Линктер

жума, 20-апрель, 2018 Бишкек убактысы 14:54

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков эки өлкөнүн алака-катышы боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сиз буга чейин "кыргыз-өзбек алакасы жаңы нукка түштү" деп билдирдиңиз эле. Узап бараткан 2017-жыл кыргыз-өзбек алака-катышы үчүн коомчулук, карапайым эл күткөн үзүрлүү жылдан болду окшойт. Эң башкы жетишкендик деп сиз эмнелерди атайт элеңиз?

Данияр Сыдыков: Бул жыл эки мамлекеттин алака-катышы үчүн чынында эле тарыхый жылдардан болду. Эң башкы, негизги маселе - чек ара маселесинде жылыш болуп, чек аранын 85 пайызы макулдашылып, келишимге кол коюлушу - бул аябай чоң жетишкендик.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары ушул жылдын ичинде эле алты ирет жолукту. Бул зор нерсе. Диалог, тыгыз байланыштын натыйжасында кабыл алынган чечимдерге күбө болуп турабыз. Дипломат болуп иштегениме көп эле болду, бирок үч айдын ичинде эки өлкөнүн жетекчилери бири-бирине мамлекеттик сапар менен барганы эсимде жок.

Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 13-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 13-декабрь, 2017-жыл.

Жаңы президентибиз Сооронбай Шарипович биринчи расмий иш сапарын Өзбекстанда өткөргөнү да чоң саясий иш-чара болду. Ушул сапарлардын алкагында 42 документке, келишимдерге кол коюлду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилени дагы жакындатат. Эки тараптын Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча да бир ойго келгени, темир жол боюнча да Кытай, Кыргызстан менен Өзбекстан орток пикир табышканы - чоң жетишкендик.

"Азаттык": Темир жол боюнча Ташкентте жаңы эле үч тараптуу жолугушуу өттү. Анда долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү такталганы маалымдалды. Ушул тууралуу учкай айта кетесизби, кандай этап менен жүрөт, кийинки иш-чаралар кандай болот?

Данияр Сыдыков: 25-27-декабрда Ташкент шаарында үч тараптуу жолугушуу өттү. Кыргызстандын делегациясын транспорт жана жолдор мниистри Жамшитбек Калилов жетектеп барып келди. Үч тарап практикалык кадамдарга өттү, жолдун багытын аныктоо, каражат маселеси, техникалык-экономикалык негиздеме боюнча так мөөнөттөрдү коюшту, бир пикирге келишти. Чыныгы практикалык кадамдар эми баштала турган болду. Буюрса биз анын жыйынтыгына 2018-жылы күбө болобуз.

"Азаттык": Кыргызстан темир жол мүмкүн болушунча эл жашаган аймактарды көбүрөөк аралап өтө турган өз вариантын сунуш кылып келгени белгилүү. Бишкектин сунуштары эске алынабы?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Данияр Сыдыков: Ушул жерден баса белгилей кете турган жагдай - эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө Өзбекстан Кыргызстандын сунушун, Кыргызстандын позициясын толугу менен колдоп жатат. Биздин сунуштарыбыздын баарына колдоо көрсөтүп жатат. Биздин негизги максат - темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү. Бул сөзсүз түрдө соода-экономикалык абалыбызга, ички саясатыбызга, маданий-гуманитардык жакка да чоң салым кошот деп эсептеп, Кыргызстанды мүмкүн болушунча көбүрөөк аралай турган, региондорго көбүрөөк бара турган, негизи элге шарт түзүп бере турган вариантты сунуш кылып жатабыз. Ушул боюнча да пикир алмашуу болду. Чечимдерди азырынча толук айта албайм, иш жүрүп жатат. Эң башкысы - Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынып жатат.

"Чечимдер кагазда калбайт"

"Азаттык": Сентябрь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимге кол коюлду эле. Ошондон бери бул долбоорго байланыштуу кандай жылыштар болду?

Данияр Сыдыков: Бул боюнча да практикалык кадамдар ташталды. Сооронбай Шариповичтин биринчи расмий иш сапарынын алдында эки өлкөнүн жумушчу тобу түзүлүп, биринчи жолугушуусу болгон. Күн тартиби, биргелишип жасай турган кадамдар аныкталган. Чечим кагазда калбай, аны жүзөгө ашыруу аракеттери болуп жатат.

"Азаттык": Кыргыз коомчулугу Өзбекстан менен алака-катыштын оңолушун кубаттап жатканы белгилүү. Бирок ошол эле учурда айрым бир маселелер, мисалы, Орто-Токой суу сактагычын башкаруу, Ысык-Көлдө төрт пансионаттын кайра Ташкентке берилиши боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Парламентте суу сактагыч боюнча келишим каралып жатканда "документ чийки, башкаруу кимде экени так жазылган эмес" деген пикирлер да айтылды. Окурман, угармандарыбызга түшүнүктүү болушу үчүн, ушул жерден так маалымат бере кетесизби?

Данияр Сыдыков: Орто-Токой суу сактагычын 25 жылдан бери Өзбекстан колдонуп келген, алардын балансында турган. Ал суунун 90дон ашык пайызын колдонот. Жаңы келишим боюнча Өзбекстан суу сактагычты пайдаланганы үчүн каражат бөлүшү дагы каралат. Суу сактагыч өзүбүздүн балансыбызга өтөт, биздин укук коргоо органдарыбыз карайт. Негизи биздин кызыкчылыгыбыз толук эске алынды деп айтсам жаңылышпайм.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин өзгөрүп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар да. Ушул динамиканы колдоо максатында жана туристтик тармакка да жакшы пайда алып келе турган жакшы чечимдер болуп жатат. Төрт пансионатта иштегендердин 80 пайызы биздин жергиликтүү тургундар болот. Өзбекстанга пансионаттарга инвестиция салуу, үч-төрт жылдыздуу санаторий, мейманкана деңгээлине чейин көтөрүү боюнча талап коюлуп жатат. Негизинен жер ижарага гана берилип жатат.

