Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Иран жана Орусия АКШнын эскертүүсүн сындады


Президент Башар Асад орус учагына түшкөн учур. 27-июнь, 2017-жыл.
Президент Башар Асад орус учагына түшкөн учур. 27-июнь, 2017-жыл.

Иран Кошмо Штаттарды Сирияда ал атагандай “коркунучтуу эскалация” үчүн айыптады. Тегарандын мындай айыптоосу алдында Вашингтон президент Башар Асаддын режими дагы бир химиялык чабуул жасоого даярданып жатышы мүмкүн жана мунун куну алар үчүн кымбатка турат деп эскерткен эле. АКШнын эскертүүсүн орус расмийлери да сынга алышты.

Сирия өкмөтү дагы бир химиялык чабуулга даярданып жаткандай деген соңку эскертүүнү АКШ бийлиги 27-июнь күнү жасаган эле. Ошол эле күнү француз президенти Эммануэл Макрон президент Дональд Трамп менен телефон сүйлөшүүсүндө кокус Сирияда химиялык чабуул болсо чогуу-чаран жооп берүү зарылдыгын макулдашкан.

Пентагондун маалыматына караганда, мындай даярдыктан кабар берген иштер Сирия армиясынын "Шэйрат" аба базасынан байкалган.

Ак үйдүн билдирүүсүндө белгиленгендей, дал ушундай эле активдүүлүк быйыл 4-апрелде козголоңчулар колундагы Хан-Шейхун деген шаарчага курамында зарин газы бар бомба абадан ташталды делген окуя учурунда көрүлгөн.

Анда химиялык газдан ондогон сириялыктардын өмүрү кыйылышына жооп чара иретинде АКШ "Шэйрат" аба базасына Жер Ортолук деңиздеги кемесинен канаттуу ракеталар менен сокку урган эле.

"Шэйрат" аба базасы АКШ соккусунан кийин. 7-апрель, 2017-жыл.
"Шэйрат" аба базасы АКШ соккусунан кийин. 7-апрель, 2017-жыл.

Дамасктагы бийлик ал химиялык чабуулга тиешеси бардыгын четке каккан. Президент Башар Асад мурдараак Хан Шейхун окуясын жасалма деп атаган болчу.

Ал эми бул ирет Асад 27-июнь күнү Сириянын батышында Орусиянын учактары менен аскерлери турган базага барган кезинде АКШнын жаңы ыктымал химиялык чабуул боюнча эскертүүсүнө жооп кайтарган жок. Бирок Асаддын өкмөтүнүн өнөктөштөрү ага жооп беришти.

Маселен, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Твиттер социалдык түйүнүндөгү баракчасында АКШнын эскертүүсүн “жалган жүйөгө негизделген Сириядагы дагы бир коркунучтуу эскалация” деп мүнөздөп, бул “Ислам мамлекети” тобунун гана пайдасына ойнорун кошумчалады. Орусия болсо АКШнын эскертүүсүн “кабыл алынбай турган коркутуу”, - деп сыпаттады.

Ак үй Сириядагы ыктымал химиялык чабуул боюнча акыркы эскертүүсүндө бул ирет ага Иран менен Орусия да жоопкер болорун ишара кылган.

“Биздин максат - Асадды эле эмес, Орусия менен Иранды да кулак кагыш кылуу”,- деген эле АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт 27-июнда, Вашингтондогу басма сөз жыйында бул маселени комментарийлеп жатып:

- Биз өткөнгө көз чаптыруубуз керек да, туурабы? Баарыбыз күбө болгондой 2015-жылы Сирия режими кулар алдында аларга ким жардамга келди эле? Орусия келген. Орусия келип, Сириянын күчтөрүнүн чыңалуусуна жардам берди, анын артынан биз адам өмүрүнүн кыйылышын, кыйроолорду, талкаланууларды көрдүк. Биздин Орусия да жоопкер деп айтканыбыздын себеби - бул иште алардын да ролу бардыгына байланыштуу. Президент Башар Асаддын режимине алардын таасири чоң. Биз аларды Асаддын режимине бул ишмердикти (химиялык курал колдонууну) токтотуусу үчүн басым жасоого ырааттуу чакырып келе жатабыз.

АКШ-Орусия мамилесинде Сирия боюнча чыңалуу сакталып турат.

Кошмо Штаттар жакында алар колдогон күчтөргө коркунуч жаратты деген жүйө менен Сириянын өкмөттүк аскерий учагын атып түшүргөн соң Москва Сириянын аба мейкиндигинде инциденттердин алдын алуу боюнча меморандумду бир тараптуу токтотобуз деп дагы бир жолу жарыялаган.

Акыркы апталарда АКШ ошондой эле Сириянын асманынан Иранда жасалган бир нече дронду да атып түшүрдү. Сирия өкмөтүнө өнөктөш, Иран колдогон кошуундарды бомбаланган учурлары да болду.

Ракка шаарын бошотуу үчүн АКШ машыктырган күчтөр. 17-июнь, 2017-жыл.
Ракка шаарын бошотуу үчүн АКШ машыктырган күчтөр. 17-июнь, 2017-жыл.

Сирияда аскерий турумун чыңдап, жоокерлеринин санын 1000ге жеткирди. Пентагон муну “Ислам мамлекети” тобуна каршы операциялар менен түшүндүрүүдө.

Жеринде азыр АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун таянычы саналган Ракка шаарын бошотуу аракетин көрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG