Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Трамптын адвокаты Коминин айыптоосун четке какты


Ж. Коми Сенат комитетинде көрсөтмө берүүдө. 8-июнь, 2017. Вашингтон.
Ж. Коми Сенат комитетинде көрсөтмө берүүдө. 8-июнь, 2017. Вашингтон.

Президент Дональд Трамптын жеке адвокаты ФБРдин мурдагы жетекчиси Жеймс Коминин Чалгын комитетинде Трамптын дарегине айткан айыптоолорун кескин түрдө четке какты.

Жеймс Коми Чалгын комитетинин жыйынында берген көрсөтмөлөрү Ак үйдү каптаган саясий жагымсыз окуялардын агымындагы маанилүү эпизод болуп калды.

Комитет президент Трамп өзүнүн мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин ишин иликтеп жаткан ФБРдин иликтөөсүнө тоскоолдук кылгысы келгенин аныктоого аракет кылууда.

Президент Трамп Майкл Флиннди февраль айында иштен алган.

Сот калыстыгына бут тосуу АКШда кылмыш болуп эсептелет. Америкалык юристтер мындай айыптоо АКШ президентине коюлушу мүмкүнбү деген суроону талдап жатышат.

Иликтөө уланууда. Чалгын комитети Жеймс Комини жабык отурумдарда угуусун улантат.

XS
SM
MD
LG