Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Иран АКШнын үстүнөн арызданды


Иран.
Иран.

Иран Кошмо Штаттар өткөн айда Тегеранга каршы жаңы санкцияларды жарыялоо менен 2015-жылкы келишимди бузууда деп арызданды. Жазалоочу чаралар Иран июлда баллистикалык ракетасын сынагандан кийин кабыл алынган. Вашингтон менен Тегеран атомдук программа боюнча келишимдин “духун” сактабайт деп, бири-бирин айыптап келатышат.

Иран парламентинин спикери Али Ларижани 1-августта "Тасним" кабар агенттигине билдиргендей, Вашингтон эки жыл мурда Ислам жумурияты менен алты дүйнөлүк держава ортосунда жетишилген келишимди бузуп жатат деген арыз ошол документтин аткарылышын көзөмөлдөгөн комиссияга жөнөтүлдү.

Өткөн айдын этегинде Тегеран Жер орбитасына сателлит жеткирүүгө кудуреттүү ракета учургандан кийин АКШнын Финансы министрлиги баллистикалык ракеталарды чыгаруу иштерине катышкан деп ирандык алты фирмага каршы санкция жарыялаган.

Конгресс ошондой эле Түндүк Корея, Иран жана Орусияга кошумча санкцияларды киргизе турган мыйзамды жактырып, президенттин кароосуна жөнөткөн.

Ирандын президенти Хасан Роухани бул мыйзам долбоору ядролук келишимге каршы келээрин айтып, документ кабыл алынса, парламент жооп кайтараарын эскерткен.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Жогоруда сөз болгон комиссия талашты чече албаса, анда тараптар Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылышы ыктымал.

Буга чейин Иран АКШ санкцияларды киргизүү менен ядролук келишимдин “духун” бузуп жатат деп айыптап келгени менен Вашингтонго каршы расмий аракеттерге барган эмес.

Кошом Штаттар болсо, тескерисинче, Ирандын ракета сыноосу макулдашуунун “духун” жана Коопсуздук кеңешинин атомдук дүрмөт ташыган ракеталарды сыноону токтотууну талап кылган Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузууда деп айтып келатат.

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул позицияны 1-августтагы пресс-конференцияда кайталап, ошондой эле Тегеранды Перси булуңундагы башка мамлекеттер менен жакшы кошуналык мамиледе болууга чакырды:

- Ошол ядролук келишимдин бир бөлүгүндө Иран жакшы коңшу болот деген жери бар. Албетте, мен так сөздөрдү келтирген жокмун, бирок мааниси жакшы коңшу болууга, баллистикалык ракеталарын өнүктүрбөөгө чакырык жасалган. Кыскасы, ал келишимге, Иран да андан пайда табат деген көп үмүт артылган.

Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

2015-жылдын июлунда Иран жана эл аралык ортомчу алты мамлекет – АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия Тегерандын ядролук программасы боюнча мунасага жетишип, Биргелешкен аракеттердин планы деген документке кол коюшкан. Ага ылайык, Ислам жумурияты уран байытуу иштерин чектөөгө макул болгон. Ал үчүн өлкөгө каршы айрым санкциялар алынат деп сүйлөшүлгөн.

Ошол эле маалда АКШ Ирандын ядролук программасынан тышкаркы, мисалы ракета программасын же башка ишмердигин бутага алган чараларды калтырган.

17-июлда Трамптын администрациясы Иран 2015-жылкы келишимдин талаптарын аткарып жатканын, тиешелүү санкцияларды жеңилдетүү улана берээрин белгилеп, бирок баллистикалык ракеталар сыяктуу башка маселелер боюнча Иранга каршы жаңы санкциялар жарыяланышы мүмкүн деп билдирген.

Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Тегерандын ядролук программасы боюнча макулдашууну "болуп көрбөгөндөй начар келишим" деп атап, аны жокко чыгараарын ишара кылган.

Тиллерсон Вашингтонгдогу маалымат жыйынында атомдук келишимди катуу колдоорун, президент Трамптын алдында документти коргоп келгенин айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG