Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары АКШны “чектен чыккан аскерий чагымы” үчүн айыптап чыкты. Мындай эскертүүлөр эки өлкө ортосундагы мамиле өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталардын сыноосунан улам чыңалган учурга туш келди.
Кореянын башкаруучу "Эмгек" партиясынын гезити 9-июлда Кошмо Штаттар өзөктүк согушка түртүп жатканын эскерткен комментарийди жарыялады.
Ага чейин АКШ менен Түштүк Кореянын аскерлери биргеликте машыгуу өткөргөн эле. Анын жүрүшүндө америкалык тик учактар Түндүк Корея менен чектешкен жактан жакын учуп өткөн.
3-июлда Пхеньян баллистикалык ракеталарын сынаган. Аналитиктердин баасы боюнча аталган ракеталар АКШнын Аляска штатына чейинки аралыкка жете алат.