Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09

"Донбасс, Запорожье АЭСи боюнча мунаса жок". Украинадагы согушту токтотуу планы


Трамп, Зеленский жана Путин. Коллаж
Трамп, Зеленский жана Путин. Коллаж

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга багытталган, Американын ортомчулугу менен түзүлгөн тынчтык келишиминин акыркы долбоорун тааныштырды.

Согуштун башталганына төрт жыл болуп калганда сунушталган бул документтин мазмуну 23-декабрда журналисттер менен өткөн брифингде ачыкталды.

Зеленскийдин айтымында, 20 жободон турган планды акыркы апталарда АКШ, Украина жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү иштеп чыгышкан.

Долбоордо Орусия менен Украинанын ортосунда толук жана шартсыз “кол салбоо тууралуу келишим” каралган. Ошол эле учурда чыгыш Украинадагы аймактарды ким көзөмөлдөй турганы жана Европадагы эң ири атомдук объект болгон "Запорожье атомдук электр станциясынын" тагдыры сыяктуу маселелер азырынча талаштуу бойдон калууда.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 17-октябрь, 2025-жыл
АКШ президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 17-октябрь, 2025-жыл

Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин бул долбоор менен таанышканын жана Москва азыр жооп даярдап жатканын билдирди.

"Бул согушту токтотуу боюнча негизги, саясий документ. Ал биз - Украина, Америка, Европа жана орустар ортосундагы документ. Биз АКШ менен лидерлер деңгээлинде жолугушууга даярбыз, анткени эң сезимтал маселелер, анын ичинде аймактык суроолор, дал ошол лидерлер деңгээлинде талкууланышы керек", — деди Зеленский.

Украинанын коопсуздук кепилдиктери

Долбоордо Украина үчүн күчтүү коопсуздук кепилдиктери каралган. Ага ылайык, тынчтык мезгилинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн саны 800 миң аскердин тегерегинде болот.

Ошондой эле АКШ, НАТО жана келишимге кол койгон европалык мамлекеттер Украинага аскердик альянстын 5-беренесине окшош коопсуздук кепилдиктерин беришет. Бул берене уюмдун негизги принциптеринин бири болуп, бир мүчөгө жасалган кол салуу бардык мүчөлөргө кол салуу катары караларын билдирет.

Мындан тышкары, келишим АКШ менен Украина ортосундагы эки тараптуу коопсуздук жана калыбына келтирүү боюнча макулдашуулар менен толукталган. Документке ылайык, Украина так аныкталган мөөнөттүн ичинде Евробиримдикке мүчө болууга мүмкүнчүлүк алат.

Жакында эле Орусиянын президенти Владимир Путин Киев Донбасс аймагындагы болжол менен 5 миң чарчы чакырым жерди бериши керектигин, ошондой эле Киев НАТОго кошулуу ниетинен расмий түрдө баш тартууга тийиш экенин билдирген.

Украина буга чейин Донбасттын жерин толугу менен Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартып келген. Зеленский кошумчалагандай, жаңжалды токтотуу үчүн зарыл болгон күчтөрдү кайра жайгаштырууну, ошондой эле келечекте мүмкүн болуучу атайын экономикалык зоналардын параметрлерин аныктоо максатында жумушчу топ түзүлөт.

Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан Украина, Америка жана Евробиримдиктин өкүлдөрү. 15-декабрь, 2025-жыл. Берлин.
Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан Украина, Америка жана Евробиримдиктин өкүлдөрү. 15-декабрь, 2025-жыл. Берлин.

Чечилбей калган маселелер

Зеленский белгилегендей, чечилбей калган негизги маселелердин катарында фронтко жакын жайгашкан, учурда орус аскерлеринин көзөмөлүндөгү "Запорожье атомдук электр станциясынын" тагдыры бар.

Тынчтык планынын долбоорунда бул атомдук станцияны Украина, АКШ жана Орусия биргелешип башкаруу каралган.

Экинчи эң татаал маселе - бул аймактардын тагдыры.

Украина келишимге кол койгон учурда фронт сызыгы кайсы жерден өтсө ошол бойдон согушту токтотуу керек деген принципти карманууда.

"Бирок иш жүзүндө биз мындай кырдаалда турабыз, орустар бизди Донецк облусунан чыгып кетүүнү талап кылышууда, ал эми америкалыктар башкача жолун табууга аракет кылып жатышат. Анткени биз аскерлерди чыгарууга каршыбыз", — деди Зеленский.

Компромисс катары АКШ Донецк облусунда демилитаризацияланган же эркин экономикалык зона түзүүнү сунуштаган. Бирок Зеленскийдин айтымында, Украина мындай вариантты референдум аркылуу гана кабыл ала алат. Аны уюштуруу үчүн 60 күн талап кылынат. Бул маалда ок атышуу токтош керек.

Укран президенти белгилегендей, эгерде «кайсы жерде турсак ошол жерде калабыз" деген форматта макулдашууга жетишилсе, Украина согушту ушул келишимдин негизинде аяктап, Запорожье атомдук электр станциясы боюнча маселени да аягына чейин чечүүгө аракет кылат.

Эгер андай макулдашуу болбосо, анда референдум өткөрүлөт.

Бул келишим күчүнө кириши үчүн Орусия өз аскерлерин Днепропетровск, Сумы, Харьков жана Николаев облустарынын аймактарынан чыгарышы керек.

Ошол эле маалда Зеленский согушту токтотуу келишиминин алкагында Донецк облусунун учурда Киев көзөмөлдөп турган аймактарынан аскерлерин чыгарып, аларды демилитаризацияланган зонага айлантууга даяр экенин кошумчалаганын NYT басылмасы жазды.

Бул үчүн Орусия да Донецк облусундагы ушундай эле көлөмөдөгү аймактан өз аскерлерин чыгарышы керек.

Зеленскийдин пикиринде, аймактык маселелер жана эркин экономикалык зоналарды түзүү тууралуу чечимдер лидерлер деңгээлинде кабыл алынышы зарыл.

Зеленский ошондой эле тынчтык келишими боюнча референдум президенттик шайлоо менен бир учурда өткөрүлүшү мүмкүн экенин кыйытты.

Анын айтымында, коопсуздук кепилдиктери келишим толук ратификациялангандан же референдум аркылуу жактырылгандан кийин гана күчүнө кирет.

"Украина бул келишимди парламенттин ратификацияына чыгарат жана “ооба” же “жок” форматында бекитүү үчүн жалпы улуттук референдум өткөрөт", — деди Зеленский журналисттерге.

Мындан тышкары, келишимдин долбоорунда кармалган бардык жайкын тургундарды жана барымтадагыларды, анын ичинде балдарды жана саясий туткундарды кайтарып берүү тууралуу жобо да камтылган.

Украинадагы согушту токтотуу боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр ноябрдын соңунда башталды. Анын алдында Американын президенти Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планынын мазмуну медиага жарыяланып кеткен. Аны серепчилер жана украин жетекчилиги Орусиянын позицияларын жактайт деп сынга алышкан. Андан бери АКШнын атайын делегациясы Украина жана Орусия өкүлдөрү менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрүштү.

Орусиянын Украинага негизсиз согуш ачып, миңдеген кишинин канына забын болуп, миңдеген киши жараат алып, майып же жетим-жесир болуп калышына себеп болуп келатканына 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жыл толот.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG