Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Трамп: Федералдык иликтөө бюросунун аброю түштү


Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп.
Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) ишин сынга алды. Ал мекеменин азыркы аброюн тарыхтагы эң начар деңгээлде деп баалады. Бул тууралуу Трамп өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды. Маселенин төркүнү эмнеде?

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп жекшембиде (3-декабрда) өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына:

"ФБР бир нече жыл Коминин башкаруусунда болуп, Клинтон жана башкаларга карата адилетсиз иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин бул мекеменин аброю учурда эң жаман абалда турат, керек болсо, ал тарыхтагы эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бирок ишенип койгула, биз аны кайрадан өз сересине жеткиребиз", деп жазды.

Ал ошондой эле АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, Трамптын шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтондун электрондук почтасынын айланасындагы ишти иликтөөгө мурда Клинтонду колдоп, ар кимге кат жазып жүргөн ФБРдин агентинин катышканын сынга алды.

Бул каттар ачыкка чыккандан кийин ал агент - ФБРдин атайын өкүлдөрүнүн бири Питер Стрзок - бардык иликтөөлөрдөн, анын ичинде атайын прокурор Роберт Мюллер башында турган иликтөөдөн да бир күн мурда четтетилген.

"Мына эми баары ашкерелене баштады", - деп жазды президент Трамп.

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер 2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоого Москванын болжолдуу кийлигишүүсү жана Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн Орусия менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат.

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер.
АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер.

Дал ушул иштердин алкагында 1-декабрда Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге "ФБРге жалган маалымат бергени үчүн" деген доо боюнча айып тагылды.

Ал 2016-жылдын ноябры менен 2017-жылдын январынын аралыгында Орусиянын АКШдагы ошол кездеги элчиси Сергей Кисляк менен санкциялар маселесин талкуулабаганын ФБРге айтканда “атайылап жалган” маалымат берген деп жатышат.

Флинн 1-декабрда Вашингтондогү федералдык сотто көрсөтмө берген учурда күнөөсүн моюнга алганын анын адвокаттары ырасташкан.

Доналд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн.
Доналд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн.

Флинн президент Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилик кызматында 24 күн эле иштеп, вице-президент Майк Пенске орус элчиси менен байланыштары боюнча туура эмес маалымат бергени билингенден кийин кызматтан кеткен.

Флинндин кызматтан алынышын Трамп ал кезде Орусиянын элчиси менен байланышканын вице-президент Майк Пенстен жашырганы менен түшүндүргөн. Ал эми бир күн мурда президент өз "Твиттер" барагында генерал Майкл Флиннди вице-президентке жана ФБРге калп айтканы үчүн кызматтан алганын жазды.

Флинн ошондой эле 1-декабрда Роберт Мюллер башында турган иликтөө тобу менен толук кызматташууга даяр экенин билдирген. Бруклин укук мектебинин профессору Мириам Байер Флиннде маанилүү маалымат бар болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Эгер Майкл Флиннде кандайдыр маанилүү маалымат болбосо, башка адамдар тууралуу сөзү жок болсо, анда аны менен кызматташууга бармак эмес да, бул Мюллердин иликтөөсү үчүн абдан маанилүү деп ойлойм. Албетте, бул иликтөө бүгүнкү күндө канчалык кесипкөйлүк менен жүргүзүлүп жатканын көрсөтөт. Эми башка домино таштары да кулашы мүмкүн.

Президент Трамп ошондой эле 3-декабрда жазган билдирүүсүндө ал ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Комиден Майкл Флинндин айланасындагы иликтөө ишин токтотууну суранбаганын да маалымдады.

Жеймс Коми февраль айында президент Трамп аны менен көзмө-көз калганда мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин ишин токтотууну өтүнгөнүн айткан болчу.

Коминин бул билдирүүсүнөн кийин АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер "Трамп чын эле май айында кызматтан кеткен Жеймс Комини Майкл Флиннге байланыштуу иликтөөнү токтотууга мажбурлаган эмес беле?" деген суроону териштире баштаган.

Тынчтык жана эркиндик суроолору боюнча борбордун директору Иван Эланд Флинндин Мюллер менен кызматташууга барышы Трампты кабатыр кылган болуш керек деп боолголойт.

- Флиннге бир нече кылмыш боюнча айып тагылышы мүмкүн. Ага эки жолу ФБРге калп айтканы боюнча айып тагылды. Бул болсо анда Жаред Кушнерге, президентке же Трамптын уулуна таасир этчү кандайдыр маалымат болушу мүмкүн экенин айгинелейт, ошондуктан бул президентти тынчысыздандырып жатса керек.

ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми жана АКШ президенти Доналд Трамп.
ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми жана АКШ президенти Доналд Трамп.

​Флинн Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого кийлигишүүсү боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында айып тагылган төртүнчү адам болду. Буга чейин президент Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортко, анын кызматташы Рик Гейтске жана тышкы саясат боюнча мурдагы кеңешчи Жорж Пападопоулоско айып тагылган.

Пападопоулос ФБРдин агенттерине калп айтканын моюнга алып, учурда тергөө тобу менен кызматташууда.

АКШнын чалгын мекемелери Орусия былтыркы АКШдагы президенттик шайлоого таасир этиш үчүн атайын өнөктүк жүргүзгөн деген бүтүмгө быйыл январда келген. Расмий Кремл мындай бүтүмдөрдү караманча танып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG