Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:01

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Орусияга салынган санкциялардын таасири Казакстанга да тийиши мүмкүндүгүн билдирди. Казак экономисттери АКШнын жаңы санкцияларынан өзгөчө өлкөнүн мунай тармагы жабыркашы мүмкүндүгүн айтышат.

АКШ менен Орусия ортосундагы жаңы араздашуулар эки өлкөгө гана тиешелүүдөй көрүнгөнү менен казак президенти анын иш жүзүндөгү кесепетине көңүл бурду. Нурсултан Назарбаев бул аптада премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолукканда Батыш санкцияларынын таасирин көз жаздымда калтырбоого чакырды:

- Жыл соңуна дейре тобокелдиктер бар. Биздин энергия булактарыбыздын жана чийки заттарыбыздын баасы олку-солку болууда. Батыштын Орусияга салынган санкцияларынын таасири болушу мүмкүн. Аны эске алуу керек.

Орусия, Түндүк Корея жана Иранга киргизилген санкцияларды бекемдеп, алардын үстүнө жаңысын да кошкон АКШ Конгрессинин мыйзамына президент Дональд Трамп 2-августта кол койгон. Ошол эле күнү Казакстандын акча алмаштыруучу жайларында теңге долларга карата арзандай түшкөн.

Жаңы санкция мыйзамы америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай ишканалары менен кызматташууга да чектөө коет.

Казакстандын Кызылорда аймагындагы мунай жумушчулары
Казакстандын Кызылорда аймагындагы мунай жумушчулары

Financial Times басылмасы жазгандай, Американын мунай өндүрүшүндөгү гиганттар - Chevron менен Exxon Mobil компанияларынын Казакстандын Тенгиз мунай кенинде үлүштөрү бар. Бул эки компания өткөн жылы 37 миллиард долларлык инвестиция келишимине макулдук берген.

Тенгиз мунай корунан чыккан кара май Орусия аркылуу Кара деңиз аймагына жеткирилет. Аны жеткирүүдө Каспий куур концорциумунун түтүктөрү колдонулат. Бул концорциумдун 31 пайызына орус мамлекети ээлик кылат. Анда санкцияга кабылган орусиялык "Роснефть" жана "Лукойл" компанияларынын үлүштөрү бар.

АКШнын санкция мыйзамында Казакстандын мунай тармагын коргогон кандай шарттар бар экени белгисиз. Бирок казак экономисти Токтар Эсиркеповдун пикиринде, санкциялардын кесепети болбой койбойт:

- Мунай-газ, чийки заттар Казакстан үчүн негизги секторлор. Экспортубуздун басымдуу бөлүгүн чийки зат, мунай түзөт. Ошондуктан мунай-газ жаатындагы санкциялар алды менен Орусияга таасирин тийгизет. Орусия аркылуу бизге таасир этпей койбойт. Казакстанда өндүрүлүп жаткан мунай-газдын айрымдарынын акционерлери - булар Орусиянын компаниялары. Ошондуктан орус компаниялары турган жерде баары бир санкциянын изи бар.

Санкциялардын таасири болорун АКШ менен Евробиримдиктин 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин Орусияга киргизген чаралары да күбөлөгөн. Бириккен Улуттар Уюмунун эсептөөсү боюнча, Орусия Батыштын санкцияларынан улам соңку үч жылда 55 млрд доллар же Ички дүң өндүрүмүнүн 1% жоготкон. Орус экономикасындагы солгундоого дүйнөдө мунай баасынын арзандашы да кошул-ташыл болгон.

Мындай жагдай орус жергесинде иштеген борборазиялык мигранттардын капчыгынан тарта Орусия менен тыгыз байланышы бар чөлкөмдүн экономикасына чейин таасирин тийгизген. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулган учур да орус экономикасындагы олку-солку мезгилге туш келген.

Кыргызстандык экономист, Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын башчысы Искендер Шаршеев санкциялардын Кыргызстанга да ыктымал таасирлери тууралуу ой бөлүштү:

- Инвестициялар келбей калышы мүмкүн. Мурда сүйлөшүлгөн келишимдер аткарылбай калышы ыктымал. Негизи экономикага бир топ эле кедергисин тийгизиши мүмкүн. Биз акча алып жаткан базарлар - Орусия менен Казакстан - солгундаса, анда биздин экспортерлор да жетиштүү киреше таппай калат.

Бирок жаңы санкциялардын пайда-зыяны тууралуу кыргыз экономикасынын башында тургандар азырынча үн ката элек. Батыштын дооматтарын четке каккан Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев болсо орус тарап санкцияларга көнүп бүткөнүн, жаңы чаралардан кийин кол куушуруп отуруп калбасын айткан.

"Блумберг" басылмасы өз анализинин жыйынтыгында Орусиянын экономикасында эки жылдык рецессиядан кийин быйыл өсүш байкалат деп кабарлаган. Жаңы санкциялар бул өсүштү канчалык жайлатары азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG