Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:58

Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын пайдалануу шарттарын караган келишим коомчулукта бүдөмүк ойлорду пайда кылууда.

Анткени экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күздө Ташкентте өткөн иш сапарынын жыйынтыгы боюнча суу сактагыч толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнү жарыяланган болчу.

Бирок саясий чөйрөдө парламент кабыл алган келишимде суу сактагычты башкаруу, иштетүү жана анын коопсуздугун көзөмөлдөө шарттары көрсөтүлбөй калганына, анын укуктук макамына байланышкан суроолор чыгууда.

Парламенттин "шашмалыгы"

Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын кыргыз-өзбек мамлекет аралык пайдаланууга берүү боюнча Жогорку Кеңеш 21-декабрда бекиткен келишимге депутат Жанарбек Акаев ​каршы чыккан. Эл өкүлү келишим терең талданбаган, талкууланбаган абалында, чийки бойдон кабыл алынды деп эсептейт:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Мурдагы президент барып макулдашып келгенден кийин биздин депутаттар "Өзбекстан менен мамиле жакшырса болду" деп эле Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу келишимге жакшы көңүл бурушкан жок. Мисалы, суу сактагычтын жанында жашаган өзбек жарандарынын кирип-чыгыш тартиби же алардын мындан наркы абалы тууралуу келишимде сөз жок. Суу сактагычтын укуктук макамына байланыштуу бир топ олуттуу маселелерди булар келишимде көрсөтүп жазбай коюшкан. Анан "суу сактагычты пайдалануу укугу мөөнөтсүз берилет" деп, анын келишимдеги мөөнөтү чектелген эмес. Анан эми биздин парламент муну катардагы ратификация катары карап эле, кабыл алып берип койду. Биз өкмөт өкүлүнө кайрылып, "суу сактагычты белгисиз мөөнөткө пайдаланууга бергенге болбойт" десек, тилекке каршы, бизди угушкан жок.

Келишимде суу сактагычты техникалык жактан тейлөөгө кеткен чыгымдарды каржылоого өзбек тарап үлүштүк катышка кире тургандыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле өткөн суунун көлөмүнө жараша башка эки тараптуу макулдашуулар болушу мүмкүн экени белгиленген. Суу сактагыч боюнча ар кандай чыгымдардан салыктар жана жыйымдар алынбай турганы жазылган.

Өзбекстандын Орто-Токойдогу күч түзүмү

Бирок келишимде суу сактагычтагы коопсуздукту кыргыз тарап камсыздай турганы көрсөтүлгөнү менен анын шарттары аныкталган эмес. Анткени учурда суу сактагычты жана анын жака-белинде өзбек жарандары жайгашкан кыштакчаны Өзбекстандын күч түзүмдөрү кайтарат. Ала-Буканын жергиликтүү калкы аларды бул аймактан чыгаруу маселесин көтөрүп келген. Анткени Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн чакан тобу суу сактагычтын коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен анын жанындагы аймакта мыйзамсыз жайгашып турганы мурдатан айтылып келген.

2016-жылы ал жердеги өзбекстандык бир милиционерди кыргызстандык чек арачылар кармап, ал эки тараптын тирешине алып келген болчу. Алабукалык активист Улан Турдалиев келишимдеги айрым так эмес жагдайлар жөнгө салынышы керек деп эсептейт:

Улан Турдалиев.
Улан Турдалиев.

- Келишимдин мазмуну менен таанышканыбызда бир топ бүдөмүк нерселерди байкадык. Биринчи кезекте эле аны "мөөнөтсүз" деп койгон жери. Эмне үчүн суу сактагычты пайдалануу мөөнөтү чектелген эмес? Бул жерде эл аралык келишим болуп жаткандыктан ага мөөнөт коюлушу керек эле. Талаштуу нерсеге толук чекит коюш үчүн мөөнөт чегерилиши кажет. Бул жагдай аябай күмөндүү ойлорго түртөт. Экинчиден, суу сактагычты кайтарган жана өзбек жарандары жашаган айылды күзөтүп турган Өзбекстандын күч түзүмдөрү алынып салынабы? Алынып салынса, анда ал эмне үчүн келишимде каралган эмес? Эгерде Өзбекстандын күч түзүмдөрү биздин суу сактагычтан чыгарылбай турган болсо, аны "биздин башкарууга өттү" деп жарыялаганыбыз бекер сөз болуп калат. Бул жагдайлар боюнча өкмөт ачык түшүндүрмө бериши керек. Анан башында башканы айтып, аягында келишимде башкача болгондой болуп жатканы кызык...

Баштапкы убадалар унутулдубу?

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы иш сапарынын учурунда Орто-Токой суу сактагычы боюнча макулдашууга жетишилгени жарыяланган. Анда суу сактагычты башкаруу, пайдалануу жана көзөмөлдөө укугу толугу менен Кыргызстанга бериле турганы көрсөтүлгөн.

Ошол кезде айыл жана суу чарба министри Нурбек Мурашев суу сактагычты эми кыргыз тарап иштете турганын айтып, өзбек тарап сууну пайдаланганы үчүн аны тейлөөгө кеткен чыгымдарды төлөп берерин билдирген болчу:

- Бул суу сактагыч биздин аймакта жайгашканына карабастан, аны Өзбекстан бир жактуу пайдаланып келген. Аны күзөтүү жагы дагы Өзбекстан тараптын күч түзүмдөрү аркылуу жүргүзүлчү. Эми бул макулдашуунун бекитилиши менен суу сактагычты Кыргызстан өзү күзөтө турган болду. Ошентип суу сактагычты башкаруу Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин карамагына өткөрүлүп берилди. Суу сактагычтын суусунун 90 пайызын Өзбекстан пайдаланат. Макулдашуунун шарттары боюнча, өзбек тарап суу сактагычтагы сууну пайдаланууга кеткен чыгымдарды, башкача айтканда кызматкерлердин айлык акысы, ремонт иштери жана жабдууларды алмаштыруу сыяктуу ага кете турган акчаны эми мындан ары өз эсебинен төлөп турат.

Бирок учурда Нурбек Мурашев келишимде суу сактагычтын укуктук макамы даана көрсөтүлбөгөнү жана анын жака-белиндеги өзбекстандык күч түзүмүн ал жактан чыгаруунун шарттары келишимде көрсөтүлбөй калганы тууралуу айткысы келген жок. Аны менен бир нече жолу байланышканыбызда колу бошобой жатканын айтып, аягында комментарий берүүдөн баш тартты.

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев "суу сактагычты өткөрүп алуу жана анын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары келишимден сырткары башка жоболор менен жөнгө салынат" деп ишендирди:

Өзбек тараптан оңдоо иштерине гана анча-мынча адамдар жардам бергени келип турушу мүмкүн. Суу сактагычты кайтаруу толугу менен биздин милиция кызматкерлерибизге өтөт.

- Суу сактагычтын жанында Өзбекстандын 20 чакты милиция кызматкери бар. Алар үй-бүлөсү жок эле өздөрү келип, суу сактагычты кайтарып турушат. Күзөтчүлөр ай сайын алмашып турушат. Январь айынан баштап бул жакка өкмөт аралык комиссия келип, бул суу сактагычты мындан ары чогуу иштетүүнүн жобосун бекитет. Бардыгы бизге өтөт. Анда иштеген жумушчулар дагы биз тараптан болот. Өзбек тараптан оңдоо иштерине гана анча-мынча адамдар жардам бергени келип турушу мүмкүн. Суу сактагычты кайтаруу толугу менен биздин милиция кызматкерлерибизге өтөт.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, бул суу сактагычтын суусу Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат. Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан.

Жалпы аянты 850 гектарды түзүп, андагы суунун сыйымдуулугу – 165 млн куб/метрди түзөт. Буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG