Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Трамп Орусия менен планынан кайтты


АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти менен жолугушууда киберкоопсуздук боюнча биргелешкен топ түзүү тууралуу макулдашпаганын билдирди. Буга чейин Трамп Путин менен ишембиде сүйлөшүп, киберкоопсуздук боюнча топ түзүү маселеси да козголгонун айткан. Мындай форматтагы кызматташуу демилгеси републикачылардын да, оппозициядагы демократтардын да сынына кабылды.

“Президент Путин менен киберкоопсуздук боюнча топ уюштурууну талкуулаганыбыз. Бирок бул факт андай топту түзсө болот деп эсептөөгө жатпайт. Түзүлө албайт”, – деп жазды Трамп Твиттерге.

7-июлда президенттер Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммити маалында дээрлик эки сааттык сүйлөшүү өткөрүшкөн. Жекшембиде Трамп ал кездешүүдө эки өлкөнү тең хакердик чабуулдардан коргоого жардам берчү киберкоопсуздук боюнча топ түзүү маселеси козголгонун айткан.

Орусиянын мамлекет башчысы да ошондой топ тууралуу макулдашылганын билдирди. РИА Новости Путиндин төмөнкүдөй сөздөрүн мисал келтирген:

- Кошмо Штаттардын президенти менен жумушчу топ уюштуруу жана кибер мейкиндиктеги коопсуздукту чогуу көзөмөлдөө, бул чөйрөдө эл аралык нормаларды сактоону камсыздоо, башка өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Орусия менен АКШнын ички ишине кийлигишүүнүн алдын алуу жагынан биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдаштык.

Арийне мындай форматтагы кызматташуу идеясы републикачылардын да, демократтардын да сынына кабылды.

Америкалык чалгындоо агенттиктери Орусия Трамптын жеңишин камсыздоо үчүн АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкен, буга президент Путин өзү көрсөтмө берген деген тыянакка келишкен. Кремл бул дооматтарды четке какты.

Былтыр республикачылардын атынан президенттикке ат салышууга аракеттенген сенатор Марко Рубио муну «химиялык курал маселесинде Сирия президенти Башар Асад менен биргелешип иштөөгө» салыштырды.

«Реалдуулук жана прагматизм Владимир Путин менен кызматташууну талап кылганы менен, ал эч качан ишеничтүү союздаш же конструктивдүү өнөктөш болбойт», - деп жазды Рубио Твиттерге.

Былтыркы ички ат салышууга катышкан дагы бир республикачыл сенатор Линдси Грэхэм «бул мен буга чейин уккан эң акылсыз идея эмес, бирок ага өтө жакын» деп комментарийледи.

Эн-Би-Си телеканалына берген интервьюда сенатор «Трамп, сыягы «бардыгын унутууну жана кечирүүнү» көздөйт. Жеке менде бул Орусияга каршы санкцияларды караган мыйзам жактырылса экен деген мүдөөнү күчөтөт» деди.

Грэхэм Трамп Ооганстан, Түндүк Корея жана терроризмге каршы күрөш өңдүү маселелерде жакшы иштеп жатат деген ойдо экенин кошумчалады. Бирок Орусияга келгенде “азиз болуп калгандай” деди сенатор.

- Трамп Орусиядан башка дүйнөнү жакшы түшүнөт. Президент мырза, сиз Орусияга тиешелүү кечирүү жана түшүнүү позицияңыз менен бул улутту жетектөө жөндөмүңүзгө көлөкө түшүрүп, демократиянын мокочосу Путинге мүмкүнчүлүк берип жатасыз. Мен муну түшүнбөй жатам.

Буга үндөш пикирин Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы директору Жон Бреннан Эн-Би-Си телеканалынын жумалык саясий программасында ортого салды:

- Путин менен көпкө сүйлөшкөнүн оң баалайм. Бирок жолугушуунун жуп алдында президент Путин менен кездешүү “сыймык” деп айтты. Биздин шайлоого чабуул жасаган адам менен жолугушуу сыймыкпы? Мен үчүн минтип айтуу сыймыкка татыбайт.

Ал эми Трапмтын республикачылар лагериндеги дагы бир сынчысы Жон МакКейн Трамп Орусияны жазалагысы келбейт деген оюн билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG