Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Кенже Трамп шайлоо боюнча "агынан жарылды"


Дональд Трамп кенжеси
Дональд Трамп кенжеси

АКШда өткөн былтыркы шайлоо чуусу кайра күчөп бараткандай. Бул ирет президенттин уулу – кенже Дональд Трамп көңүл борборунда. Ал орусиялык адвокат аял менен жолукканын моюнга алды. Мыйзамгерлер кенже Дональдды сынга алып, анын Конгрессте маалымат берүүсүн талап кылышты.

Орус жараны менен жолугуунун таржымалы

Кенже Дональд Трамп АКШ президентинин тун уулу.

Ал 2016-жылдын июнь айында Орусиянын жараны менен жолукканын 11-июлда "Фокс Ньюс" телеканалына берген маегинде моюнга алды.

Ага удаа эле Твиттердеги баракчасына Роб Голдстоун аттуу адам менен жазышкан катын жарыялады. Анда орусиялык ишкер Арас Агаларовдун Эмин аттуу уулунун өтүнүчү тууралуу сөз болгон.

Ата-бала Трамптар өткөн жылкы шайлоо кампаниясы учурунда
Ата-бала Трамптар өткөн жылкы шайлоо кампаниясы учурунда

“Орусия-Клинтон конфиденциалдуу маалымат" деп тема коюлган ал жазышууда Голдстоун кенже Трампка Клинтонго байланыштуу компроматтар бар экенинен кеп козгойт. Ал үчүн орусиялык бир аял менен жолугары тууралуу жазылат.

Ал аял Наталья Весельницкая аттуу орусиялык адвокат болуп чыкты.

Бирок кенже Дональд анда атасынын президенттик кампаниясына пайда алып келчү эч нерсе албаганын жана жолугушуу тууралуу атасына ныпым ооз ачпаганын айтып актанууда:

- Анын эч нерсеси жок, мындай эле бирдеке болчу. Айтайын дегеним, сиздер маселени казбасаңар мен аны эстемек да эмесмин. Ал болгону текке кеткен 20 мүнөт болчу, - дейт кенже Трамп маегинде.

Ошол эле учурда атасынын каршылашы Хиллари Клинтонго зыян келтирүү максатын көздөбөгөнүнө ишендирүүдө. Ошол эле учурда “Бул мен үчүн оппозицияны иликтөө болгон” деп, өзү жолуккан тарап Клинтонго каршы “конкреттүү далилдерди” берерине үмүттөнгөнүн кошумчалайт.

Наталья Весельницкая
Наталья Весельницкая

Аты аталган адвокат Наталья Весельницкая да Москвадан үн катты:

- Мага кенже Трамп менен жолугуу сунушталганда мен аны менен жеке кырдаалда жолуккам. Анын келечектеги же ошондогу талапкердин уулу экенине байланышпаган, жекече жолугушуу болгон. Менин саясатты түшүнө бербегенимди кечирип койгула, бирок мен анда Трамп республикачылардын жападан жалгыз талапкери беле же жокпу билген эмесмин. Ал мага таптакыр кызыксыз эле. Мен саясатка кызыкпайм.

Весельницкая ушу тапта кимдир бирөөнүн эмес өзүнүн гана кызыкчылыгын коргой турганын айтууда. Ал Клинтон тууралуу маалыматы болгонун четке кагып, маалымат бар деп кенже Трампка башкалар айтканын белгиледи.

Бул тапта Весельницкаянын Кремль менен байланышы тууралуу да айрым маалымат каражаттары жазышып, аны орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков четке какты.

Конгрессмендердин ачуусу

Ушул эле күнү АКШдагы Ак үйдүн пресс кызматкери Сара Сандерс "Президент бул теманы талкуулоо ордуна экономика, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жаатында сүйлөшүүнү каалайт" деп билдирди. Муну менен ал президент шайлоо чуусун талкуулоону жактырбай турганын ачык ишарат кылды.

Бирок конгрессмендер Орусиянын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсүнө кошумча далил болушу ыктымал деген бул маалыматтарды кыя кетирбейт өңдүү.

Жон Маккейн
Жон Маккейн

- Мен бардык деталдарын түшүнө албай жатам, анткени биз бардык майда-чүйдөсүн биле бербейбиз. Бул олуттуу иш экенин билем. Бирок мунун, жагдайдын олуттуу экенин, аягы алыс экенин тээ мурда эле айткам, - дейт республикачы салмактуу сенатор Жон Маккейн. Ал эми анын демократ кесиптеши Камала Харрис:

- Сөзсүз түрдө бул чочулатат. Ачыгын айтканда, ал адам балким орус өкмөтү же орус жараны менен байланышы бар деген маалымат болгондо алар дароо ФБРге чалышпаганы маанилүү болуп жатат.

Булардан башка да конгрессмендер кенже Трамп эле эмес, ал айткан маалыматка тиешелүү баары менен жолугууну көздөп жатышканын билдиришти. Айрымдар электрондук почтадагы кат алышуу картинанын бир гана бөлүгү деп, дагы көп маалыматтар калкып чыгат деген ойдо турушат.

Баарынан сенатор-демократ Рон Виден катуураак айтты. Ал жарыялаган электрондук кат алышуу кенже Дональд Трамптын "Америкадагы демократияга доо кетирүү үчүн душмандашкан башка мамлекет менен сүйлөшүүгө аракет кылганын көрсөттү", - деди.

Президент Трамп болсо муну күлкүлүү деп атап, уулун “өлкөбүздү сүйгөн чыгаан киши” деп Твиттерде мактады.

Кабат-кабар иликтөөлөр

Өткөн жылы президенттик шайлоо кызып турганда Демократиялык партиянын, анын талапкери Хиллари Клинтондун электрондук почтасына хакердик чабуулдар болгон. Кийин АКШнын атайын кызматтары аны орусиялык хакерлер ишке ашырганын, башында орус президенти Владимир Путин өзү турганын билдиришкен. Орус тарап шайлоодо Трампка жардам берүү максатында буга барган деп айтылып келет.

Москва дооматтарды жокко чыгарып, "киберчабуулга айыптоодон мурда далил көрсөткүлө" деп келет. 7-июлда Трамп менен Путин Гамбургда жолукканда сүйлөшүүсүн адеп ушул темада башташканы айтылды.

Акыркы жаңылыктарга байланыштуу Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-июлда Брюсселде айыптоолорду “чымындан пил жасоо” аракети катары баалады.

Ушу тапта киберчабуул маселесин Конгресстин бир катар комитеттери, ФБР иликтеп жатат. Мындан тышкары Орусия менен Трамптын ыктымал катышын иликтөө үчүн атайын прокурор да бекитилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG