Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:27

Бишкек эки коңшунун кимисине ыктайт?


Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Казакстан менен мамилесин жандантууга кызыкдарлыгын билдирди. Нурсултан Назарбаев эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилени сактап, кийинки муунга таза бойдон өткөрүп берүү чоң милдет экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен Казакстанга барды.

Саясат талдоочулар Бишкек Борбор Азиядагы лидерлик жана эл аралык транзит үчүн тымызын атаандашууга өткөн Ташкент менен Астананын ортосундагы маанилүү борборго айланып баратканын белгилешүүдө.

Астананын "айкөлдүгү"

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп келген кыргыз делегациясы көтөргөн маселенин баарын чечүүгө даяр экенин билдирди.

Нурсултан Назарбаев эки мамлекет эгемендик алган 26 жылдан бери Кыргызстандын дарегине туура эмес сүйлөп, туура эмес кадам жасабаганын айтты.

Президент Нурсултан Назарбаев эл башчылары келип-кетерин, ал эми эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилени сактап, аны кийинки муунга ошол бойдон өткөрүп берүү чоң милдет экенин белгиледи:

Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.
Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.

- Өткөн эгемендик жылдарында өз ара карым-катышты өнүктүрүүгө байланыштуу 150 документке кол коюлган. Мындай документалдык база эч кимде жок чыгар. Казакстан бир да эл менен биздин эки элдин ортосундагыдай институционалдык мамиле күткөн жок. Кыргызстан менен гана ошондой документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Ошондуктан жагдайды жеңилдетип, эки элдин ортосундагы маселелерди чечип, келечекке карай багыт алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мен буга толук даярмын.

"Бир туугандарча сүйлөшүү"

Ошол эле учурда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу сүйлөшүүлөр жемиштүү өткөнүн айтып, Кыргызстан Казакстан менен мамилени чыңдап, аны мындан ары да тереңдетүүгө кызыкчылыгы бар экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки ортодо пайда болгон маселелер жөнгө салынып жатканын белгиледи:

Сооронбай Жээнбеков. 25-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. 25-декабрь, 2017-жыл.

- Көп маселелер бар эле. Алар боюнча биз абдан терең сүйлөштүк. "Маселелерди бир тууганча отуруп чечели" деп сиз дагы абдан жакшы айтыңыз. Бул жерде биздин тар чөйрөдөгү жолугушуу эки тараптуу сүйлөшүүдөй эмес эле, жумушчу кеңешмедей эле болду. Сиз отуруп, бир тууганча маселелерди чечтиңиз. Анан эми биз тараптан дагы достугубузду жана бир тууганчылыгыбызды мындан ары дагы бекемдегенге максималдуу аракеттер жасалат.

Жолугушууда бул расмий сапар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамиленин түптөлгөнүнө 25 жыл, "Түбөлүк достук жөнүндө" келишимге 20 жыл толгон учурга туура келгени белгиленди. Айрым саясат талдоочулар бул расмий сапар соңку мезгилдеги Бишкек менен Астананын солгундаган мамилесин жандантууга өбөлгө түзөрүн айтышса, кээ бирлери чоң өзгөрүү болоруна анчейин ишенишпейт.

Мамиленин артындагы "кызганыч"

Саясат таануучу Марс Сариев Бишкек кийинки убакта Ташкент менен Астананын аймактагы лидерлик үчүн тымызын атаандашуусунун "борборуна" айлана баштаганын белгиледи:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу мамилеси бир топ жылып жатпайбы. Анткени Ташкентке Кыргызстан менен жакшы мамиле түзүп алып, Кытайга чыгып, эл аралык карым-катнашын кеңейтиш үчүн транспорттук "коридор" керек. Ошол үчүн ал Кыргызстан менен болгон көп маселелерди чечип, бир топ жакын болуп жатат. Кыргызстандын Ташкентке мүмкүнчүлүк бериши жана анын натыйжасында Өзбекстандын таасири артышы анын аймактагы лидерлигин чыңдайт. Мындай жагдай албетте, Казакстанга жакпайт. Ошол үчүн Бишкектин Ташкент менен азыркы мамилесине Астана жакшы көз менен карабайт. Анткени Кыргызстандын Өзбекстан менен жылуу мамилеси Казакстандын аймактагы лидерлигинин азайышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Талашка түшкөн эл аралык транзит

Ошол эле кезде талдоочулар расмий Астана Кытайдан Борбор Азия аркылуу өтчү жүктүн эл аралык транзити үчүн атаандашып жатканын байкашкан. Казакстан Кыргызстан менен чек арага чектөө киргизген учурда Ташкент Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгуу менен эл аралык транзитти калыбына келтирүүгө аракет кылууга үлгүргөн.

Буга байланыштуу Өзбекстан менен Кыргызстан жакында эле Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар эл аралык автожол каттамын кайрадан ачып, аны жандантуу боюнча макулдашууга кол коюшканы белгилүү. Логистика боюнча эксперт жана экономист Абай Алымкулов бул жагдайга төмөндөгүчө мүнөздөмө берди:

Абай Алымкулов.
Абай Алымкулов.

- Мисалы Кытай үчүн 18 миллиондук рыногу бар Казакстан аркылуу эмес, 32 миллиондук рыногу бар Өзбекстандын аймагы аркылуу жүктөрүн алып өтүү пайдалуу. Андан ары Түркмөнстанга, Кавказга жана андан ары карай Орто Чыгышка чыгууга мүмкүнчүлүк ачылып жатпайбы. Казакстан кечээгиде чек арасын жаба коюп, бизден мурун өзүнүн беделине шек келтирип алды. Анткени ал Кыргызстан менен чек араны жаап коюп, Кытайдан биз аркылуу өтчү эл аралык жүктүн агымын өзүнө бурууну ойлогон. Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Кытайдын портторунан миллиондогон контейнер жүк континентке келип, андан биз аркылуу нары таралышы керек. Казакстандын чек араны бууй койгон "өнөрүн" көргөндөн кийин Кытай тарабы дагы азыр биздин чек ара өткөрмөлөрдөн кирип, Өзбекстан аркылуу жүк ташып чыгаруунун альтернативалуу жолдорун ойлонуп жатканы белгилүү. Анткени жүк ташуучулар үчүн Кытайдан Казакстан аркылуу товарларын алып өтүүгө караганда, Кыргызстан аркылуу алып өтүү бир топ ыңгайлуу. Анткени биздин жер тогуз жолдун тоому болуп, аралыкты 956 чакырымга кыскартат жана ири рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк ачып бере алат.

Ошол эле кезде Астанадагы расмий иш сапарынын алкагында мамлекет башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимге кол коюшуп, андан соң биргелешкен билдирүү жасашты. Ошондой эле эки тараптын өкмөттөрү тарабынан өз ара катнашты жөнгө салуу тартибин караган мамлекеттик чек ара режими тууралуу макулдашуу бекитилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG