Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Түндүк Корея: сыноодон кийинки сындашуу


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын июль айынын башындагы дагы бир ракета сыноосун армия өкүлдөрү менен белгилеп жатат.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын июль айынын башындагы дагы бир ракета сыноосун армия өкүлдөрү менен белгилеп жатат.

Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракетасын учургандан кийин АКШ андай ракеталарды атып түшүрүүчү системасын сынады. Президент Дональд Трамп расмий Пхеньянды ооздуктабай жатат деп Кытайды сынга алды.

Түндүк Кореянын 28-июлдагы ракета сыноосу Корей жарым аралындагы жана Тынч океан аймагындагы бир катар аскердик аракеттерге түрткү берди. АКШ расмий Пхеньян жума күнү учурган континенттер аралык баллистикалык ракетаны атып түшүрүүгө жөндөмдүү THAAD системасын 30-июлда сынады. Американын Ракетадан коргонуу агенттиги кабарлагандай, Аляскада орнотулган бул система Тынч океанынын үстүндөгү С-17 аскердик учагы аткан ракетаны бутага жеткирбей 15-жолу ийгиликтүү атып түшүрдү.

Анын алдында АКШнын эки аскердик бомбалоочу учагы Корей жарым аралынын үстүнөн учуп өттү. 10 сааттык мындай машыгууга Жапониянын жана Түштүк Кореянын да учактары кошулган.

Расмий Пхеньяндын кадамы дипломатия жаатында да айыптоолорго туш болду. Түштүк Корея коңшусуна кошумча санкцияларды киргизүү чакырыгы менен чыкты. Жапон бийлиги Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы Жапониянын деңиздеги экономикалык аймагына түшкөнүн билдирди.

Түндүк Кореянын континеттер аралык баллистикалык ракетасы
Түндүк Кореянын континеттер аралык баллистикалык ракетасы

Премьер-министр Синдзо Абэ да расмий Пхеньянга кысымды күчөтүү зарылдыгын айтты:

- Континенттер аралык ракетанын учурулушу биздин коопсуздугубузга шек келтирген коркунуч реалдуу экенин көрсөтүп турат. Түндүк Корея мындай чагымчыл аракеттерин улантып жатса, АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Орусия жана бүтүндөй эл аралык коомчулук чогуу кызматташып, кошумча кысым көрсөтүшүбүз керек.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо Кытайды Түндүк Корея маселесин чечүүгө жардам бербей жатат деп айыптап чыкты.

- Кытайдан көңүлүм калып олтурат. Биздин акылсыз лидерлерибиз аларга жыл сайын соодадан миллиарддаган доллар табууга мүмкүнчүлүк берип коюшкан. Бирок алар Түндүк Корея маселесинде биз үчүн сөздөн башка эч нерсе кылышкан жок. Мындан ары буга уруксат бербейбиз. Кытай бул маселени оңой эле чечип коймок,-деп жазды 29-июлда президент Трамп Твиттердеги баракчасына.

Аймактагы коңшуларынан Кытай гана Түндүк Кореянын башкы соода -экономикалык өнөктөшү, Пхеньянга кандайдыр бир таасири бар өлкө деп саналат. Кытай бул жолу расмий Пхеньяндын ракета сыноосун айыптоо менен чектелди. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги мындай сыноо Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келерин эскертти.

АКШ президент Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин апрель айындагы жолугушуусунда Түндүк Корея маселеси талкууланган.
АКШ президент Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин апрель айындагы жолугушуусунда Түндүк Корея маселеси талкууланган.

Түндүк Корея болсо өткөн жума күнү учурган ракетасы АКШга чейин жете алаарын белгилеп, соңку сыноого Американын жаңы санкциялары себеп болгонун билдирди.

- Түндүк Кореяга санкция киргизген АКШга эскертүү берүү үчүн континенттер аралык ракетаны сынадык,-деп билдирди Пхеньяндын мамлекеттик телеканалынын диктору.

Айтмакчы, өткөн аптада АКШнын Конгресси Түндүк Корея, Иран жана Орусияга кошумча санкцияларды киргизе турган мыйзамды жактырып, президенттин кароосуна жөнөткөн.

Бирок расмий Пхеньян бул санкцияларга чейин эле жыл башынан бери бир нече ракетасын сынады. Эксперттер Түндүк Кореянын мурдагы лидерлерине салыштырмалуу Ким Чен Ындын учурунда өзөктүк жана ракеталык сыноолор көбөйгөнүн, расмий Пхеньяндын аскердик кудурети өсүп жатканын айтышат. Маселен, бул өлкө баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөрсө, алардын үчөө азыркы лидер Ким Чен Ындын учурунда ишке ашты.

АКШдагы Тынчсызданган окумуштуулар биримдигинин ракеталар боюнча эксперти Дэвид Райт Түндүк Кореянын соңку ракетасы Американын Лос-Анжелес, Денвер, Чикаго сыяктуу шаарларына коркунуч жарата алаарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG