Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Путин: Орусия менен АКШнын мамилесин оңдосо болот


Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ менен мамилени жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Гамбургдагы “Чоң жыйырманын” саммитинен соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен алгачкы жолугушууга оң баасын берди.

Орус президенти жолугушуу учурунда Трамп АКШдагы шайлоого Москванын ыктымал кийгилишүүсү тууралуу маселени бир нече жолу көтөргөнүн билдирди. Путиндин пикиринде, Трамп бул маселе боюнча орус тараптын жообун эске алды. Ал эми Сирия маселеси боюнча АКШнын позициясы прагматикалык мүнөзгө өткөнүн орус лидери белгиледи.

Украинадагы абалга токтолгон Путин кошуна эки элдин кызыкчылыктары дал келерин айтып, бирок Украинанын учурдагы бийлиги бул көз карашты колдобой жатат деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG