Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду


Түндүк Корея 28-июлда кайрадан баллистикалык ракетасын учурду. Бул маалыматты Пентагондун басма сөз өкүлү Жефф Дэвис ырастап, окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ ракета учурулгандан көп өтпөй кабинетин чукул жыйынга чогултканы айтылды.

Жапониянын NHK коомдук телеканалы Түндүк Корея ракетасын жергиликтүү саат боюнча түн ортосуна саналуу убакыт калганда учурганын, ал Жапон деңизине түшүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

Түндүк Кореянын тынымсыз өзөктүк жана ракеталык сыноолору эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылып келет. АКШ Сенаты расмий Пхеньянга кошумча санкцияларды киргизе турган мыйзамды 27-июлда жактырган.

XS
SM
MD
LG