Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:51

Трамптын Орусияга каршы санкцияга кол коюусу күтүлүүдө


АКШ президенти Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизген мыйзам долбоорго кол коюусу күтүлүүдө. Бул мыйзам долбоорду бейшемби күнү, 27-июлда Кошмо штаттардын Сенаты дээрлик бир добуштан колдоп, президентке кол коюуга жөнөткөн.

Бул мыйзам президент Дональд Трамптын кайсы бир санкцияны токтотуу же жеңилдетүү укугун да чектейт. Ал үчүн президент өз чечимин Конгресске негиздеп бериши керек.

Орусияга кошуп Түндүк Корея жана Иранга санкция сала турган бул мыйзам долбоору 25-июлда АКШнын Өкүлдөр палатасында да чоң колдоого ээ болгон. Мыйзам долбоорунда орусиялык энергетикалык компаниялар, долбоорлор менен иштешкен тараптарга да чаралар көрүлөт деп турат.

Орус расмийлери жаңы санкцияларды президент Трамптын Орусия менен алаканы оңдоо аракетине залакасын тийгизген жана эки тараптуу алаканы ого бетер начарлаткан аракет деп мүнөздөшкөн. Иран да АКШ конгрессмендеринин санкцияларын кескин сындап чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG