүн орус тараптын жардамын кабыл алуу ниети болгонун күбөлөдү деп белгилеп жатышат. Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер президенттин тун уулун эл алдында ачык көрсөтмө берүүгө чакырды:

- Бул электрондук каттар президент жана анын администрациясынын "байланыш болгон эмес" деп айткандарын жокко чыгарат. Эми атайын прокурор жана Сенаттын юстиция жана чалгын комитеттери өз иликтөөлөрүн улантууга милдеттүү. Экинчиден, кенже Трамп жана шайлоо штабынын башка кызматкерлери иликтөөчүлөр сураган документтерди бериши керек. Мындан тышкары кенже Трамп коом алдында көрсөтмө бериши зарыл.

Демократ конгрессмендер кенже Трамптын бул кездешүүсү шайлоо мыйзамдарын бузду деген жүйө менен АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына арыз жолдошту. Конгресстеги бир канча комитет бул жолугушуунун АКШ шайлоосундагы Орусиянын ыктымал ролу тууралуу иликтөөлөргө тиешеси бар же жогун аныктоо аракетин көрө баштады.

Кенже Дональд Трамп Нью-Йорктогу "Трамп Тауэр" имаратында
Кенже Дональд Трамп Нью-Йорктогу "Трамп Тауэр" имаратында

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо кенже Трамп менен орусиялык адвокаттын жолугушуусунан чуу чыгарууга негиз жок экенин айтты:

- Орусиялык адвокат аял күнөөлөнүп жатканын же аны менен байланышканы үчүн Трамптын уулу күнөөлөнүп жатканын угуп таң калдым. Жалпысынан мен үчүн бул жапайычылык. Себеби, кайсы бир адамдын адвокат менен жолугушуусунан кандай коркунуч же маселе жарылышы мүмкүн?.

Жыл башында АКШнын чалгын кызматтары орус тарап Трампты колдоо максатында хакердик чабуулдар аркылуу Хиллари Клинтондун беделин түшүрүү аракетин көргөн деген тыянагын жарыялашкан. Кремл мындай маалыматтарды баштан бери төгүнгө чыгарып келет.

Президент Трамп өткөн аптада орус президенти Владимир Путин менен жолукканда да бул маселени такып сураганын, орус тарап дооматтарды четке какканын айткан.

Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен орус тараптын ыктымал байланыштары тууралуу иликтөөлөр улантылып жатканына карабастан, Ак үйдө маанай мыкты экенин соңку маегинде билдирди. Ал бейшембиде эки күндүк визити менен Францияга келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG