Буга чейин аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары ага ээлик кылуунун шарттары 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында бул суу сактагычты биргеликте пайдалануу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу Өзбекстандын Кытайга түз жүк ташуусун камсыздай турган Ташкен-Анжиян-Ош-Кашкар жол каттамы боюнча меморандум кабыл алынды.
Мындан сырткары эки тарап энергетика багытында, маданий-маалыматтык, аскердик жана күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнү караган документтерди бекитти.
Суу сактагычты башкаруу удулу
Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган эки күндүк мамлекеттик сапарынын натыйжасында эки тараптын өз ара ишенимди бекемдөөгө багытталган Ташкен декларациясы кабыл алынып, бир катар тармактар боюнча кызматташтыкты чыңдоону караган 18ге чукул документке кол коюлду. Алардын ичинен эң эле негизги макулдашуулардын бири Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын биргеликте пайдалануу боюнча макулдашуу болду. Ага ылайык буга чейин Өзбекстан иштетип келген суу сактагычты башкаруу жана кайтаруу Кыргызстанга берилет. Бирок Өзбекстан мурдагы эле тартипте суу сактагычтын суусун пайдаланып, аны иштетүүгө кеткен чыгымдарды төлөп бере турганы бул макулдашууда көрсөтүлдү.
Кыргызстандын айыл чарба чарба министри Нурбек Мурашев аталган суу сактагычты биргеликте иштетүүнүн шарттарына токтолду:
- Бул суу сактагыч биздин аймакта жайгашканына карабастан, аны Өзбекстан бир жактуу пайдаланып келген. Аны күзөтүү жагы дагы Өзбекстан тараптын күч түзүмдөрү аркылуу жүргүзүлчү. Эми бул макулдашуунун бекитилиши менен суу сактагычты Кыргызстан өзү күзөтө турган болду. Ошентип суу сактагычты башкаруу Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин карамагына өткөрүлүп берилди. Суу сактагычтын суусунун 90 пайызын Өзбекстан пайдаланат. Макулдашуунун шарттары боюнча, өзбек тарап мына ошол суу сактагычтагы сууну пайдаланууга кеткен чыгымдарды, башкача айтканда кызматкерлердин айлык акысы, ремонт иштери жана жабдууларды алмаштыруу сыяктуу ага кете турган акчаны эми мындан ары өзүнүн эсебинен төлөп турат.
Мындан сырткары президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда кабыл алынган маанилүү чечимдердин дагы бири эки мамлекеттин транспорт министрлеринин Ташкен-Анжиян-Ош-Кашкар жол каттамы аркылуу өз ара тоскоолдук жүк ташууну караган меморундумду бекитиши болду.
Кыргызстандын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул Өзбекстан үчүн Кытайга чыгууга гана жол ачпастан, ал чечим кыргыз тараптын жүк ташуучулары үчүн дагы пайдалуу болорун билдирди:
- Ташкен-Анжиян-Ош-Кашкар транзиттик жол каттамы аркылуу жүк ташуу долбоору бул үч мамлекеттин - Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын катышуусу менен ишке аша турган келишими болот. Муну менен биз Өзбекстанга жүк ташуу үчүн транзиттик коридор берип жатабыз. Бул чечим бир эле Өзбекстан үчүн гана эмес, Кыргызстан үчүн дагы зор мааниге ээ. Анткени кыргызстандык жүк ташуучулар буга чейин Кытайдан жүк ташып алып чыгып, Ошко же Бишкекке чейин эле келсе эми мындан аркы Анжиян аркылуу Ташкенге чейин чыгууга мүмкүнчүлүк ачылып отурат. Мына ушул өңүттөн караганда биздин жүк ташуучуларга дагы жумуш болот. Жакында ошол жол каттамы боюнча автожүрүш болот. Ошондон кийин жүктөр ташыла баштайт.
Кыска жолго кызыкчылык
Буга чейин Өзбекстан Кытайдан ташылчу жүктөрдү Казакстандын аймагынан өткөн жолдор аркылуу ташып келген. Бул жол өзбек тарап үчүн алыс жана кымбатка турганына карабастан өзбекстандык жүк ташуучулар Кытайга ошол жолдор аркылуу гана чыгып келишкен.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар автожол каттамы Кытайга чыгуу үчүн кыска жана үнөмдүү жол экенин айтты. Шавкат Мирзиеёв транзиттик жүк ташуу жана суу ресурстарын бирге пайдалануу боюнча чечимдердин маанисине токтолду:
- Бул жүк агымдары бизге дүйнөлүк рынокко жаңы жана кыска жол аркылуу чыгууну камсыздайт. Биз бул боюнча узак жана көп жолу сүйлөшүп келгенбиз. Бул тууралуу Бээжинде дагы транспорттук коридор боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Биз азыр бул боюнча меморандум эле эмес, жакын арада макулдашууну даярдоо тапшырмасын бердик. Транзит деген бул чоң ишеним. Мындан сырткары Кыргызстан менен Өзбекстан эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча өз ара аракеттене турганын бекемдешти. Маселелер талылуу жана оор болсо дагы бир пикирге келип, бул боюнча макулдашууну кечке чейин даярдап, кол коюуга чыгаруу тапшырмасын бердик.
Мындан сырткары эки президент достукту, кошуначылыкты жана өз ара ишенимди бекемдөөнү көздөгөн Ташкен декларациясына кол коюшту. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев декларациянын саясий маанисин белгилеп, буга чейин солгундап калган өз ара карым-катнашты калыбына келтирген соңку чечимдер тарыхта каларын билдирди:
- Албетте ушул күндү кыргыздар менен өзбектер дайыма эңсеп келген. Мына ушул жакшы күндөргө эшик ачкан өзүңцүз болдуңуз, Шавкат Мироманович! Сиздин Бишкекке келген тарыхый сапарыңыз мына ушул заңгыраган улуу жолдун ачылышынын башаты болду. Кыргыз менен өзбек эли дайыма бир тууган болуп келген. Тарыхта, биз бирге болгон учурларда дайыма күчтүү болгонбуз. Эки элибиз биригип, учурунда Кокон хандыгын курган. Кокон хандыгы ээлик кылган жерлер бул эки өлкөнүн гана эмес, азыркы Казакстандын жана Тажикстандын дагы аймактарын ичине камтыган. Биздин күчүбуз достукта жана биримдикте болушу керек.
Мындан сырткары аскердик кызматташуу, мамлекеттик чек ара райондорундагы өз ара ишенимди бекемдөө чаралары, аба кыймылдарын тейлөө боюнча жоопкерчиликти алуу жана электр энергиясынын алды-саттысы боюнча кошумча макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда тараптардын өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум кабыл алынды.