Өзбекстанга өтчү пансионаттардын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

"Ташкент-Балыкчы поезди майдан тарта каттайт"

"Азаттык": "Жайында Ташкенттен Балыкчыга поезд каттай баштайт" деп маалымдалды эле. Бирок бул кийинки жылга калганы белгилүү болду. Себебин айтып бересизби?

Данияр Сыдыков: Биз туристтик тармакта биз чоң кадамдарды жасадык. Өзбекстанга Кыргызстандан эки жолу делегация барып, чоң эл аралык көргөзмөлөргө катышкан жана анда жакшы келишимдерге кол коюлган. Жалпысынан туроператорлор ортосунда 500дөн ашык, баасы алты миллион доллардын тегерегиндеги келишим түзүлгөн. Жыйынтыктарын көрүп жатабыз.

Өзбекстан аба жолдорунун Бишкек-Ташкент каттамында жүргөн учагы. Архивдик сүрөт.
Өзбекстан аба жолдорунун Бишкек-Ташкент каттамында жүргөн учагы. Архивдик сүрөт.

Июль айында Ташкент-Ысык-Көл аба каттамы ачылган жана эки айдын ичинде Өзбекстандын миңден ашык турист келди. Ушул каттамды эмдиги жылы да уюштуруу боюнча эки тарап макулдашкан. Сооронбай Шариповичтин расмий иш сапарынын алкагында Ташкенттен Ысык-Көлгө Бишкек аркылуу поезд жүргүзүү маселеси сүйлөшүлдү жана ишке аша турган болду. Эки тарап бир макулдашты. Кудай буюрса, май айынан баштап поезддер каттай баштайт. Бул биз үчүн дагы жакшы шарт болуп жатат.

"Азаттык": Соода-экономикалык алака-катыштын көрсөткүчү, экспорт-импорт тууралуу маалымат бере кетсизби?

Данияр Сыдыков: Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн деңгээли былтыр 150 миллион доллардын тегерегинде болгон. Быйыл болсо 260 миллион доллар деп эсепетеп жатабыз, эки эсе көбөйдү десек туура болот. Анан кийинки жылга соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 миллионго жеткирүү боюнча дымактуу пландарыбыз бар.

Бизден Өзбекстанга травертин, цемент, көмүр, бал, эт, сүт, картошка, пияз, сабиз, минералдык суу экспорттойбуз, ал кыйла көбөйүп жатат. Өзбекстандан болсо бизге айыл чарба техникасы келе баштады. 25-декабрда өзбек унааларынын көргөзмөсү өттү, унаалар да кире баштады, жер семирткич, бизге керектүү өндүрүмдөр кире баштады. Эки мамлекеттин ортосунда экспорт менен импортко эле эмес, Кыргызстанда заводдорду, цехтерди, биргелешкен ишканаларды ачууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Өзбекстандан Кыргызстанга инвестиция келери да жаңылык. Ошто, Кара-Балтада, Бишкекте да машина, автобус кураштыра турган заводдор ачылат, жумуш орундары түзүлөт.

"Аймактарда ынтымак дагы бекемдейт"

"Азаттык": Былтыр-быйыл эки өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан аймактардын ынтымагын бекемдөө боюнча иш-чаралар өттү эле. Бул саамалык келе жаткан жылы да уланабы? Дагы кандай саамалыктар болот, айта кетесизби?

Данияр Сыдыков: Эки мамлекеттин жанаша турган облустарынын кызматташтыгы башка деңгээлге көтөрүлдү деп айтсам жаңылышпайм. Жакшы укуктук база да түзүлгөн, керектүү меморандумдарга кол коюлган. Ош мамлекеттик университети менен Анжиян мамлекеттик университетинин ортосундагы келишим иштеп, кызматташтык бекемделип жатат. 2017-2019-жылдарга белгиленген "жол картасына" кол коюлган. Ошондой эле чектешкен облустардын ортосунда кеңеш да түзүлгөн, бул акимдердин, губернаторлордун кеңеши. Бул эки өлкөнүн өкмөт башчыларына караштуу болот. Ошондой эле Бишкек-Ташкент, Баткен-Фергана кызматташтыгы боюнча да келишимге кол коюлган. Бул биздин элибизге дагы чоң шарт болуп эсептелет. Азыр чек аралардан күн сайын 10-12 миң адам ары-бери каттай турган шарт түзүлдү. Буюрса, 2018-жылы буга чейин кол коюлган келишимдердин, кабыл алынган документтердин үзүрүн, жыйынтыгын толук көрө турган учур болот. Бул жактан пландарыбыз абдан чоң.

2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака-катыш башталганына 25 жыл толот. Буга байланыштуу да бир топ иш-чаралар болот. Маданий алака-катышты бекемдөөгө басым жасалат. Өзбекстанда Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрөбүз. Биздин белгилүү тарыхый инсаныбыз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы болот эмеспи, мааракелик иш-чараларды Өзбекстанда да өткөрүү пландары бар.

"Азаттык": Маегиңизге ырахмат, ийгилик каалайбыз.

Данияр Сыдыков: Сиздерге да рахмат. Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болуп, элибиздин досторкону дайыма жайылып турсун.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG