Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Ак үй: Тиллерсон Мамдепартаменттен кетпейт


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Ак үй АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматтан кетет деген маалыматтарды четке какты. Америкалык медиа кечээтен бери таратып жаткан бул кабарды Мамлекеттик департамент да төгүндөгөн эле.

30-ноябрда "New York Times" баш болгон бир катар басылмалар Ак үй Тиллерсонду кызматтан кетирүүнү боолголоп, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын башчысы Майк Помпеону дайындоону көздөп жатканын жазышкан.

Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун айланасындагы ар кыл имиштерди четке какты. Сандерстин айтымында, мамкатчы кадимди шартта иштеп жатат жана эч кандай кадрдык өзгөрүү күтүлбөйт:

- Биз буга чейин бир нече жолу айтканбыз, силер ушундай окуяларды жазганды жакшы көрөсүңөр. Президент менен мамлекеттик катчы бүгүн чогуу чет өлкөнүн лидерин кабыл алышты жана биз быйылкы укмуштуудай жылды жыйынтыктоо үстүндө ишти улантып жатабыз.

Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс
Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс

​ Андан бир аз мурда Мамлекеттик департамент да медиада эң көп талкууга алынган маалыматты төгүндөгөн эле. Бирок мекеменин маалымат катчысы Хизер Нойерт Тиллерсон менен президент Дональд Трамптын ортосунда саясий багытта келишпестиктер бар экенин ырастады:

- Албетте, алардын ортосунда айрым саясий суроолор боюнча пикир келишпестиктер бар. Бул баарына эле белгилүү. Мамлекеттик катчы өзү бул тууралуу айтып келген жана Тиллерсондун өз сөзүнө караганда президенттин аны бул кызматка дайындашынын да себеби ушунда. Ал ар кандай пикирлер менен таанышып, анын негизинде чечим кабыл алат.

Мурдараак Ак үйдө президент Трамп Бахрейндин ханзадаасы Салман бин Хамад Ал Халифа менен жолугуп жатканда журналисттердин Тиллерсон тууралуу суроосуна "ал бул жерде, Рекс бул жакта" деп кыска жооп берген.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана АКШнын президенти Доналд Трамп.
Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана АКШнын президенти Доналд Трамп.

​АКШнын маалымат каражаттары бир күн мурда Ак үй мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетирүү планын даярдап, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпеону дайындоону көздөп жатканын жазып чыгышкан.

"The New York Times" басылмасы Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминерге шилтеме жасоо менен президент Трамптын администрациясы бул тууралуу жакынкы апталарда жарыяларын кабарлаган. Ошондой эле басылма Чалгын кызматынын жетекчилигине республикачыл-сенатор Том Коттон келиши ыктымалдыгын да жазган.

"Associated Press", "Reuters", "Vanity Fair" басылмалары да өз булактарына таянып Тиллерсондун кызматтан кетиши мүмкүн экенин кабарлашкан.

Америкалык медиа кабарлагандай, президент Трамп "Exxon Mobil Corp" энергетикалык компаниясынын мурдагы аткаруучу директору болгон, буга чейин дипломатиялык тажрыйбасы жок Тиллерсонго ишенимин жоготкон.

Президент жана мамлекеттик катчы эл аралык маселелер боюнча карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасап келишкени маалым. Тиллерсон ошондой эле демократтар жана айрым республикачылар тарабынан АКШ дипломатиясын алсыратканы үчүн сынга кабылып келген.

Тиллерсондун кызматтан кетери тууралуу маалымат биринчи жолу чыгып жаткан жок. Эки ай мурда, октябрь айынын башында NBC телеканалы Тиллерсон Трамп экөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам кызматтан кетүүнү боолгоп жатканын маалымдаган. Телеканал өз булактарына таянып, Мамдепартаменттин башчысы июль айында Пентагондо болгон жолугушуудан кийин президенттин дарегине одоно сөздөрдү айтканын билдирген. Мамкатчы бул маалыматты дароо четке кагып, мурдагыдай эле президентти сыйлап, "ага берилген бойдон калаарын" айткан.

65 жаштагы Рекс Тиллерсон мамлекеттик катчылык кызматка ушул жылдын башында дайындалган.

30-ноябрда Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүгө ылайык, Тиллерсон 4-8-декабрь күндөрү Брюсселге, Венага жана Парижге барары күтүлүүдө. Ал жактан мамлекеттик катчы Евробиримдиктин, НАТОнун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG