Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

"ИМ" таяныч шаарларынан чегинүүдө


Ракка менен Мосул “Ислам мамлекети” террор тобунан аз күндө бошотулары кабарланууда. Мындагы операциялар ийгиликтүү жыйынтыкталса террорчул топ чоң жеңилүүгө учурары белгиленет.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында быйыл үч жылдан бери биринчи ирет Орозо айт белгиленди. Балдар октон жашынып үйдө бекинбестен селкинчек тээп, көчөдө ойноп жүрүштү:

- Бул бактылуу Айт майрамы. Аллага шүгүр, "Ислам мамлекети" тобунан, келемиштерден арылганыбызга кубанычтабыз. Бул жагымдуу Айт, кудайга шүгүр, биз бактылуубуз. Бул чоң кубаныч, - деди досторун кучактаган жеткинчек Махер Бакр.

Оюн тилкесинин ары жагындагы согуштун издери - урандылар эми чоңдордун баш оорусу.

- Кудайга шүгүр, коопсуздук калыбына келтирилди. Биз үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Өзүңүз көрүп жаткандай, адамдар ырахаттаныш үчүн бул жакка келип жатышат жана азыр абал жакшы экенин дүйнөгө көрсөтөт. Мухаммед Пайгамбардын элинде тынчтык болсун, - дейт, мындагы этникалык түркмөн Хуссам Ганим.

Шаардын чыгыш бөлүгүндө октун үнү басылганы менен бир нече чакырым батыш ыптасында бомбанын жарылуусу, артиллериянын үндөрү жаңырат. Ал Тигр дайрасынын аркы жээги Мосулдун Эски шаар аттуу бөлүгү.

- Эски шаардын 65-70 пайызы бошотулду. Бир чарчы чакырымдан азыраак жерин алышыбыз керек, - деди 25-июнда подполковник Салам ал-Обейди "Франс пресс" агенттигине.

Анча жерде 350дөй террорчу калды дешет. Бирок эл да жыш болгондуктан аларды сүрүп чыгуу оңойго турбай жатат. Ошентсе да контртеррористтик миссиянын жетекчиси, генерал-лейтенант Абдулвахаб ал-Саади “Операцияны аз күндө жыйынтыктайбыз. Аяктарына аз эле калды. Бир нече күн калды”, деди ишенимдүү.

Ирак аскерлери калаа үчүн сегиз айдан бери салгылашууда. Эски шаар өкмөттүн колуна өтсө, Мосул толук бошотулду дегенди билдирет. Бул терроризмге каршы күрөшкөндөр үчүн чоң жеңиш. Анткени шаар “Ислам мамлекети” террор тобунун Ирактагы борбору же таянычы саналып келди.

Үч жыл мурда июлда алар Мосулду басып алып, лидери Абу Бакр ал-Багдади мындагы "Ал-Нури" мечитинде Ирак менен Сирияда “халифат орноду” деп жарыялаган эле. Баса, террорчулар жакында эле чегинип баратып 850 жыл мурда салынган ал тарыхый мечитти жардырып жок кылышты.

Ал-Багдадинин өзү орусиялык аба чабуулунун натыйжасында өлгөнү кабарланууда. Бирок анын чын-бышыгы тактала элек.

Карапайым адамдар - тирүү калканч

Бул тапта араб-күрттөрдүн “Сирия Демократиялык күчтөрү” альянсы Сириянын Ракка шаарында ушул эле “Ислам мамлекети” террор тобун сүрүп чыгарууга аз калганы кабарланууда.

Раккадагы күрд жоокери
Раккадагы күрд жоокери

Альянс үч күн тынбай салгылашып, жекшембиде Ракканын четиндеги Ал-Кадисия районун алды.

Ракка “Ислам мамлекети” террор тобунун Сириядагы таянычы эсептелет. Мында да жоочулар миңдеген карапайым элди тирүү калкан катары кармагандыктан операция өтө кыйынчылык менен алга жылууда.

Эки өлкөдө тең антитеррордук операцияларга АКШ күчтөрү абадан жана жерден колдоо көрсөтүүдө. Бирок Ирак менен Сирияда өзөктүү шаарларынан ажыраган күндө да “Ислам мамлекети” террор тобу бул эки өлкөдөгү айрым райондорду дале көзөмөлдөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG