Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Трамп Путин менен "тил табышканын" айтты


АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен "жакшы тил табышканын" билдирди. CBN телеканалынын негиздөөчүсү Пэт Робертсонго курган маегинде америкалык лидер АКШ Орусия сыяктуу эле күчтүү өзөктүк держава экенин, ошондуктан бул эки мамлекетке "кандайдыр бир мамиленин" кереги жоктугун айтты. Трамп Путин менен жолугушуусунун маанилүү жеткишкендиги катары Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарда жарашуу тууралуу келишимге жетишкенин белгиледи. АКШ Сириянын куралдуу оппозициясын, ал эми Орусия Башар Асаддын режимин колдоп келери белгилүү.

Ошондой эле америкалык лидер Путин үчүн АКШдагы президенттик шайлоодо демократтардын талапкери Хиллари Клинтон утуп чыкканы ыңгайлуу болмогун айтып, мунун себебин коргонуу чыгашаларын көбөйтүүнү көздөп жатканы менен түшүндүрдү.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин алгачкы жеке жолугушуусу "Чоң жыйырманын" Гамбург саммитинде кулуарда болуп, пландалган 35 мүнөттүн ордуна эки сааттан ашык убакытка созулган.

XS
SM
MD
LG