Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Конгрессте санкциялар боюнча мунаса табылды


Орусияга каршы киргизиле турган санкциялардын жаңы айлампасы бир нече тармакты камтыйт.

Орусияга каршы жаңы санкцияларды караган мыйзам долбоору жакынкы күндөрү Сенатта жактырылып, АКШ президенти Дональд Трампка кол коюуга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Бир топко созулган Конгресстеги талкуудан кийин мыйзам долбоору боюнча бир мунаса табылганын 26-июлдун кечинде Конгресстеги республикачылар билдиришти.

Бир эле Орусияга эмес, Иранга жана Түндүк Кореяга каршы жаңы санкциялардын топтомун караган мыйзам долбоорун Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү 25-июлда дээрлик бир добуштан жактырышкан. Шаршембиде Сенаттын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Боб Коркер аталган документтин талаштуу жоболору боюнча мыйзам чыгаруучулар бир мунасага жетишкенин жарыялады.

- Санкциялар тууралуу мыйзамды жакынкы арада президентке сунуштай турган макулдашууга жетишкенибизди жарыялоого кубанычтамын, - деди Боб Коркер.

Сенатор Боб Коркер
Сенатор Боб Коркер

Орусияга жана Иранга каршы киргизиле турган жаңы санкциялар июнь айында эле Сенаттын колдоосуна ээ болгон. Эки палатанын ортосундагы пикир келишпестик Түндүк Кореяга киргизиле турган чектөөлөр боюнча жаралган. Эми бардык жоболор боюна мунаса табылгандыктан, жакын арада мыйзам долбоору Сенаттын кароосуна коюлат. Андан кийин гана президент Трампка жөнөтүлөт.

Президент кол коебу же артка кайтарабы азырынча белгисиз. Анткен менен Конгресстин өкүлдөрүнүн басымы менен Трамп мыйзам долбооруна кол коет деп күтүлүүдө.

Бул мыйзам долбоорунун дагы бир башкы өзгөчөлүгү, эгер президент кабыл алынган мыйзамды кийин өзгөртүүнү же жокко чыгарууну кааласа, Конгресстин уруксаты менен гана ишке ашыра алат.

Орусияга каршы санкциялар бир нече тармакты камтыйт

Мыйзам долбооруна ылайык, Орусияга каршы киргизиле турган санкциялардын жаңы айлампасы бир нече тармакты камтыйт. Айрым жоболор энергетикалык секторго каршы багытталган. Тактап айтканда, америкалык ишканаларга орус компанияларына инвестиция жасоого тыюу салынат.

Ошондой эле Кошмо Штаттардын фирмаларына орусиялык компаниялардын үлүшү 33% көп болгон эл аралык долбоорлорго аралашуусуна тыюу салынат.

Ярославль шаарындагы "Славнефть" компаниясы.
Ярославль шаарындагы "Славнефть" компаниясы.

Андан тышкары документте Орусиянын Сириядагы алты жылдан бери токтобой, жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган согушта президент Башар Асадды колдогону үчүн да санкциялар каралган.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда мурдагы президент Барак Обаманын учурунда Орусияга каршы киргизилген санкциялар да мыйзам катары бекемделет.

Обанын администрациясы Москвага каршы санкцияларды Орусиянын 2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү, андан сырткары 2014-жылдын март айында Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алганы үчүн жана Украинанын чыгышындагы кеминде 10 миңдей адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжалда орусиялык козголоңчуларды колдогону үчүн киргизген.

Трамп мамлекет башчылыгына келгенден бери эле анын шайлоо өнөктүгү маалында штаб мүчөлөрүнүн Орусия менен болгон байланышы боюнча чуулар уланып келет.

Учурда Юстиция министрлиги менен Конгресс ар бири өз алдынча бул боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат.

Кремл мындай дооматтардын баарын четке кагып келет. Ал эми соңку мыйзам долбоорун Москвадагы расмийлер "АКШ менен Орусиянын алакаларынын жөндөлүшүнө тоскоол болчу кадам" деп аташууда.

Мындай пикирин Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөсү Алексей Пушков да билдирди:​

- Бул Дональд Трампты оор абалга кептөө, анын Орусия менен алаканы оңдоого болгон ниетин бузуу жана Путин менен Трамп Гамбургда жетишкен бардык макулдашууларды жокко чыгаруу аракети. Бул Орусия менен мындан аркы алакаларды начарлатууга багытталган акция.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков азырынча күтө туруу керектигин белгиледи:

- Азырынча бул жаңылык Орус-Америка алакаларынын келечегине жана алардын андан аркы өнүгүшүнө терс таасир тийгизе турган кейиштүү кабар экенин, ошондой эле бул эл аралык укук жана эл аралык соода мамилелерине да кедергисин тийгизе турган мыйзам долбоору экенин айта алабыз. Бул мыйзам долбоору мыйзамга айлангыча күтө туралы.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Роухани: мыйзам кабыл алынса, Иран жооп кайтарат

Өкүлдөр палатасы жактырган мыйзам долбооруна ылайык, Ирандын баллистикалык ракета өндүрүү программаларына катыштыгы бар бардык жарандарга жана алар менен кызматташкандарга каршы да чектөөлөр киргизилет.

Ошондой эле Ирандын "Революция сакчылары кеңеши" террордук уюм катары табылат. Ирандын президенти Хасан Роухани 26-июлда жасаган билдирүүсүндө бул мыйзам долбоору 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк ири алты державанын ортосунда кабыл алынган өзөктүк программа боюнча келишимге карама-каршы келерин белгилеп, эгер мыйзам кабыл алынса, Иран парламенти жооп кайтарарын эскертти.

Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Евробиримдик да жаңы мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирүүдө. Брюссел жаңы чектөөлөр Евробиримдикке мүчө мамлекеттердеги орусиялык компаниялар менен бирге ишке ашып жаткан энергетикалык долбоорлорго кедергисин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

Еврокеңештин төрагасы Жан Клод Юнкер эгер жаңы санкциялар шаркеттин энергетикалык коопсуздугуна терс таасирин тийгизери аныкталса, Евробиримдик бир нече күндө өз жообун айтаарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG